Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Журналистика негиздери” китеби жарык көрдү

“Журналистика негиздери” китеби жарык көрдү

Жыл жаңырар алдында Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин сунушу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Журналистика негиздери” окуу китеби биринчи жолу жарык көрдү.

Китеп журналистиканын негизги, базалык категориялары: жалпыга маалымдоо каражаты түшүнүгү, аны түзүү жана уюштуруу, журналистиканын негизги баалуулуктары, жанрлары, журналистиканын ролу жана функциясы, журналистиканын укуктук жана этикалык негиздери, журналисттик ишмердүүлүктүн натыйжасы, жалпыга маалымдоо каражатынын аудиториясы жана интернет журналистиканын теориялык жана тажрыйбалык өңүттөрү талданган. Басылма америкалык, европалык, орусиялык  медиа изилдөөчүлөрүнүн тыянактарына, корутундуларына жана автордун жеке журналисттик тажрыйбаларына таянып жазылган.

Китеп “ММКны колдоо борбору” фондусунун каржылоосу менен жарык көрдү. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү үчүн китепканаларга бекер таркатылат. Бакыт Орунбековдун буга чейин илимий жана публицисттикалык багыттагы 5 китеби жарык көргөн.

Окшош посттор