Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Бүбүкан Досалиева: Журналист үчүн ар бир күн экзамен же сыноо

Бүбүкан Досалиева: Журналист үчүн ар бир күн экзамен же сыноо

Бүбүкан Досалиева – белгилүү журналист. Саясый илимдердин кандидаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси. 1985-1993-ж.ж. Мамлекеттик радио-теледе жаштар программасын жетектеген жана социалдык-экономикалык программалар боюнча шеф-редактор болуп эмгектенген. 1993-1996-ж.ж. Улуттук университетте мугалим жана телерадиожурналистика кафедрасын жетектеген.

1995- 2005-ж.ж. Бишкектеги Эркин Европа өкүлчүлүгүнүн «Свобода» радиосунда кабарчы; 2005-2010-ж.ж. «Азаттык» медиасында менеджер жана продюсерлик милдеттерди аркалаган. 2010-жылдан тарта КР Президентинин алдындагы мамсыйлыктар комитетинин жооптуу секретары болуп эмгектенген.

– Учурдагы кыргыз журналистикасынын күңгөй-тескейине кандай мүнөздөмө берер элеңиз?

– Кыргыз журналистикасы өнүгүү жолунда, демек, там-туң баскан баладай шар шилтеген кадамына караганда жыгылганы көп. Жыгылганы эмнеден? Эң биринчиден, жоопкерчилик жоктугунан. Журналистиканын теориясында социалдык жоопкерчилик деген түшүнүк бар. Ал ЖМК же журналист коомго тараткан маалыматы саясый-экономикалык, социалдык, моралдык, психологиялык жана башка кесепеттер менен пайдалар үчүн жоопкерчилик тартат дегенди билдирет.  Бул жерде юридикалык жак катары ЖМК ээлеринин жана журналисттин жеке жоопкерчилиги жөнүндө сөз болууда. Тилекке каршы, кыргыз журналистикасында мындай жоопкерчилик боюнча ойлонгон ЖМК да, журналист да аз болуп атат. Жоопкерчиликтен мурун алына турган материалдык пайданы биринчи планга коюшууда. Бул бара-бара, балким жакынкы 5-6 жыл ичинде мазмуну, жасалгасы жагынан бири-бирине коёндой окшош азыркы ондогон гезиттердин күнүн эрте бүтүрөт. Себеби алардын окуй турган кардары жоголот.

– Өзүңүз көп жылдан бери журналисттерди окутуп, иш жүзүндө да чыгармачылык тажрыйбаңызды үйрөтүп келесиз. А чынында соңку муундагы журналисттер арасында көпчүлүгүнүн кесиптик даярдыгы төмөн экенин айткан редакторлор арбын, себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Дагы кайталайм, эң башкы себеби – жоопкерчиликтин жоктугу. Журналист – коомдун күзгүсү. Ал коомдо эмне болуп жатканын так, таамай чагылдырып, күзгүнүн сыртында калган нерселерди да байкап, болгон окуяларды гана эмес, боло турган, жарала турган жагдайларды да коомго кабарлап турууга милдеттүү. Ал үчүн журналист коомдун башка мүчөлөрү, керек болсо мамлекет башчылары элес албаган жагдайларды, көрүнүштөрдү байкап, коңгуроо кагып турууга милдеттүү. Демек, журналист үчүн атуулдук бийик жоопкерчилик, терең билим, ар тараптуу маалыматтуулук, баамчылдык, талдоочулук мүнөз, бейтараптык жана ыкчамдык талап кылынат. Тилекке каршы, азыр менин кесиптештеримдин көбүндө мындай касиеттерден мурун көрпенделик көзкараштар көбөйүп бараткандыгы байкалат. Сүйлөшө келсең, тигил же бул окуяга журналист катары жоопкерчилик милдетинен мурун кайсы саясый күч, топ же адамдын байлыгы көп жана аны менен коомдо кандай күчкө ээ боло алат деп ой жүгүрткөндөрү байкалат. Демек, ал журналист коом, эң ириде мамлекет алдындагы милдетинен мурун, кимден кандай пайда же атак-даңк тапса болот деген умтулуусун биринчи даражага коюп жатат. Ушундан улам ал журналист же ЖМКнын кожоюну катары социалдык жоопкерчиликти сезбейт.

