Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Медиа: соттошуулар арааны

Медиа: соттошуулар арааны

Кыргызстандагы маалымат каражаттары менен саясатчылардын соттошуулары күч алды. Бул басма сөз эркиндигин ооздуктоо аракетиби же саясатчылар медиа чабуулдан коргонуп жатышабы?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна медиа өкүл Акмат Алагушев, адвокат Таалайгүл Токтакунова жана “Алиби” гезитинин редакторунун орун басары Болот Таштаналиев катышты.

“Азаттык”: Чынында эле маалымат каражаттары менен соттошуунун арааны жүрүп жаткан кез. Соттук териштирүүлөрдүн эсеби барбы? Канча гезитке каршы арыз берилди?

Акмат Алагушев: Негизи статистиканы бизден көп эле сурашат. Чынын айтканда баары эле Жарандык кодекстин 18-беренеси жалпыга маалымдоо каражаттарынын баарына, журналисттерге тиешелүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ар кандай тараптар – кошуна кошуна менен соттошот экен, иш боюнча соттошуулар болот экен. Биз сотко кайрылсак, алар деле бөлө албай коюшту. Булардын статистикасында деле бардык иштер ушул бир берене менен кеткендиктен бөлө алышпайт экен.

Биз көп учурда, 99 пайыз жоопкер болуп, медиа өкүл катары жүргөндүктөн, сотко катышкандыктан, биздин эсеп боюнча гезиттерге быйыл июлга чейин 19 арыз түштү. Анан ошол 19 иштин бардыгы Бишкек шаарында каралган. Соттук териштирүүлөрдүн 99 пайызында жалпыга маалымдоо каражаттары жоопко тартылып калууда.

Балбак Түлөбаев (угарман): Мен “Айат-Пресс” гезитинин баш редакторумун. Медиа өкүлгө рахмат айтам. Бизди сотто коргоп, утуп берди.

Экинчиден, коомчулукка белгилүү болгондой, биздеги белгилүү бир материал боюнча Феликс Кулов бизди сотко берүү ниетин билдирген. Паспорт маселеси боюнча болчу. Биз өз ара түшүнүшүп, ал киши бизди сотко бербей калды. Андан кийин Камчыбек Ташиевдин командасынан анын жардамчысы Айша аттуу кыз бизди сотко берген. Массалык маалымат каражаты жөнүндөгү мыйзамдын 17-беренесине ылайык мен Ташиевдин жардамчысына өзүм телефон чалып, кечирим сурадым.

Редактор Жылдыз Мусабекова Бабанов (прремьер-министр) менен чет өлкөдө (Катарда) жүргөндө, мен Ысык-Көлдө кызмат сапарда жүргөн убакта туура эмес материал чыгып кеткен деп айтканбыз. Ошол эле убакта гезит аркылуу, Фейсбукта да болгон кечиримди сураганбызга карабай Ташиевдин башкы кеңешчиси сотко берүүсүн улантып атат. Мыйзам боюнча баарын аткаргандан кийин биз муну оппозициянын лидери Ташиев тарабынан ага байланыштуу “Айат” гезитине кандайдыр бир жакшы материал береби деген саясий басым катары баалап атабыз.

“Азаттык”: Чындыгында аттуу-баштуу инсандар, анын ичинде Жогорку Кеңештин  сиз айткан депутаттарынан тышкары Ирина Карамушкина,Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктуу депутаттар азыр маалымат каражаттары менен соттошуп атышат. Бир жагынан саясатчылардын жапырт кайрылышы өнөктүк сымал каралууда. Экинчи жагынан алар өздөрүнүн жүйөлөрүн келтирип жатышат. Кандай дейсиздер, маалымат каражаттары ушуга өздөрү жол берип коюп жаткан жокпу? Таалайгүл айым, сиз, депутат Текебаевдин адвокаты катары кандай дейсиз? Мисалы, саясатчы маалымат каражаттарына каршы эң эле көп арыз бергендерден деп атышат.

Таалайгүл Токтакунова: Биринчиден, ар бир адамдын укугу бар. Ошондуктан депутаттар же жөнөкөй адамдар деп бөлбөш керек. Конституциялык укугун пайдаланып жаткан адамды саясатка айландыруу туура эмес.

“Азаттык”: Негизи Текебаев кандай негиздерге таянып берди? Сүйлөшүү жолдору аркылуу чечүүгө мүмкүн болгон жокпу?

Таалайгүл Токтакунова: Сүйлөшүү жолу менен да чечилип жатат. Сүйлөшүү жолунда чечилбей калгандар сотко барып жатат. Мисалга “Фабула” гезитин келтирсек болот. Гезит Пирматовдун сөзүн туура эмес жазганын мойнуна алып, келишим түзүп, ага ылайык сот ишти токтоткон.

“Азаттык”: Депутат Текебаев даттанып, сотко кайрылган гезиттердин бири “Алиби” экен. Болот мырза, айтсаңыз редакция дооматты кандай кабылдап атат?

Болот Таштаналиев: Өткөн тарыхка кайрылып, айта кетишим керек, “Алиби” гезитинин түзүлгөнүнө беш жыл болот. Ушул беш жылды карасак дээрлик акыркы кезге чейин Текебаевдин дарегине эч кандай сын айткан эмеспиз. Тескерисинче, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Текебаевди колдоп, коргоп, мындайча айтканда анын саясатын элге жеткирип келгенбиз. Эми акыркы кездерде бирин-экин сын материал кетип калды. Эми өзүнүн кадыр-баркына шек келтирип атат десе, ал өзүнүн адам катары, саясатчы катары укугу. Бирок мен сотко бергенге эч кандай деле негиз жок болчу деп айтаар элем.

Маалымат булагы: “Азаттык” радиосу

Окшош посттор