Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Вице-премьер министр Разаковдун “Азия Ньюс” гезитине болгон доо арызы боюнча соттук кароонун күнү аныктала элек

Вице-премьер министр Разаковдун “Азия Ньюс” гезитине болгон доо арызы боюнча соттук кароонун күнү аныктала элек

“Азия Ньюс” гезитине карата доо арызын жөнөткөн вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун иши Бишкек шаарындагы Октбярь райондук сотунда каралмакчы. Ал иш качан каралаары азырынча тактала элек. Бул туурасында “Журналисттер” КБга КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, КР Өкмөтүнун басма сөз кызматы буга чейин вице-премьер министр Жеңиш Разаков өзүнүн ар-намысы коргоо максатында басылманы анын Тажикстандын чалгынчылары менен байланышы бар деген макаласы үчүн сотко берген. Аткаминер доо арызда кадыр баркына келтирилген чыгымды 10 млн сомго баалаган.

2019-жылдын апрель айында Ж. Разаков анын Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар деген жалган маалыматты тараткандыгы үчүн депутаттарды сотко берээрин айткан. Парламент өкүлдөру бул темада талкуу жүргүзүп, аткаминердин бул кылыгы үчүн кызматын өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.

УКМК менен Өкмөт Ж. Разаковдун Тажикстандык атайын кызматтарга тиешеси жок экенин билдиришкен. Бул имиштер Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болгон окуядан кийин чыккан. Ошол маалда Ж. Разаков экинчи тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү маалында Кыргызстандык делегациянын башында турган.

Ж. Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар экен деген маалымат 2016-жылдары эле Тажикстандык ЖМКларында жарыяланып, кийин аткаминер жаңы кызматтарга дайындалган мезгилдерде улам-улам жарыяланып келген.

Разаков Тажикстандык чалгынчысыбы?” деген материал ушул жылдын март айындагы гезиттин санында жарык көргөн. Бул суроо болчу. Андан бери жарым жыл өттү, ошондон бери жүрүп, эми эсине келип, ар-намысыма шек келтирилди деп, 10 млн сомго бааланган доо арызын сотко берип олтурат. Бул абдан кызык нерсе. Балким, бул нерсенин аркасында кандайдыр бир сыр жаткандыр? Балким, Разаков өзүнүн милдеттерин так аткарып, ынгайсыз суроолорго жооп бериши керектир? Менимче, бул сөз эркиндигине болгон кысым жана басылмага болгон саясий кысым деп эсептейм. Буга чейин биз өкмөт мүчөлөрүн ачык эле сындап келгенбиз. Бизди ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин 7-бөлүмүнүн жетекчиси Матмусаев дагы сотко берген”, – деп жазат фейсбуктагы баракчасына “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев.

Эскерте кетсек, Октябрь райондук соту “Азия Ньюс” гезитине карата берилген ИИМ министри К. Жунушалиевдин доо арызын кароону баштаган. Министр “Такталбаган маалымат жана коллаж” үчүн келтирилген зыянга беш миллион сом өндүрүүнү талап кылууда. Жаздын күнү басылмага карата доо арызын ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров дагы берип, “2014-жылы студент Камиля Дүйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу окуя” жөнүндөгу макала үчүн 10 мл сом өндүрүүнү талап кылган. Бирок, доо арызын кийин кайра чакыртып алган. 2018-жылы болсо, гезитти мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков дагы сотко берген. 2019-жылдын январь айында ал гезитке жана анын башкы редактору Аслан Сартбаевге карата берилген доо арыздарды чакыртып алган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаарындагы өкүлү

Окшош посттор