Ош жана Жалал-Абад облусундагы журналисттер конфликттик учурларды кантип этият баяндоо сырларын үйрөнүп жатышат.
Чатакташкан тараптарды ымалага келтирүүдө журналисттин ролу кандай болорун АКШдан келген журналист, Search for common graund эл аралык уюмунун өкүлү Лина Слакмулдер үйрөтүүдө.
Ал Вашингтондон Кыргызстанга бир айлык иш сапар менен келген.
– Лина айым, Ошко келгениңизге үч аптанын жүзү болуп калды. Бул аралыкта шаардан кандай таасир алдыңыз?
– Биринчиден, мен Кыргызстанга кайра келгениме кубанычтамын. 2010-жылдагы кандуу калабадан кийин деле келип, бул жердеги абал менен таанышып кеткем. Эки жыл мурдагыга салыштырмалуу жакшы таасирлерди алдым. Жабыр тарткандардын жашоосун жакшыртуу жаатында алгылыктуу кадамдар болуп жатканын көрдүм.
Дагы айта кетчү сөз, Ошко жай мезгилинде келгениме кубанып жатам. Айлананы көргөнгө бул мезгил аябай ыңгайлуу. Эки жыл мурун келгенимде ызгаардуу кыш болчу.
– Бир-эки ай мурун эле интернет булактарында Ош шаарында абал кооптуу деген маалыматтар тарап жатты эле. Сиз кандайдыр бир кооптонууну жараткан кырдаалдарды байкай алдыңызбы?
– Мен эки жаатка бөлүнүүнү, жаңжалга жол ачуучу себептерди көргөн жокмун. Адамдар эч кандай кооптонуусуз эле басып жүрүшкөнүн байкадым. Мен өзүм деле эч кандай чочулоосуз шаар көчөлөрүндө басып жүрдүм.
Мени эки жыл мурун чатакташып кеткендер азыр бири бирине кандай көз карашта болуп жатканы мени кызыктырды. Ушул суроого жооп табуу мен үчүн маанилүү болду десем адашпайм.
– Жооп таба алдыңызбы?
-Жок, бул суроого толук жооп таба албадым. Бирок жарашуу жараяны так ортосуна келгенин байкадым. Жарандарды бир ымалага келүү жаатында аябай алгылыктуу жараян жүрүп жатыптыр.
– Келиңиз эми сиздин сапарыңыздын максаты жөнүндө сүйлөшсөк. Сиз азыр жергиликтүү журналисттерге конфликттик кырдаалды кантип чагылдыруу керектигин үйрөтүп жүрөсүз.
– Мен Оштогу Youth of Osh коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында журналисттер менен иштешүүгө келдим. Бул долбоорду USAID колдоого алган. Аймактагы тогуз медиа-мекеменин кызматкерлерине конфликттик учурларда абалды жайгарууга кантип салым кошуу керектиги боюнча окууларды өткөрөбүз.
Жаңжал зомбулукка айлана электе журналисттин салымы менен көйгөйдү оң тарапка кантип чечсе болоору жөнүндөгү маселелердин үстүндө иштеп жатабыз. Мен конфликт дегенде бир гана улуттар аралык түшүнбөстүктөр жөнүндө айткан жокмун. Жаңжалдын түрлөрү көп, аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздик маселеси бар, же кошуналардын жаңжалы, же болбосо мугалим менен окуучунун ортосундагы түшүнбөстүктөр…
– Бул жаатта окутууларды өткөрүү канчалык даражада маанилүү деп ойлойсуз?
– 2010-жылдагы окуядан кийин адамдардын арасында жаңжал деген түшүнүккө карата көз караш өзгөрүп калды да. Көпчүлүк жаңжал десе эле зомбулукту же улут аралык чатакты түшүнүшү мүмкүн. Бул долбоор жаңжалды чоң чыр-чатакка жеткирбөөнүн жолдорун үйрөтөт. Бардык эле чатакты өз ара ымалага келүү менен оң тарапка чечсе болору жөнүндө кеп кылабыз.
Маалымат булагы: “Азаттык” радиосу, 9-июль, 2012-жыл