Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КРнын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия Ньюс” гезитине карата доо арыз менен сотко кайрылып, 5 млн сом доо өндүрүүнү талап кылууда

КРнын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия Ньюс” гезитине карата доо арыз менен сотко кайрылып, 5 млн сом доо өндүрүүнү талап кылууда

Ики иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия-Ньюс” гезитин анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтиргендиги үчүн сотко берди. Бишкек шаардык Октябрь райондук соту бул иш боюнча алгачкы сот отурумун өткөрдү. Анын жыйынтыгында, гезиттин кызматкерлери макала менен анда камтылган фото сүрөткө түшүндүрмө берүү чечими чыгарылган. Бул иш боюнча кийинки сот отуруму 1 августка жылдырылды.

Министрдин жактоочусу Динара Аширалиева ЖМКга карата доо арыздын берилиши “маалыматтын такталбагандыгы жана коллаж” жана сотко кайрылуунун дагы бир себеби министрликтеги кадрдык маселелер камтылган маалыматтар себеп болгондугун билдирген.

«ЖМК тууралу мыйзамда, жарыяланган маалыматтардын тактыгына редакторлор жоопту деп жазылган. Маселе 5 млн сомдо эмес. Журналисттер этиканы сактоо керек жана ар бир фактыны текшерип, тактап анан берүүлөрү зарыл. Бул алардын мидетине кирет», – деп баса белгиледи Динара Аширалиева.

“Азия-Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев кесиптештерине, ага карата ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана ИИМдин 7-бөлүмүнүн начальниги Бакыт Матмусаев доо арыз менен сотко кайрылышканын кабарлаган.

“Джунушалиев сотторду, тыңшоо менен алектенишкен 7-бөлүм менен коркутуп жатат. Биз “Кашкар-келемиш?” деген суроо камтылган коллаж жасаганбыз. Бул деген, түздөн-туз аны айыптоо мес, суроо иретинде берилген”, – деп баса бегиледи А. Сартбаев.

Өз сөзүндө ал ошондой эле коллаж Матмусаев тууралу дагы жеке ишкерлер менен чиновктерди дагы аңдыйбы деген суроо менен жасалганын кошумчалады.

“Мен аларды күнөөлөгөн эмесмин. Эгерде алар кааласа, жооп беришмек. Бизде алардын кимдир бирөөлөрдүн артынан аңдыгандарынын далилдери бар. Аларды мен сотто гана ачыктай алам. Генерал Өмүрбек Суваналиев бул боюнча сотто өз көрсөтмөсүн берүүгө даяр. Бир кезде анын аркасынан дагы аңдышкан экен”, – деп белгиледи А. Сартбаев.

Белгилей кетүүчү жагдай, милиция жетекчиликтери мурда да “Азия-Ньюс” гезитине карата доо арыздарын беришкен. Буга чейин ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да бул гезит менен соттошуп, андан 10 миллион сом доо өндүрүүнү талап кылган. Бирок ал кийинчирээк доо арызын кайра кайтарып алган.

2018-жылдын күз айларында аталган гезит парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун 1 миллиондук доо арызынан утулуп калышкан. Бирок кийинчирээк арыз ээси ал акчаны өндүрүүдөн баш тарткан.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор