Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө” 04.09.2014 кабыл алынган жобосуна ылайык, Коомдук телерадиоберүү корпорациянын Байкоочу кеңеши Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына (КТРК КР) ачык сынак  жарыялайт.

Кызматордунаталаптангандарга коюлчу шарттар:

•          жогорку кесиптик билим;

•          кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү; англис жана башка тилдерди да билгендерге артыкчылык берилет;

•          5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ;

•          коомдук телерадиоберүүнүн принциптерин билүү жана аңдоо, дипломаттуулук, ийкемдүүлүк, берилгендик, таалимдүүлүк, чынчылдык, стратегиялык ой жүгүртүү, коомдук жана психологиялык жетилгендик, тез баарлаша алуучулуксапаттарга артыкчылык берилет.

Милдеттери:

Коомдук телерадиоберүү корпорациясын төмөнкүдөй багыттарда башкара билүү:

•          жалпы башкаруу (административдик-чарбалык башкаруу);

•          өнүгүү (мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясын коомдукка  айландыруу боюнча ар тараптуу реформалоо, телекөрүүчүлөр жана радиоугуучулар менен кери байланышты түзүү);

•          сырткы ишмердик  (өнөктөштөр менен иш алып баруу, КТРКнын аброюн көтөрүү);

•          техникалык камсыз кылуу (берүү, өндүрүштүк, маалымат технологиясы  жана башка жабдуулардын коюлган өндүрүштүк милдеттерге шайкеш келишине көзөмөл кылуу);

•          каржы (компаниянын каржы ишин башкаруу жана көзөмөлдөө, коомдук телерадиоберүүнүн каржылык чыгымдарын көзөмөлдөө, пландык бүжөттүк  көрсөткүчттөрдү көзөмөлдөө, бүжөттүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик);

•          адамдык ресурстарды башкаруу (КТРКнын кадр маселесине баа берүү, кызматкерди издөөдө, кызматка алууда жана тандоодо муктаждыктарды аныктоо, корпорациялык  маданиятты жайылтуу, адисти өркүндөтүү  жана окутуу боюнча программаларга жоопкерчилик);

•          укуктук жагдай  (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну  камсыз кылуу жана КТРКнын үчүнчү жактардын алдында кабыл алган  милдеттерин орундатууну көзөмөлдөө);

•          Байкоочу Кеңештин алдында баяндама жасап туруу жана ачык иш-аракет алып баруу.

Сынакка катышууга талаптангандар  КТРКнын  Байкоочу кеңешинин катчылыгына (дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,720010, Жаш Гвардия бульвары, 59;  тел.: 0 312 656721 же эл. дарек: sovetotv@gmail.com) төмөнкү документтерди  жабык конвертке салып “КР Коомдук телеканалдын башкы директор кызматына” деген белги менен 2015-жылдын 10 – март күнү саат 17.00гө чейин жөнөтүүсү керек:

  • Байкоочу кеңеш Төрагасынын атына арыз;
  • сүрөт менен өздүк таржымал;
  • өмүр баяны;
  • паспорттун же аны алмаштырган документтин көчүрмөсү;
  • жогорку билими жөнүндө дипломдун же жогорку билимди же Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ага теңештирилген билимди алгандыгын тастыктаган  мамлекеттик үлгүдөгү документтердин нотариалдык жактан же иштеген жеринин кадр кызматы тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;
  • каалаган учурларда сынактын  катышуучулары адистик билим жана / же адистигин жогорулаткандыгы, кошумча адистик билими жөнүндө, окумуштуулук даража ыйгарылгандыгы жөнүндө документтерин кошо  алышат;
  • КТРКны өнүктүрүү боюнча ойлору (мамлекеттик тилде; MSWORD форматында 3 барактан ашпаган, Times New Roman арибинде, ариптин  12-өлчөмүндө).

Сынактын катышуучуларынын  арыздары жана тиешелүү документтери жарыяланган убакыттан кечиксе же жарыяланган талаптарга ылайык келбесе, анда алар кабыл алынбайт.

Керек учурда Байкоочу кеңеш кошумча ар кандай  маалыматты суратып алганга  акылуу.

Кошумча маалыматты жана суроого жоопторду sovetotv@gmail.com электрондук дарегибиз аркылуу ала аласыздар.

Сынак КР КТРК Байкоочу кеңеши тарабынан төрт баскычта өткөрүлөт. .

Маекке татыктуу гана талапкерлер чакырылат.

Сынакка алынган документтер рецензияланбайт жана  кайтарылбайт.

КР КТРК Байкоочу кенеши сынактын жеңүүчүсү аныкталган күндөн кийин тийешелүү тартипте жеңүүчү менен бир айдын ичинде эмгек келишимин түзөт.

Сынактын жыйынтыктары  бардык чакырылган талапкерлерди уккан соң жана сынактын бардык төрт баскычы аяктаган соң чыгарылат.

Сынактын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу маалымат  ЖМКларда кеңири чагылдырылат.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши.

Окшош посттор