Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

NYT: Дата-журналистикада алгач адам маанилүү, анан гана технологиялар

NYT: Дата-журналистикада алгач адам маанилүү, анан гана технологиялар
«Менде көп ядролуу процессорлор жана бир нече оперативдүү эс-тутум орнотулган жогорку класстагы компьютерим бар деп айткым келет», - дейт Бен Кассельман, бирок ага экономикалык отчетторду жасаганга ноутбугу эле жетиштүү. Фото: Карстен Моран

New York Times басылмасынын журналисттери ишинде жана жеке жашоосунда технологияларды кандай пайдаланат? Экономика жана бизнес боюнча репортер Бен Кассельман өзү колдонгон технологиялар тууралуу айтып берет.

— Сиз татаал маалымат топтомдорун түзөсүз жана окурмандар үчүн аларды кызыктуу окуяларга айлантасыз. Ушул «баш оорутмага» кандай техникалык аспаптар жана усулдар колдонулат.

— «Баш оорутма» — бул өтө эле катуу, бирок калыс сөз. Кайсыл күнү келбегиле менин столумдагы компьютеримдин мониторунан диаграммаларды, таблицаларды жана өтө эле көп ачылган Chrome баракчаларын көрө аласыңар. Ал эми столумда жарым-жартылай колдонулган блокноттор, экономика боюнча басып чыгарылган макалалар үйүлүп жатат жана да менин эң сүйүктүү TI-86 калькуляторум турат (мен азыркыга чейин пайдалуу деп эсептеген университеттик эсептөөлөрдүн калдыгы – сыягы бул The Times басылмасынын экономикалык репортерлору үчүн тема болсо керек).

Чынында менин столумдагы мен үчүн эң маанилүү жабдык – бул стационардык телефон. Менимче айрым адамдарда «маалыматтар журналистикасы» окуя сыйкырдуу негизде пайда болгонго чейин таблицаларга кылдат көз салып турат дегенди билдирет деген ой бар, бирок чыныгы турмушта эч качан мындай болбойт. Мыкты окуялар биз жазып жүргөн көйгөйгө тиешеси бар эксперттер же жөнөкөй адамдар болобу, дээрлик дайыма адамдардын барлашуусунан келип чыгат. Алар маалыматтар жооп бере ала турган суроолорду бергендер же тенденцияны түшүндүрүүгө жардам бергендер же болбосо маалыматтарды кооздогон кеңештерди айткан жана кошумчаларды келтирген адамдар.

Мисалы өткөн жылдагы мага жаккан эмгектердин бири – инвесторлор бир үй-бүлөгө үй сатып берген окуя жөнүндө кесиптешим Конор Догерти менен биргелешип жазган макала болгон. Бизге зор көлөмдүү маалыматтар топтому – миллиондогон кыймылсыз мүлк бүтүмдөрү жеткиликтүү болду – алар инвесторлор чакан бюджеттүү үйлөр рыногунда кантип үстөмдүк кыла баштаганын көрсөттү. Бирок чынында бул окуяны жанданткан нерсе, көп жолу колдон колго өткөн бир үйдүн масштабын [тарыхын] бир нече эсе чоңойтуп көрсөткөнүбүз болду, биз ага тиешеси бар бардык адамдар – аны өзгөрткөн инвестор, аны сатып алган үй-бүлө, дайыма инвесторлорго уттуруп келген кардар менен сүйлөштүк.

Айта турган нерсе, маалыматтар – бул окуя эмес; окуя – бул адамдар.

— Эң туура. Бирок мен ушул бүткүл маалыматтарды талдоону өзүңүздүн телефонуңузда жүргүзбөйсүз деп ойлоп жатам. Же TI-86 калькуляторун колдонбосоңуз керек.

— Ооба, бул чындык. Мен маалыматтарды талдоонун чоң бөлүгүн R деп аталган статистикалык программалоо тилинде жүргүзөм. Ал мага Excel сыяктуу электрондук таблицалар программасы үчүн оор болгон, жүз миңдеген же атүгүл миллиондогон саптарды камтыган маалыматтар менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Бул мен үзгүлтүксүз аткарган тапшырмаларды автоматташтырууну жөнөкөйлөтөт – мисалы Эмгек министрлигинин вакансиялар жөнүндө айлык отчету чыгат, мен жаңы маалыматтарды ага жүктөп, өзүмдүн талдоомду бир нече баскычты басуу менен жаңылай алам.

Ошондой эле, R ичинде менин жумушмдун маанилүү бөлүгү болгон диаграммаларды түзүү үчүн аспаптар топтому бар. Times басылмасында тармактагы эң мыкты графикалык топ иштейт жана мен аларга кооз, окуганга жагымдуу диаграмма жана интерактивдүү графика жасоо жагынан эч тең келе албайм. Бирок мен андай диаграммаларды түзүүгө аракет да кылбайм. Мага болгону тенденцияны же өз ара байланышты аныктоого же болбосо андан ары изилдеп үйрөнүүгө мүмкүн болгон мисалдарды табууга мүмкүндүк берген аспаптар керек. Ал үчүн анчалык кооз болбосо да бат жасаган нерсе толук жетиштүү.

Ал эми аппараттык камсыздоо жөнүндө айтсак, мен сиздерге көп ядролуу процессорлор жана зор көлөмдүү оперативдик эс-тутум орнотулган күчтүү жабдууну колдонгом деп айткым келет. Бирок бүгүнкү күнү мен бардык болгон ишимди кадыресе ноутбукта аткарам. Мен айрым маалыматтарды булут тутумунда сактайм, бул негизинен аларды кокустан компьютерим менен бир нерсе болсо жоготуп албаш үчүн кылам.

Негизинен бул технология канчалык тез жакшырганын көрсөтөт. Бир нече жыл мурда мен The Wall Street Journal басылмасында иштеп турганда кошумча эсептөө кубаттуулугун сураганга туура келчү жана ошол кезде атүгүл кесиптештерим менин компьютерим болгон күчү менен бийикке учууга умтулган реактивдүү учактай үн чыгарганын айтып даттанышчу. Бүгүнкү күнү менин компьютерим алда канча көп маалыматтар топтомдору менен эч кыйналбай иштей алат.

Кассельман мырза R статистикалык программалоо тилинде кодинг кылат, ал эми жанында кеңсе телефону жана TI-86 калькулятору бар. Сүрөттү The New York Times үчүн тарткан Карстен Моран

— Журналисттер чөйрөсүндө репортерлор программалоону үйрөнүш керекпи деген талкуу жүрүп жатат. Мен түшүнгөн боюнча, сиз «ооба» деген жооптуу жактайсыз?

— Эч качан! Кодинг мен үчүн баалуу аспап болуп калды жана улам көптөгөн журналисттер прораммалоого окуп жатканына сүйүнөм (жана улам көп программисттер журналистикага кызыгып жатканына сүйүнөм). Бирок программалоону үйрөнгөнгө чейин мен дагы репортер болгом жана мен суктанган репортерлордун көпчүлүгү өмүрүндө эч качан бир дагы сап код жазып көргөн эмес.

Мен чындап эле дээрлик бардык репортерлордо сандар жана статистика жөнүндө базалык түшүнүк болсо деп ойлойм. Ар биринин регрессияны баштоо же же р-маанини эсептөө, же атүгүл р-маани эмне экенин аныктоо мүмкүнчүлүгү болушун айпай эле коелу (ал да оңой иш эмес). Бирок алда канча терең изилдөө баштоого абдан шектүү көрүнгөн учурда аргумент маанилүү экенин түшүнүү үчүн алар статистика тили менен ылдам сүйлөш керек. Андыктан сиздер Google жардамына кайрылбай пайыздык өзгөрүүнү эсептей билишиңер керек деп ойлойм.

Акыркы эки жылда The Times репортерлор менен редакторлорду маалыматтар менен иштөө көндүмүнө окутуу боюнча – мисалы маалыматтардын аныктыгын кантип текшерүү керек, статистикалык аныктамаларды кандай баалоо жана электрондук таблицаларды маалыматтар топтомун изилдөөгө кантип пайдалануу керектиги жөнүндө курс иштеп чыкты. Анда негизги идеялардын бири, силер программалоону үйрөнбөстөн эле көп нерселерди жасай аласыңар дегенди билдирет. Мен сабак өткөндө Google Таблицаларды жана бир нече функцияларды гана пайдаланып, менин окуямды кантип кайра кайталап жасоону көрсөтүп берем.

— Иштен тышкары кандай техникалык өнүмдөрдү жактырасыз? Алар менен эмне кыласыз?

— Маалыматтарды жакшы көргөнүмө карабай жашоомдо иштен тышкары техникага анча жокмун.

Менин акылдуу саатым, акылдуу термостатым же ушул сыяктуулар жок жана туугандарым сындырып алып, ордуна жалпак экрандуусун салып жибергенге чейин эски кинескоптуу телевизорум бар болчу (эки жыл илгери аялыма Apple чыгарган акылдуу HomePod колонкасын туулган күнүнө тартууладым, бирок негизинен Siri күтүүсүздөн үн чыгарганда чочуп кетем).

Мендеги эң баалуу санариптик буюмум – ашкана таразасы. Мен дүкөндөн ачыткы сатып албай эле, колго өзүм ачытып нан бышырганга абдан кызыгып калдым, бул токоч бышыруунун эн начар технологиялык жолу болсо керек.

Бен Кассельман экономика жөнүндө жазат, маалыматтарга байланыштуу окуяларга өзгөчө көңүл бурат. Мурда ал FiveThirtyEight жана The Wall Street Journal үчүн макалаларды жазган.

Макаланын түп нускасы бул жерде: англис тилинде, орус тилинде

Окшош посттор