Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

КТРКнын сабалган журналисттери соттук ишти аягына чыгаруу ниетинде

КТРКнын сабалган журналисттери соттук ишти аягына чыгаруу ниетинде

7-январда ур-токмокко алынган Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) журналисттери Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулова учурда дарыланууда. Дарыгерлер аларга бул дарылоо мөөнөтүн дагы улантууну сунушташты.

 Эске сала кетсек, 2013-жылдын 7-январында “Ата-Түрк” паркындагы А.Малдыбаев көчөсүндөгү №16 үйдүн жанында турган адам журналисттерге кол көтөрүп, микрофонду экиге бөлүп, сындырып салган. КТРКнын кабарчылары “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери менен электр энергиясын колдонуу режимин текшерүү боюнча рейдге чыгышкан.

Журналисттердин сабалышы боюнча иш президент А.Атамбаевдин көзөмөлүнө алып, бул факт боюнча кыска мөөнөттө изилдөө иштерин жүргүзүүнү президент укук коргоо органдарына тапшырган.

Учурда, аларга кол көтөргөн деген шектеги Айдин Кулбаев убактылуу кармоо жайына эки айлык мөөнөткө отургузулду.

Бурулай Пусурманкулованын айтымында, анын өзүнө жана ата-энесине сүйлөшөлү деген телефон чалуулар болгон. Бирок журналист бул ишти сотто аягына чыгарууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Акыркы мезгилде журналисттер кесиптик ишине байланыштуу жабырланып, бирок, аларга кол салгандардан жазасын алгандар дээрлик жок болууда. Өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу арбыган пикет, митингдерде да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жабыр тартып, кур дегенде көтөрүп жүргөн техникасына зыян келген фактыларды чекесинен келтирсе болот.

Күнөөлүүлөр жазасыз калып жаткандыгы журналист журтчулугуна кол көтөрө берсе болот экен деген пикирди жаратып, ансыз да тобокел кесиптердин бири болгон аларды кооптуулугуна доо кетирүүдө. Бул сапар да ушундай көрүнүш кайталанбайбы, тергөө иштери кандай жүрөт, сот адилеттүү чечим чыгарабы деген суроолор жаралат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтты. “Журналист кыздарга кол Айдин Кулбаевге иш козголгон, СИЗОго эки айга отургузулуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтөбүз. Акыркы чечимди сот кабыл алат”,-деди Б.Сейитов.

Ал эми медиа акыйкатчы Акмат Алагушов башкысы журналисттерге кол көтөргөн адам табылгандыгын, эми тергөө, сот мыйзам чегинде карап берсе болду деген пикирин билдирди. “Бул ишти президент көзөмөлгө албаса, менин оюмча башкача болмок. Мамлекет башчысы көзөмөлгө алды, ошону үчүн иш тез козголуп, айыпталуучу камакта. Эң башкысы жабырлангуучу арыз жазып, аягына чейин тургандан кийин, укук коргоо органдары, тергөө, сот сөзсүз мыйзам чегинде эле карап берсе болду. Ошондо кандайдыр бир жыйынтык болот. Бул иштин эмне менен бүтөөрү журналисттердин ой-пикирлерине жараша. Кийин кандай болот, кечиреби, кечирбейби кыздар өздөрү билишет”, – дейт медиа акыйкатчы.

Бул окуянын жыйынтыгы кыргыз коомчулугундагы журналисттерге болгон мамилеге багыт бериши мүмкүн деген оюн “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирет. Анын пикиринде, эгерде тааныш-билиштик менен сот иши аягына чейин чыкпай, журналисттерди урган адам жазасын албаса, ЖМК өкүлдөрүнө кол салуу дагы арбып, алардын коопсуздук маселеси курчушу толук мүмкүн.

“Бул жерде же тааныштык, акча, кыргызчылык, же мыйзамдуулук жеңет деген маселе турат”,- дейт М.Токоев.

Окшош посттор