Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот Матраимовдор жөнүндө материалдарды жарыялоого тыюу салууну колдогон жок

Сот Матраимовдор жөнүндө материалдарды жарыялоого тыюу салууну колдогон жок

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн негизги доо арызы Свердлов райондук сотунда каралууда жана кезектеги жыйын 3-февралга белгиленген болчу.

Ошондой эле, Сверлов райондук соту доогер тараптын журналисттерге Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого тыюу салуу жөнүндө келтирген өтүнүчүн четке какты.

«Өтүнүчтү доогер тараптын өкүлдөрү келтирген – анда алар чындыкка дал келбейт деп эсептеген маалыматтар негизги иш сотто каралмайынча таратылбай турушу керектиги айтылган. Сот муну четке какты жана тиешелүү аныктама чыгарды, эми алар ошол аныктамага Бишкек шаардык сотуна арызданышты. Иш качан каралары белгисиз, процесс созулуп кетти. Себеби, ушул арыздар каралып бүтмөйүнчө негизги иш каралбайт», – деп түшүндүрдү «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргогон юрист Акмат Алагушев.

Райымбек Матраимовдун ысмы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн КР бажы органдарындагы коррупциялык схемалар жөнүндө журналисттик иликтөөлөрдө аталган.

Ушул макаланын жарыяланышына байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Исмаил Матраимов атындагы фонд «ар намысты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө» доо арыз менен «Азаттык» радиосуна, «Kloop» жана «24.kg» басылмаларына, ошондой эле, журналист Али Токтакуновго жалпы 60 млн сомдук доо коюп, сотко кайрылышкан. Кийин доогер тарап 24.kg басылмасына карата доосун чакыртып алган.

2020-жылы октябрда Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды иликтөө жөнүндө иштин алкагында кармалган. Бирок ошол эле күнү сот анын мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даярдыгы үчүн эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон. Райымбек Матраимов 2020-жылдын соңуна чейин 1 млрд 400 млн сомду акчалай, кыймылсыз мүлк катары 600 млн сомдук бир соода борборун жана тогуз батирди мамлекеттин пайдасына өткөрүп берген.

2020-жылдын 9-декабрында АКШ Райымбек Матраимовду Магнитскийдин глобалдык тизмесине киргизгени маалым болгон. Сакцияларга анын жубайы Уулкан Тургунова дагы камтылган. Андан соң алар фамилиясын алмаштырганы белгилүү болду. Ал маалымат боюнча, Райымбек Матраимов – Исмаилов, ал эми аялы Уулкан Тургунова – Сулайманова болуп фамилиясын өзгөрткөн.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор