Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналистиканын келечеги кандай болот?

Сүрөт http://99px.ru сайтынан алынды

Бүгүн мурда ийгиликтүү болгон көптөгөн радиолор, гезиттер жабылып жатканы тууралуу кабарлар жаңылык деле болбой калды. Буга акыркы учурда байкалып жаткан техниканын жана ар түрдүү технологиялардын тез өнүгүшү негизги себепкер. Эмне үчүн дегенде учурда жыл сайын маалымат алуунун улам жаңы булактары, түрлөрү пайда болуп жатат. Интернеттин өнүгүүсү менен бүгүн ар-бир адам да кабарчы боло алат. Ушуга байланыштуу журналистикага классикалык көз караш, талаптар да өзгөрүп жаткансыйт.

Угармандарын, көрөрмандарын, окурмандарын жоготуп албоо максатында салттуу түрдөгү ЖМКлар (радио, теле жана гезиттер) өз иш алып баруусун да өзгөртүүгө аргасыз. Бирок бул өзгөрүүлөр кайсыл нукта болушуу керек? Журналистика анда кандай болот? Деги эле журналистика кесип катары жоголбойбу? Ушуга окшош толтура суроолор бүгүн медиа адистерди түйшөлтүп келет. Бул жерде медиа адистерди гана атаганым жөн эмес. Эмнегедир учурда, келечектеги журналистиканын абалы так ушу журналистикага байланышы бар гана адамдарды түйшөлтүп, негизинен алардын арасында гана дискуссиялар жүрүп келет. А иштин чынында, мындай пикир алышууда биринчи кезекте маалымат колдонуучулардын пикирин билиш керек эле. Алардын табити, каалоосу бүгүн чечүүчү ролду ойноп, так алар келечектеги журналистика кандай болоорун аныктайт.

Бул жерде сөз болушу мүмкүн, аталган маселелер негизинен өнүккөн өлкөлөргө тийиштүү нерсе, бизге алар жеткиче көп бар, маселе жарала электе аны кантип чечебиз деп баш оорутуунун эмне кереги бар деп. Андай кылсак да болот. Бирок эртең кеч болуп калбасын деген чочулоо бар. Жөн гана 5 жыл артка сереп салып көрсөкчү. Бул адам жашоосунун узактыгынан караганда да көп деле эмес. А бирок бүгүн кадыресе болуп көрүнгөн нерселер мындан 5 жыл мурун жок болчу же жаңыдан гана пайда болуп жаткан. Мисалы, мобилдик интернет, фейсбук, твиттер, блогдор, мультимедиялык журналистика ж.б.д.у.с. Жогоруда аталган маселелер бизге кантип келип калганын байкабай да калышыбыз мүмкүн.

Марат Токоев

Окшош посттор