Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналист бычак мизинде, эл оозунда

Кыргыз тилдүү журналистиканын дарегине кийинки кезде сын пикирлер көбөйдү.

“Арай көз чарай” талкуусунда кыргыз журналистикасынын азыркы абалы талкууланып, ага Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов жана “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева катышты.

“Азаттык”: Журналист адистерди окутуп-үйрөтүүнүн системасы эскирди, жаңы базасы жок деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Улуттук университетте акыбал кандай, Абдыганы мырза?

Калилов: Мындай пикирлерге толук кошула албайм. Анткени бүгүн заман, талап башка. Бүгүн журналисттерге гана эмес, башка адистерди да даярдоого коюлган талаптар таптакыр башка. Ошондуктан эски система менен эле журналисттер даярдалып атат деген туура эмес. Быйылкы окуу жылында биздин бардык жогорку окуу жайлары Болон системасына өттү. Бул дагы заманбап, мыкты адистерди даярдап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бизде болочок журналисттерге өзүбүздүн мугалимдерден тышкары бүгүнкү күнү өлкөдөгү журналистиканын ар кайсы тармактарында иштеген мыкты журналисттер да сабак берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп келатышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Сакыбаева: Мен ушул тапта өзүбүздүн гезитке кабарчы кылып кызматка алууга ылайыктуу журналист таба албай жүрөм. Азыр эки адам сыноодон өтүп жатат, буга чейинкилери өтө албай калган.

Мен да Абдыганы агайдын колунан окугам, ал кезде биз өзүбүз “журналист болобуз” деп умтулуп, бири-бирибизге атаандашып окучубуз. Журналисттик практикадан өтүү үчүн гезит-журналдарга, теле-радиого барган учурда бизге “өзүң тема таап, ошону бышырып жазып кел” деп тапшырма берчү. Азыр жөндөмсүз, инерттүү жаштардын чыгып атышына мен жогорку окуу жайлардын мугалимдерин күнөөлөй албайм, азыр балдар мектептен жакшы билим албай атышат.

Андан кийин жогорку окуу жайында болсо жанталашып китеп бетин жыртып окуган жаштар да аз, аларга интернет баарын даярдап берип жатат. Тапшырма берсең, ошол интернеттен чала чарпыт көчүрүп келишет. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде журналисттердин даярдыгына таасирин тийгизип жатат деп ойлойм.

Булак:http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_journalists_round_table/24775729.html

Окшош посттор