Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрь айынан тартып Коомдук биринчи каналдын берүүлөрү 24 саат бою эфирге чыга баштады.
Мындан ары Коомдук биринчи каналдын программаларын көрүүчүлөр күнү-түнү көрө алат.
“Түнкү телеберүүлөр азырынча Чүй облусунда жана Бишкек шаарында көрсөтүлүп баштады, кийинчерээк республикалык бюджеттен каражат бөлүнсө, КТРКнын программалары 24 саат бою республиканын баардык аймактарында көрсөтүлөт”,-деп айтылат КТРКнын билдирүүсүндө.
КТРКнын башкы көркөм режиссеру Канат Култаевдин айтымында, түнкүсүн саат 12ден 02:00ге чейин жаштарга арналган көрсөтүүлөр түз эфирде чыгат. Анда конок катары студияга белгилүү инсандар, эстрада ырчылары чакырылып, жаңы видеоклиптер, кызыктуу рубрикалар көрүүчүлөргө тартууланат. Мындан тышкары, түнкү каналда көркөм фильмдер жана рейтинги жогору болгон программалар, “Ала-Тоо” маалымат программасы кайталанып көрсөтүлөт.