Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ата-мекендик телеканалдардын президентке ачык кайрылуусу

Ата-мекендик телеканалдардын президентке ачык кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Кыргызстандын телерадио уюмдарынын өкүлдөрү КР Өкмөтү тарабынан сунушталып, шашылыш, талкуусуз, Жогорку Кеӊеш тарабынан жол-жобо талаптарын сактабастан телекөрсөтүү жаатындагы кабыл алынып жаткан, жергиликтүү теле көрсөтүүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз зыян келтире турган мыйзам чыгаруу демилгелерине көӊүл бурарсыз деген үмүт менен Сизге кайрылууну чечти.

Кыргызстан – Борбор Азиядагы толугу менен санарип берүүгө өткөн алгачкы өлкө. Бул биздин өлкө үчүн, аймактарыбызды өнүктүрүү үчүн чоӊ жетишкендик, Кыргызстандын санариптештирүү жаатында лидер болуу жөндөмүнүн көрсөткүчү. Атайын иликтөөлөрдөн белгилүү болгондой, телекөрсөтүү Кыргызстандын калкы үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат. Жергиликтүү телеканалдардын туруктуу иштеши калктын маалымат керектөөсүн эле канааттандырууга өбөлгө түзбөстөн, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана маалымат коопсуздугун камсыздоо менен да тикелей байланышкан.

Ошол эле учурда телерадио уюмдар олуттуу тоскоолдуктарга туш келип, аларды өз алдынча жөнгө салууга аракет кылууда. Санарип телекөрсөтүүгө өтүүгө байланыштуу божомолдонгондой телеканалдардын берүү акысы арзандаган жок. Тескерисинче, РПО РМТР коммерциялык мультиплексинде берүү акысынын наркы жыл сайын 30 % өсүүдө (2020-жылы бул акынын өлчөмү 2 160 000 сомду түзөт). “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, 2017-жылдан тарта кыргыз телекомпаниялары ата мекендик берүүлөрүнүн 50%ынан кем эмес бөлүгүн мамлекеттик тилде берүүгө милдеттендирилди. Мамлекеттик тилди жана кыргыз маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын түшүнүп, мекенчилдик парызын аркалап, ата мекендик жеке менчик телерадио компаниялар бул демилгени колдоого алышты жана каражаттын тартыштыгына карабастан, кыргыздын улуттук телеберүүлөрүн чыгара башташты. Бирок COVID-19 пандемиясынын айынан экономикалык келип түшүүлөр 70 пайыздай кыскарып, телекөрсөтүү сектору өтө оор каатчылыкка тушукту. Көптөгөн көз карандысыз жеке менчик телеканалдар өздөрүнүн чыгармачыл командаларын кыскартууга аргасыз болушту, анткени эмгек акы төлөй албай калышты. Эмгек акыдан тышкары ата мекендик телеберүүлөрдү өндүрүүгө да каражат жок. Ал эми республикалык бюджеттен каржылануучу телерадио компанияларга (14 чакты телеканалга жана 5тен ашуун радиого), ачык маалымат булактарынан белгилүү болгондой, берүүлөрүн колдоо жана жүргүзүү үчүн жыл сайын 1 млрд сомго чейин бөлүнүп турат.

Бирок өкмөт аралык макулдашуулар алкагында өлкөбүздүн аймагында чет өлкөлүк телеканалдар да берүүлөрдү жүргүзүп келет. Азыр Россиянын “Первый канал” жана “РТР Планета” телеканалдары бизде социалдык мультиплексте, акысыз жердик эфир аркылуу берүүсүн жүргүзүп жатат. Бул чет өлкөлүк телеканалдарга 2019-жылдын 1-июлуна чейин берүү чыгымдарын каптоо үчүн ата мекендик жарнамаларды чогултууга уруксат берилген эле (белгисиз себептерден улам 2018-жылы мунун өлчөмүн жылына 75 000 000 сом деп белгилөө сунушталган).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Жогорку Кеӊеште өтө тымызын (ата мекендик телерадио компанияларга кабарлабай) “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Аларга ылайык, бир жылдан кийин чет өлкөлүк телеканалдарга 2023-жылга чейин ата мекендик жарнаманы жыйноого, б.а. “акчалай каражаттын бир бөлүгүн ата мекендик, мунун ичинен мамлекеттик да телерадио компаниялардан алып коюуга” уруксат берилет. 2020-жылы 11-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында экинчи окууда бул мыйзам долбоору кабыл алынды. Телерадио компаниялар бирикмелери жана ассоциациялары тарабынан Жогорку Кеӊешке жана өкмөттүк органдарга мыйзамды мындай редакцияда кабыл албоо жана ата мекендик телерадио компаниялардын өкүлдөрүн талкууга чогултуу жөнүндө өтүнүч менен тийиштүү арыздар жиберилди. Бирок кат жүзүндөгү кайрылуулардын эч бирине көӊүл бурулбай, атүгүл каралбай да кала берди.