– Дегеле журналисттин кесиптик даярдыгын жетиштүү деңгээлде жогорулатуу үчүн кандай шарттар жетишпейт бизде?

– Журналист үчүн ар бир күн экзамен же сыноо болуш керек. Журналист ошондо өзүнөн-өзү курчуйт. Азыркыдай ушак же имиш деңгээлиндеги маалыматтарды эмес, иш жүзүндө болгон чындыгы бар окуя же факт тууралуу гана жазышы, чыныгы фактыларга гана таянышы зарыл. Чыныгы окуя же фактыны издеш, табыш, такташ жана жазыш өтө көп эмгекти талап кылат. Андай эмгекти ЖМК кожоюну да талап кыла билиш керек. Азыр мен андай деңгээлди көргөн жерим жок. Чыныгы фактыга эмес, божомолго негизделген макаланы гезит ээси бир-эки жолу баспай койсо эле журналист изденгенге мажбур болот. Тилекке каршы, андай эмес. Гезиттердин баары оюна келгенди басууда. Анын чын-төгүнүн текшерген эч ким жок. Баарынан жаман жери, ал макала кимге кандай таасир берип, кандай кесепеттерге дуушар кылары салмакталган жери жок. Бийлик тараптан же жарандар тарабынан сын айтылса же сотко берүү болсо дароо кысмакка алып жатышат, бут тосуп жатышат деп чыгышууда. Бирок ага эмне негиз бергендигин, макалада аты аталган бирөөгө моралдык, психологиялык кандай залал болгондугун ойлонуу зарыл го?

– Журналист коомдун алдыңкы өкүлү десек, эл агартуу жагында өз озуйпасын орундатып атабы?

– Журналист чынында эле коомдун алдыңкы өкүлү гана эмес, эң башкы коомдук ишмер. Баса белгилеп койгум келет, мамлекеттик жогорку башкаруу бийлик бутактарында иштеген адамдардын баары эле журналист ойлонгондой мамлекеттик деңгээлде ойлонуп, журналисттей болуп жалпы коомдун кызыкчылыгын биринчи планга кое албасы белгилүү. Бул жагынан алганда журналисттердин көбү эл көйгөйүн түп-тамырынан билип, анын кесепеттерин жоюуга ошол эле башкаруу бийлик бутактарын үндөп, жалпы мамлекет кызыкчылыгына жооп берген кадамдарды жасатууга мажбурлайт. Бирок кийинки кезде жогоруда айткандай, жеке журналист эмес бүтүндөй ЖМК коңгуроо каккан маселеге тиешелүү бийлик органдары, кызмат адамдары көңүл бурбай, этибарга албай койгон учурлар көбөйүп баратат. Анын себеби эмнеде? Себеби баягы эле бирде чырылдаган чындыкты жазуу менен бирде имишти жазуу. Мурда коомдо имиш жазган журналист же гезит катары көзкарашка ээ болуп калган гезитке эч ким ишеним артпай, чырылдаган чындык гана эмес бүтүндөй элди бүлүнтө турган көйгөйдү жазса да этибарга албай коюшууда. Мына ушундан улам журналисттин «коомдун санитары» деген озуйпасы басаңдап баратат. Ошон үчүн журналист десе мурда суктанып мамиле жасаган коомдун айрым өкүлдөрү азыр мыскылдай караган учур көп. Ошон үчүн кээде тиги журналисттин баасы канча деп уялбай эле сураша турган болду. Мен бул жерде «тууган күйдүрүп айтат» болуп жатам, айтпаска арга жок. Себеби, бул жерде кесиптик ар-намыс жөнүндө сөз болуп атат.

