«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы берүүлөрдү алып көрсөтүү боюнча «Азаттык Медиа» менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу негизде жокко чыгарды.
«Биз 2021-жылга топтомду жаңылайбыз жана жаңы программаларды киргизебиз. Эң негизгиси – прайм-таймга биз өзүбүздүн жаңы котормолорду коебуз. Азыр көрүүчүлөрдө котормого талап жакшы. Алар биздин көрсөтүүлөрдү көрүп жатышканын, бирок өтө кеч чыгаарын айтышты. Бизге тайм-праймды котормо контент үчүн бошотуу зарыл болду. Ошол үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Биз «Азаттык» менен абдан жакшы иштештик, радионун жетекчилигине жана жамаатына ыраазылык билдиребиз», – деди телекомпаниянын директору Эрлан Догдурбеков.
Ал прайм-таймда кыргыз тилине которулган түрк, жапон мультфильмдери жана тарбиялык мүнөздөгү фильмдер көрсөтүлөөрүн тактады.
Э.Догдурбеков «Азаттык» менен түзүлгөн лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушу боюнча токтотулуп жатканын билдирди. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылдын алдында берген. ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылы ноябрда түзүлгөн жана анын курамына телекомпаниянын кызматкерлери да кирет.
«ЭлТР» жетекчисинин айтымында, «Азаттык» менен келишимди токтотуу жөнүндө чечим 2021-жылдын 5-февралында күчүнө кирет. Э.Догдурбеков белгилегендей, макулдашууга ылайык эки тарап тең келишимди үзүү укугуна ээ жана бул тууралуу бир ай эрте билдирүүгө тийиш.
Белгилей кетсек, «ЭлТР» 2020-жылы шайлоолор, коронавирус курмандыктары, саясий фейктер жана Кыргызстандын Кытайга карызы жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүүдөн бир беткей чагылдырууга шылтоолоп, бир нече жолу баш тарткан. «Азаттык» теле берүүлөрдү даярдап чыгарууда дайыма бейтараптык эрежесин кармана турганын билдирип, «ЭлТР» телекомпаниясынын дооматтарына макул болгон эмес.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү