Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер үчүн кыргыз тилинде жаңы китеп жарык көрдү

Журналисттер үчүн кыргыз тилинде жаңы  китеп жарык көрдү

Журналисттер, журналистика факультеттеринин окутуучулары үчүн  «Жаңы мезгил: Демократиялык коомдо профессионалдык гезит кандайча түзүлүшү керек?» деп аталган китеп кыргыз тилине которулуп, басылып чыкты. Бул эмгек медиа адис Татьяна Репкованын калемине таандык. Бул окуулукта медиа-бизнесте кантип ийгиликке жетишүүгө болоорун, басма каражатынын концепциясын, стратегиялык пландоо, медиаменеджмент, медиамаркетинг, кызматкерлерди башкаруу сыяктуу темалар камтылган.

“Бул басылма газетаны кантип өнүктүрүү, профессионалдуу жана ийгиликтүү кылуунун жол-жоболорун көрсөткүчү катары катары кызмат кылмакчы. Айта кетүүчү нерсе, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда биринчи болуп которулуп, басылды”,-деп билдирди Бишкектеги «ММК колдоо борбору» фондунун директору Алмаз Курманкалиев.

«Китептин кыргыз тилине которулуп чыгышы кыргыз тилдүү басылмалардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң көмөк көрсөтөт» – деп ишенет «ММК колдоо борбору» фондунун өкүлдөрү.

Китепти которуу жана чыгаруу чыгымдарын «ММК колдоо борбору» каржылады.

Бул басылма мезгилдүү басылмалардын редакцияларына, журналистика факультеттерине, медиа уюмдарга жана борбордук китепканаларга бекер таратылат. Ал эми китептин электрондук версиясы  http://mediamanagersclub.org  сайтынын кыргызча бетине жакынкы мезгилдерде жайгаштырылмакчы.

Автор жөнүндө маалымат: Китептин автору Татьяна Репкова – Медиа-менеджерлер клубунун негиздөөчүсү, Париждеги «Бүткүл Дүйнөлүк Гезиттик Ассоциацияда» (WAN-IFRA) изилдөө жана маалымат бөлүмүнүн мурунку директору. Т.Репокаванын WAN-IFRAдагы негизги долбоорлорунун бири «Дүйнөлүк прессанын тенденциясы» боюнча жылдык аналитикалык отчёту болуп саналат. Отчётто гезит рыногунун маркетиндигдик изилдөөлөрү, өлкөлөр аралык, региондор боюнча, жана бүткүл дүйнө боюнча анализ жана статистикалык маалыматтар камтылган.

Окшош посттор