– Учурда гезит саны ого эле арбын, бирок потенциалдуу аудиториясын тапкандары аз, мунун себебин эмнеден көрөсүз?

– Ооба, гезит абдан көп. Мен жакында анализ жасап, бир жума бою Кыргызстанда чыккан орусча да, кыргызча да гезиттердин баарын сатып алдым. Акчасы туура эки сому кем 1000 сом болду. Окуй келгенде ошолордун ичинен бир материалын калтырбай окуй турган бир да гезит болгон жок, ал эми тандап окууга жарамдуусу 4-5 эле гезит болду. Буга эмне себеп? Буга эң биринчи, маалыматтардын көбүнүн имиш, ушак, мыскылдоо, каңкуулоо, коркутуу багытындагы материалдар экендиги, экинчиден, аналитикалык талдоо жүргүзгөн материалдардын  жоктугу, үчүнчүдөн – макалалардын максатсыз, багытсыз, б.а. теманын актуалдуулугуна карап тандоонун жоктугу экен. Кыргыз тилиндеги гезиттердин дээрлик бардыгы имиш деңгээлинде жазганы аз келгенсип, бири-биринен көчүрөт экен. Бир гезитти окуп бүтүп экинчисине киришсең, баягы эле окуя же адам жөнүндө. Анысы аз келгенсип ар гезит өзүнүн комментарийин кошуп коёт экен. Өз аудиториясына ээ болгусу келген, дегеле өзүн сыйлаган гезит же журналист бирөөнүкүн уурдабашы да, кайталабашы да, эң башкысы өзүнүн көзкарашын таңуулабашы керек. Тигил же бул окуя жөнүндө окурман так маалымат алса болду, бүтүмүн ар ким өз көзкарашына жараша чыгарып алат. А биздин гезиттер өз көзкарашын тимеле таңуулап жазып салып жатышпайбы! Андан көрө ошол окуя дагы кандай окуяларды, өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн, ал кандай пайдасын же кесепетин тийгизиши мүмкүн, ага эмне себеп болот дегендей ой толгоолор жазылса, окурмандын да ой жүгүртүү деңгээлин өстүрмөк. Тилекке каршы, бир аялдын ушагын угуп жаткандай кээде тажап кетет экенсиң.

