Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстандын медиа коомчулугунун иш аракеттер Платформасынын кайрылуусу

Кыргызстандын медиа коомчулугунун иш аракеттер Платформасынын кайрылуусу

Кыргызстандын медиа коомчулугу Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин офисиндеги тинтүүлөрдү жүргүзүүнү жана Болот Темировдун кармалышын Кыргызстандагы сөз эркиндигине түздөн-түз кысым көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу, анын ичинде Конституция менен кепилденген журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык коому жана эл аралык коомчулук “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдар менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө бут тосуунун болуп көрбөгөндөй аракеттерине күбө болуп жатышат.

Күч органдары Болот Темиров жетектеген Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин командасына шектүү, ойдон чыгарылган айыптоолор менен басым жасоого аракет кылууда. Өзгөчө тинтүү жана техникаларды алуу иштери «Ташиевдердин кланына» байланыштуу иликтөө жарыялангандан кийин эртеси күнү болуп жатканы тынчсыздандырат, бул изилдөөдө журналисттер КР УКМКнын төрагасынын туугандары кантип «Кыргызстандын мунайзат магнаттары» болуп калганын айтып беришкен.

Temirov Live командасы бул материалды даярдоодо ал жарыяланганга чейин эле ага байланыштуу аңдууларды байкап жана коркутууларды алып жатышканын жарыялаган. Мындай кырдаалда укук коргоо органдарын колдонуу – Болот Темировду айыптоонун жана анын командасын коркутуп-үркүтүүнүн артында бийликтин жогорку эшелонунун өкүлдөрү турат деген кейиштүү тыянактарды чыгарууга аргасыз кылат.

Temirov Live журналисттер командасы Кыргызстандын саясатчылары аралашкан коррупциялык схемаларды ашкерелеген көптөгөн резонанстуу иликтөөлөрдүн автору. Temirov Live профессионалдуулугу Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгиленип, таанылган. Мындай аракеттери менен Кыргызстандын бийлиги азыркы мыйзамдарды бузуп эле тим болбостон, өлкөдө эркин журналистикага орун жок экенин, бийликтин буга чейин айткандарын жокко чыгарып, тоталитардык режимдердин жолуна түшүп жатканын эл аралык коомчулукка көрсөтүп жатат.

Белгилей кетсек, Конституциянын гаранты болгон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына жана журналисттерге коркунуч жок жана болбойт деп бир нече жолу айткан. Бул гана эмес, мамлекет башчысы жана анын командасынын мүчөлөрү сөз эркиндигин колдоонун маанилүүлүгүн коррупция менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири катары белгилеп келишкен.

Бирок, Болот Темировдун кармалышы күч түзүмдөрүнүн аракеттери же КР бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканын, же бийликтин реалдуу иш-аракеттери менен айткан сөздөрү эки ача экенин көрсөтүп турат. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүккө болгон укугун одоно бузуу – Кыргызстанды мыйзам үстөмдүгү жок өлкө катары көрсөтүү менен бүтүндөй өлкөнүн аброюна доо кетирет. Ал эми ишмердүүлүк ачык жана Конституция кепилдик берсе да, ар бир адам системанын курмандыгы болуп калуусу мүмкүн экендигин көрсөтүп турат. Буга журналист Болот Темировдун окуясы ачык далил.

Медиа коомчулук Кыргызстандын бийлигин мыйзамдуу жол менен иштеп, тоталитардык режимдердин эркин басма сөзгө, айрым журналисттерди коркутуу жана кысым көрсөтүү максатындагы тажрыйбасын колдонбоого чакырат. Ошондой эле иликтөөчү журналист Болот Темировду тезинен бошотууну, күч органдарынын аракеттерин ар тараптуу ачык иликтеп журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылгандарды таап, иштин жыйынтыгын жарыялап жана айыптууларды жазага тартууну талап кылат.

Окшош посттор