Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу иштелип чыкты

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу иштелип чыкты

Бүгүн 3-декабрь Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнү. Ал 1992-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган.

Акыркы учурда, массалык маалымат каражаттар, журналисттер тарабынан майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди колдонуу маселеси көп көтөрүлүп жатат.

“АРДИ” майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин бейөкмөт уюмунун юристи жана программанын менеджери Сейнеп Дыйканбаеванын айтымында, майыптык темасы көп учурда ЖМКларда боор оорутуп, чагылдырылат –“Материалдар трагедиялуу, музыкасы андан бетер кайгылуу, колдонулган сөздөрү болсо: “Бул сыноо”. Мындай чагылдыруу туура эмес. Тескерисинче, каармандар ар дайым кубанып, аларда кайгы-капа болбошу керек. Майыптыгы бар адамга бардык адамзатка тиешелүү нерселер жат эмес. Майыптыгы бар адамдар, майыптыгы жок адамдар сыяктуу эле, ар кандай болушат, ар кандай кырдаалды баштан кечирип, жакшы маанайда да, жаман маанайда да болушат. Айрымдары өз жөндөмүнө ишенсе, кээ бири өз күчүнө ишенбейт. Алардын арасында таланттуу, жигердүү, токтоо, таптакыр бири-бирине окшобогон инсандар кездешет. Ошондуктан, майыптыгы бар адамдарга баа берээрде ушул нюанстардын бардыгын эске алуу керек. Жер жүзүндөгү бардык адамдар жашоонун жакшы да, кыйын да учурларын башынан өткөрүшөт, болгону коомдогу тоскоолдуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишинен улам, майыптыгы бар адамдар үчүн бул кыйынчылыктар жөнөкөй адамдарга караганда эки эсе оор келет, ошондуктан аларды жоюу маанилүү“.

Буга байланыштуу майыптык темасын чагылдыруу үчүн онлайн режиминде окуу модулу иштелип чыккан. Онлайн окуу модулу терс стереотиптерди жоюуга, майыптыгы бар адамдарга карата коомдук пикирди өзгөртүүгө, физикалык, маалыматтык, социалдык жана психологиялык тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле бардык адамдар бирдей жана ар бир адамдын укугу сакталган инклюзивдик коомду түзүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан.

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан. Модуль БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын принциптеринин негизинде түзүлгөн. Курсту түзүүгө үчүн 2018-жылы жүргүзүлгөн “Майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди изилдөө” ишинин натыйжалары дагы колдонулду.

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу 5 сабактан турат жана болжол менен 3-4 саатка эсептелген. Ар бир бөлүмдүн аягында алдын-ала тестирлөө сунушталат. Бардык 5 сабакты бүткөндөн кийин, сизден акыркы тестти тапшыруу талап кылынат. Тесттин жыйынтыгында, “Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Тренингди бул шилтеме аркылуу өтсө болот: https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ky/home/presscenter/articles/2020/11/training-4-journalists.html?fbclid=IwAR1y5e1387Ww9WK2jecWm89DHSLxO137dWfxNafD7aAuAEyB9O4wNwl-gn8

Окуу модулу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

Окшош посттор