Анан да материалдар максатсыз, багытсыз жазылат экен деп жогоруда кейибедимби. Ага мисал, кайсы гезитти ачпа, тигил же бул белгилүү адамдан алынган интервьюлар жайнайт. Мындай интервьюлар кээ бир гезиттердин катары менен 3-4 бетин ээлейт экен. Анан да бир журналисттин интервьюлары катары менен коюлган учурлар жок эмес. Журналистикада гезитти жасалгалоонун көркөмдүк жана гигиеналык  талаптары бар. Ал талаптар боюнча катары менен коюлган интервьюлар өтө кызыктуу болсо да окурманды жадатып жибериши мүмкүн. Анан бир бетке бир журналисттин бир нече материалын катары менен жайгаштыруу этикалык талапка карама-каршы келет. Ошончолук эле кызыктуу, кечиктирилгис жана пайдалуу материал болсо псевдоним коюуга мыйзам жол берет го! Окурманды тартуу ыкмаларын иликтеген окумуштуулар мына ушундай жасалгалоо талаптарын бекеринен ойлоп табышпаса керек. Бул жайгаштыруу боюнча оюм, эми мазмунуна өтөлү. Ошол интервьюларды окусаңыз, берилген суроолордун бардыгы бирдей, темасы да, максаты да жок жана багыты белгисиз.  Демек, алына турган интервьюнун максаты, темасы жана интервью алына турган маалымат булагы – адам алдын ала редакцияда тандалган да, такталган да  эмес. Туш келди алынат да, журналист оюна келген суроону берип, интервьюрер эмне айтса, ошонун баарын басып чыгарат. Бул өз окурманын сыйлабагандык же ага өтүмү жок тамакты зордоп сугунткандык. Өзүн сыйлаган гезит же журналист элден мурун көйгөйдү, ага жараша теманы, темага жараша маалымат алына турган адамды тандап, суроолорун тактап туруп андан кийин интервью алса, сөзсүз өтүмдүү болот. Колго тийген депутатты же кызматкерди, ырчыны кармап алып эл эбак уккан бир окуя жөнүндө жеке пикирин сурап баштап, аягы эртең менен жеген тамагына же гороскопко ишенер-ишенбесине чейинки суроо менен бүтөт. Саясый бир окуяга арналган интервьюда окурманды интервью берген адамдын кийген кийими же жеген тамагы кызыктырбаса керек. Баса, белгилеп коё турган дагы бир маселе – саясатчыбы, артиспи, кыскасы интервью берүүнүн максатын сурап туруп, анан суроолорго жооп беришсе өз салмактары да артат беле деген ойго келдим. Кыскача айтканда, гезиттер бир силкинип алып, багытын мезгил талабына ылайык такташпаса, өз милдеттерин бара-бара аткарбай,  Кыргызстандын маалымат коопсуздугу камсыздалбай калышы ажеп эмес. Мен ушул жерден 90-жылдары Акүй, Көкүйдөгү маалыматтарды имиш кылып кабарлаган Мелис Эшимкановдун «Асаба» гезитиндеги Чокчолоюн эстеп кеттим. Имиш маалыматтарга алгачкы чыйыр салган албетте, Мелис болгон, бирок ал азыркыдай каңкуулаган, догурунган же коркуткан имиштерди эмес, көбүнчө болгон окуя тууралу жазчу. Эң башкысы, аны эч ким төгүнгө чыгарчу да, калп деп сотко берчү да эмес. Демек, көп маалыматтардын негизи болгондуктан эч ким жокко чыгарбаса керек. Ошон үчүн кыргыз бийлиги менен коомчулуктун ортосунда СССР кезинде калыптанып калган маалымат пардасы тез ачылса керек. Бул алдын ала айтылган бүтүм. Акыркы пикир азыр мен «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кыргыз коомунун саясый маданиятын калыптандыруудагы ролу» деген темада иликтеп жаткан докторлук илимий ишимдин алкагында дагы иликтенип, салмактанат.

– Маалымат айдыңында кандай материалдар жетиштүү деңгээлде чагылдырылбай келатат?

– Менимче, Президент А.Атамбаев баштаган коррупцияга каршы күрөштүн тамыры кайда деген тема жакшы иликтенбей жатат. Коррупция десе эле кармалган, камалган аткаминерлер тууралуу жазып атабыз. Мунун тамыры өтө терең, өтө кенен, түрлөрү, түстөрү көп жана ага каршы күрөшүү тарыхы да бай. Ошон үчүн азыр айрым гезиттер терең иликтеп, кайсы өлкөдө кантип, канча күрөшкөн жана натыйжасы кандай болгонун көбүрөк жазса жакшы болот эле. Бир-эки аткаминерди камаган менен анын тамыры ар бир үйбүлөгө барып такалат да! Анан тарыхыбыз кандай, тамырыбыз кайда барат, глобализация доорунда бир ууч кыргыздын тагдыры менен мамлекетинин келечеги кандай болот, улут ынтымагы, кыз наркы, уул баркы, ата салты, эне каадасы кантип сакталат деген темалар козголсо жакшы болот эле деген ойдомун. Күнүмдүк саясат менен экономика өз нугу менен өтө берет, ал эми улут келечеги ар бирибизди ойлонто турган, өз доорубузда салымыбызды кошууга милдеттендире турган өзөктүү маселе.

Булак:http://kyr.24.kg/koom/bu-bu-kan-dosalieva-zhurnalist-u-chu-n-ar-bir-ku-n-e-kzamen-zhe-sy-noo

Окшош посттор