Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстанда сөз эркиндигинде каршы багытталган мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизилет

Кыргызстанда сөз эркиндигинде каршы багытталган мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизилет

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри 13-ноябрдагы журналисттик жыйын убагында билдирди. Ошондой эле, ал маалыматтык саясаттын концепциясын тааныштырды.

Министр Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул документке мамлекеттик органдар менен ЖМК ортосундагы кызматташтык, сөз эркиндигин колдоо, мамлекеттик басылмаларды реформалоо негиз болуп саналат.

Аны менен бирге сөз эркиндигине каршы багытталган мыйзам долбоорлоруна мораторий киргизүү каралууда. «Бул мораторий убакыт менен чектелбеш керек. Сөз эркиндиги конституциялык эмес, түпкүлүктүү укук болуп саналат», – деп белгиледи Н.Кадырбеков.

Концепция алкагында журналисттерди коргоого багытталган сунуштар демилгеленет. Ошондой эле, Жазык кодексине журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу үчүн жаза караган беренени кайтаруу сунушталууда. Маданият министринин пикири боюнча, мындай берене журналисттер менен баарлашууда өзүнүн кызмат абалынан пайдалангысы келген мамлекеттик кызматкерлерге бөгөт болуп калышы керек.

Кыргыз парламенти чуу пайда кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна буга чейин добуш бергенин айта кетүү керек. Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Гульшат Асылбаева жана КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген. Журналисттик коомчулук «бул документ сөз эркиндигине коркунуч келтирет» – деп эсептейт. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорун парламентке кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарып берген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалыматтык саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгууну баштады. Мамлекеттик кызматкерлер баса белгилегендей, концепциянцын принциптери журналисттер коомчулугу менен талкууланат жана толук иштелип чыгат.

Окшош посттор