Башкача айтканда, “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамдагы өзгөртүлүп жаткан үч сөз ата мекендик телекөрсөтүүнү жага көз карандысыз телерадио компанияларды өнүктүрүүгө өтө терс таасир тийгизет.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамга сунушталган бул өзгөртүүлөрдү кабыл албаӊыз деп суранабыз.

Бул мыйзам долбоорунун ата мекендик телерадио компанияларга тийе турган кесепеттери.

1) Телерадио берүүлөр базарында жалпыга теӊдеш эмес шарт түзүлөт:

— ата мекендик телерадио каналдар жергиликтүү контекнтинин 50 %ынан кем эмес бөлүгүн мамлекеттик тилде берүүгө милдеттүү, ал эми чет өлкөлүк телеканалдарга бул талап жайылтылбайт;

— чет өлкө телеканалдар мамлекеттик тил жана жергиликтүү телеберүүлөрдү берип туруу талаптарын аткарбай эле ата мекендик жарнаманы жыйнай берет, ал эми ата мекендик телерадиоканалдар мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес;

2) Үлүшүн чет өлкөлүк телеканалдар алып коёруна байланыштуу ата мекендик телерадиоканалдар кыскарып, жабылып калат;

3) Ата мекендик телеканалдардын ата мекендик берүүлөрдү колдоо жана таратуу жүгү оорлошо берет, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында чоочун идеологияны, маданиятты жана тилди жайылтуучу чет өлкөлүк телеканалдар бул милдеттен толугу менен бошотулган, алар эч кандай акы төлөбөстөн, кыргыз телерадио компанияларынын эсебинен ыӊгайлуу шартка ээ болот.

Мыйзам долбоорун комитеттерде караганда жана ата мекендик телерадио компаниялардын өкүлдөрү кайрылганда эч көӊүл бурулбай кала берген төмөнкүдөй орчундуу жагдайларга Сиздин көӊүлүӊүздү бургубуз келет:

Эки чет өлкөлүк телеканалдын – “Первый канал” менен “РТР Планетанын” таралуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 1996-жыл, 28-мартта түзүлгөн “Россиянын телерадиоберүү уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын аймагында таралтуу тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылып келет. Бул макулдашуунун 3-беренесине ылайык, “кыргыз тарап Россиянын телерадиоберүү уюмдарынын программаларын сапаттуу кабыл алууну камсыздоо боюнча зарыл уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат” деп белгиленген. Б.а. кыргыз тарап бул программаларды Кыргыз Республикасынын аймагына кабыл алуу боюнча техникалык жана уюштуруу маселелерин гана камсыздоого милдеттенген.

Мында макулдашуунун 5-беренесине ылайык, “Россиянын телерадиоберүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында таралуусу акы төлөө негизинде, кызыкдар тараптар ортосундагы келишимдерди түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат” деп белгиленген. Ошентип, чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын программалары акы төлөө негизинде берилиши керек (б.а. кыргыз тарап өнөктөштөрдөн тийиштүү акчалай акы алып турууга тийиш).

Бирок, жогорудагы шартка карабастан, бул мыйзам долбоору боюнча чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын программаларын таратуу акысын ата мекендик кыргыз телерадио компанияларынын эсебинен алуу сунуш кылынып жатат.

Сизди урматтап,

Е.Тисленко,
“Индустриалдык медиакомитет” ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы

К.Оторбаев,
“Санарип технологиялар” уюмунун деректири

Окшош посттор