Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

BuzzFeed редактору Крэйг Силвермандын сүйүктүү аспаптары

BuzzFeed редактору Крэйг Силвермандын сүйүктүү аспаптары

Крэйг Силверман — Интернеттеги дезинформацияны жана фейктердин бетин ачуу боюнча эксперт, ЖМКлардагы манипуляцияны кантип аныктоо жана ачыкка чыгаруу боюнча бир катар китептердин автору жана редактору. Ал китептердин бири акысыз онлайн жеткиликтүү: айтсак, өзгөчө кырдаалдарды чагылдыруу үчүн санариптик контентти Верификациялоо боюнча колдонмо (орус тилинде).

Крэйг Силверман

Силверман 2016-жылы АКШ президентин шайлоого бир нече күн калганда дүйнөгө Президент Дональд Трамп пайда болгон кезде македониялык чакан шаар кантип саясий дезинформациянын фабрикасы болуп калганы боюнча коомдук резонанс жараткан иликтөөсүн жарыялаган. Македониялык өспүрүмдөр Трампты колдоо үчүн жүз чакты сайттарды түзүшкөн жана америкалык шайлоочулардын көпчүлүгүнө ийгиликтүү таасир тийгизишкен. 

2020-жылы Силверман COVID-19 пандемиясынын арты менен марыган кесипкөй алдамчыларга көңүлүн бурган.

Ал COVID-19 оорусуна байланыштуу дезинформацияны аныктоо жөнүндө GIJN вебинарында сүйлөп жатып, ачык булактардан маалыматтарды жыйноодо такшалган (OSINT), ошондой эле, жаңы иштеп баштаган журналисттерди – алгач интернеттеги көнүмүш сайттардан издөөлөрдү жүргүзүүгө, андан соң бир кыйла татаал аспаптарга өтүүгө чакырган. 

Крэйгдин сөзү боюнча, Facebook белгилүү бир баракчаны түзүүчү жөнүндө көп маалымат берет.  Анда «Баракчанын ачыктыгы», «Окшош баракчалар» аянттарына, каптал панелдин элементтери, URL даректер жана белгилүү бир баракчага мурда жүктөлгөн фотосүрөттөргө көңүл буруу жетиштүү. 

«Мында кеп журналисттер үчүн атайын аспаптардын аз иштелип чыгарылганында, анткени редакцияларда акча аз болот», – дейт ал GIJNге. «Ошондуктан мен маркетологдор жана маалыматтык коопсуздук боюнча адистер үчүн иштелип чыгарылган каражаттарды көп колдоном. Журналисттерге көп учурда башка максаттар үчүн түзүлгөн аспаптарды өздөрүнүн максаттарына ылайыктап алуу менен колдонууга туура келет».  

Силвермандын айтымында, Facebook социалдык түйүнүн «Баракчанын ачыктыгы» жана «Окшош баракчалар»сыяктуу стандарттуу функциялары (жогоруда сүрөттө бар) дезинформаторлор тармагын аныктоого мүмкүндүк берген илинчекти таап бериши мүмкүн.

Май айында Силверман дезинформация жөнүндө билдирүүнү иликтеп жатып, социалдык түйүндөрдө CrowdTangle инструментин колдонуп көрдү. Иштин жүрүшүндө ал Аризоналык интенсивдүү дарылоо бөлүмүнүн медицина кызматкеринин Facebook тармагына көп жолу жарыяланган билдирүүсүнө туш болгон. Ал билдирүүдө Эрик Сартори коронавирус жугузуп алган бейтаптарды дарылап жаткан өзүнө жана башка медиктерге каршы Интернетте – «ал вирус жок» деген фантазиялар менен бекемделген мазактоолор жана атүгүл өлтүрүү жөнүндө коркутуулар менен коштолгон, атайын багытталган чабуул толкуну каптаганын айтып берген. Сарторини өзүн дагы «болгону догдурдун ролун ойногон актер», – деп негизсиз айыпташкан. 

Силверман Интернеттеги фактыларды кайра текшерип чыккан жана ал адам чындап эле медик экенин тастыктаган. Андан соң Messenger аркылуу аны менен байланышкан жана телефондон интервью алган. 

Бул сюжет өзгөчө резонанс жараткан жок, бирок Силвермандын жеке өзүн медиктерди куугунтуктоого троллдордун катышуусу абдан капа кылган. 

«Дүйнөдөгү эң ардактуу кесиптердин бири – медицина кызматкерлери дагы ушундай асылууларга туш болгондугу, өздөрүнүн коопсуздугун жөнүндө ойлонууга жана дезинформацияга каршы турууга аргасыз болгону жөнүндөгү ойдун өзү мени кейитти. Адамдар күтүүсүз жерден медиктерди алмачылыкка айыптай башташты. Менимче, бул медицина кызматкерлерин катуу капа кылды. Мындай окуялар биз башыбыздан өткөргөн бул дезинформация толкуну адамдар деңгээлинде кандай таасир этээрин көрсөттү: булардын бардыгы АКШда 17 жыл катары менен жогорку ишенимге жетишкен кесип тууралуу түшүнүккө дагы таасирин тийгизет (негизсиз түрдө)». 

