Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Чыр-чатакты өтө кылдат чагылдыруу керек

Чыр-чатакты өтө кылдат чагылдыруу керек

Бишкекте  өткөн «Чыр-чатактардын алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу» деп аталган тегерек стол жыйынында бул жагдайда бир катар пикирлер айтылды. Дегеле азыр бул вазийпаны ЖМКлар кантип аткарып жаткандыгы, журналисттер  кылдаттыкты талап кылган мындай теманы жаңылышпай чагылдыр алышабы деген нерсе учурда өтө маанилүү.
Бул жагдайда КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык бөлүмү медиа-адистердин пикирин жазып алган.

Игорь Шестаков, Region.kg аналитикалык сайтынын башкы редактору:
”Конфликтология мектебин ачуу керек”
Чыр-чатактуу окуяны жоюудагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун талкуулоо үчүн коомдук саясат институтутуна чогулган медиа-эксперттер, эгер ата мекендик журналисттер конфликтүү абалды чагылдырганды билбесе, аны жоюу тууралуу кеп козгоо эрте экендигин белгилейт. Журналист Игорь Шестаков конфликтология мектебин ачуу керек дейт.
“Журналисттер, саясатчылар жана жалпы коом иш алып бара турган жагдайлар бар. Айрым учурларда кээ бир ЖМКлар этиканы унутуп калышат. Алардын маалыматтары кээде короого жазылган сөздөрдөн айрымаланбайт. Же болбосо объективдүү баа бере албаган экспертти таап алышат. Чек жок, ошол себептен улуттарды араздаштырууга багытталган материалдарды көрүү мүмкүн. Демократия дей бербей, бийлик мындай авторлорду көз жаздымда калтырбашы керек”,-деген пикирин айткан И.Шестаков.

Илим Карыпбеков, медиа-эксперт, КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү:
“ЖМК чыр-чатактуу окуяларды кандай чагылдырууну билбейт”
Эң башкысы, июнь окуясы журналисттер конфликтти жаратып, аны күчөтүүгө да дарамети жетээрин көрсөттү. Муну баса белгилеген медиа-эксперт Илим Карыпбеков ата мекендик журналисттердин чыр-чатактуу окуяларды чагылдыруудагы тажрыйбасын көтөрүү керектигин айтат. Анын билдирүүсүндө, бүгүнкү күндө көпчүлүк ЖМКлар өзүн-өзү эптеп каржылоо менен гана алек.
“Июнь окуясынан да биз сабак алган жокпуз. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары чыр-чатактуу окуяларды кандай чагылдырууну билбейт. Журналисттер мындай учурда окуяга басым жасабай, коомчулуктун пикирин башка жакка бура турган ыкмаларды колдонгонду билиши керек. Кантип чагылдырууну үйрөтүш керек. Эл аралык эксперттерди чакырып, семинарларды өткөрүү зарыл. Бул албетте, каражатты талап кылат”,-дейт И.Карыпбеков.
Бүгүнкү күндө өлкөдө ЖМКлардын 70 пайызы партияларга таандык. Бул да кооптондуруучу жагдай. Анткени аймактык, улуттар аралык бөлүнүү маселелеринде журналисттер дал ошол саясатчылардын сөзүнө таянышат,-дешет медиа-эксперттер.

Окшош посттор