Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сайты жок ЖМКларга сайт ачып беребиз

Сайты жок ЖМКларга сайт ачып беребиз

Учурда “Журналисттер” коомдук бирикмеси “ЖМКларга колдоо көрсөтүү” коомдук фондусу менен биргеликте Кыргызстандык ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында сайты жок ЖМКларга сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча окутууларды жүргүзүүдө.

Каалоо билдирген ЖМКларга алардын сайты бекер жасалып берилип, кызматкерлери сайт жана социалдык тармактар менен иштөө жолдоруна үйрөтүлөт.

Мындай окутуулар Ош жана Каракол шаарларында өткөрүлүп бир катар ЖМКлардын сайттары учурда жасалып жатат.

Бишкектик ЖМКлар үчүн окутуу 29-30 ноябрда “Кабар” МАнын биринчи кабатында жайгашкан “Журналистика мектебинде” өтөт.

Окутуунун соңунда ЖМКнын жасала турган сайты боюнча техникалык тапшырманы толтуруу жолу түшүндүрүлөт. Аталган тапшырма боюнча ар-бир ЖМКга сайт жасалат.

Өз сайтына ээ болгусу келген ЖМКлар:
– программага катышууга кызыгуу катын;
– сайтка жооптуу боло турган адамдын аты-жөнүн

төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүшү керек: journalist.kg@gmail.com же tokoevm@gmail.com.

Билдирүүнү кабыл алуунун акыркы күнү 27-ноябрь, саат 13:00.

Окшош посттор