Санариптик иликтөөлөр үчүн Силвермандын негизги инструменттери 

Видеонун аныктыгын текшерүү керекпи? Видеоматериалдарды верификация боюнча кеңейтилген колдонмо бул жерде (орус тилинде).

ЖМКгы манипуляцияларды иликтөө үчүн мыкты инструменттер

CrowdTangle 

Менде албетте CrowdTangle биринчи орунда турат. Айтмакчы CrowdTangle ичинде издөө акысыз, бирок катталуу керек болот. Сиздер убакыт боюнча, мамлекеттер боюнча, дагы көптөгөн багыттар боюнча (чен-өлчөм) чыпкалап, Instagram, Facebook жана Reddit боюнча кандай билдирүүлөрдү бөлүшүп жатканын карап көрө аласыздар. Ал материал чогултуу үчүн абдан пайдалуу: жөнөкөй жана ишенимдүү издөө инструменти! Facebook жана Twitter боюнча издөө каражаттарынын эң мыктысы! Өкүнүчтүүсү ал 2016-жылы азыркы көрүнүшүндө жок болчу. 

TweetDeck

TweetDeck тиркемесин дагы сунуштай алам: анда хэштегдер же аймактар боюнча издөөнү так көрсөтүү үчүн чыпканы (фильтрди) тууралоого болот: мониторинг жүргүзүүгө эң пайдалуу инструмент. Эгерде сиздин аймакта Facebook жана Twitter колдонуучуларынын саны жогору жана активдүү болсо, анда TweetDeck жана CrowdTangle тиркемелеринин жардамы аркылуу керектүү теманы эң мыкты камтыганга болот.  

DNSlytics

Кандайдыр бир веб-сайт алда канча ири тармакка кирээрин аныктоодо DNSlytics алардын башында ким тураарын жана ал бир күндүк сайт эместигин билүүгө жардам берет. Бул айрыкча каржылык пайда табууга багытталган ишмерлерди аныктоодо пайдалуу: ошол Google жарнак идентификатору башка сайттарда дагы бардыгын текшерүүгө жана алардын умтулуусун аныктоого болот. 

Уруксат алуу 27 доллар турат, бирок акысыз кызмат көрсөтүүлөр топтому дагы бар. Доменди киргизип IP-дарек жөнүндө, ошол Google Analytics коду жана IP-дарек көрсөтүлгөн башка сайттар жөнүндө дагы маалымат аласыздар. Топтомдо бир доменди башка сайттар менен байланыштырган мыкты каражаттар бар. Болгону AdSense идентификаторду же доменди киргизесиң – бардык байланыштар көрсөтүлөт. Ушундай эле функциясы бар башка сервистер дагы бар, бирок менимче мында сапаттуу маалымат базасы өзгөчөлөнөт. 

Hoaxy

 

Hoaxyдагы твиттер талдоосу жана «таратуу тармагы» окуялары. Экрандын сүрөтү
Hoaxyдагы твиттер талдоосу жана «таратуу тармагы» окуялары. Экрандын сүрөтү

Hoaxy — бул Индиана штатынын университетинин долбоору. Анда Twitter баарлашууларын визуалдаштырууга болот. Эгерде сиз кайсы бир хэштегди ким биринчи жазганын же талкуулар каскадын ким баштаганын, же диалогго катышууда кандай пикирлер лидерлик кылып жатканын аныктоого аракет кылсаңыз Hoaxy абдан жакшы жардам берет. Ал жакта маалымат базасы басымдуу түрдө англис тилинде, бирок орус, араб, бенгал, парс, кытай жана француз тилдери сыяктуу 10 тилде дагы издөөгө болот. Бул жөнүндө журналисттер аз билет жана кимдир бирөөгө иликтөөдө абдан кереги тиет.

 

Жарнакты көзөмөлдөө инструменттери

Эгерде сиз максаттуу түрдө жасалма товарларды же коронавирустан сактай турган ар түрдүү каражаттарды саткан алдамчыларды иликтеп жатсаңыз, анда сөзсүз түрдө онлайн-жарнакты талдоого алыңыз: алдамчылар так ошо каражаттын жардам аркылуу өз товарын сатат. Жарнак азыр сайттарда жана почта таркатмаларында жана башка аянтчаларда дагы бар, андыктан аларга бардык жерде жакшы көз салыш үчүн кол алдыңызда автоматизация каражаты болгону жакшы. 

Adbeat.com дагы жакшы инструмент. Ал эң жалган жарыяларды байкоого көп жардам берет: алар өнөктөштүк жарнама аркылуу сатууларга багытталган, бирок ал абдан кымбат турат. Adbeat айына $250 турат. Дагы бир ошондой сайт WhatRunsWhere бар, бирок ал айына $300 талап кылат.

Рован Филп (Rowan Philp) – көптөгөн журналисттик сыйлыктардын ээси жана жыйырмадан ашык өлкөдө иштеген кабарчы. Филп 15 жыл аралыгында Sunday Times гезитинин Түштүк Африкадагы башкы репортеру жана Лондон бюросунун жетекчиси болуп иштеген. Ал азыр Бостондо жашап иштейт. 

19.08.2020, GIJN, макаланын түп нускасы

Окшош посттор