Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз ЖМКлары жана этикалык нормалар

“Медиа Консалт” уюму жакында 16 кыргызстандык гезиттерди (12 — кыргыз тилинде, 4 — орус тилинде) жана 10 интернет-басылмаларды (7 биздин өлкөдө, 3 чет жерде жайгашкан ) 3 ай серепке алышып, этикалык стандарттардын сакталышына байкоо жүргүзүптүр. Анын жыйынтыктарын анализдеп, тыянак чыгарышыптыр.

ММКлар журналистиканын базалык принциптерин жана сапаттык жана этикалык стандарттарын бузуп, тигил бул саясий топтордун, чырдашкан тараптардын  таламын талашып жатканын жана саясий окуяларды, кылмыш хроникасын, үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды чагылдырууда кесиптик даярдыгы чабал экенин көрсөттү.

Этникалык тематиканы чагылдырууда улуттарды басмырлоого жол берилген учурлар болууда. Фактылар жана далилдерге таянбастан туруп эле божомол-жоромолдор менен улут аралык касташуу сезимин козуткан материалдар чыгып кетүүдө. Маалыматты тактап, бышыктап берүү, бейтарап жана тең салмак чагылдыруу эрежелери фокустук топко кирген газеталардын көбүндө сакталбайт. Журналистиканын сапаттык стандарттарын бузуу жаман салтка айланды. Мындай кемчиликтер фокустук ММКлардын ар бир санында кездешет. Чыр-чатактарды чагылдырууда ММКларда бардык тараптын пикирин эске алуу,  бир жакка жан тартпоо эрежелери дайыма эле сактала бербейт“, — деп айтылат тыянактагы резюмеде.

Бул айтылган нерселердин көбүн өзүбүз деле жакшы билебиз дечи. Кыргыз журналистикасынын учурдагы абалына жаны ачыгандар бул тууралуу ачык да ачуу жазып турушат. Мисалы Үсөн Касыбеков агайыбыз өз блогунда. Бирок жогоруда аталган байкоо боюнча тыянактын маанилүү жагы: Эмне үчүн кыргыз ЖМКлары ушундай иштеп жатышат деген суроого жооп табууга аракет кылынганы. Көптөгөн мисалдардын, фактылардын негизинде.

Отчет менен кеңири таанышкысы келгендерге:

ММКларга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшү боюнча отчет (кыргызча)

Промежуточный отчет по результатам мониторинга и контент-анализа (на русском)

Марат Токоев

Окшош посттор