Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

«Бизде силер менен чогуу каткыргандан башка кызыкчылык жок». Ойдон чыгарылган жаңылыктар маалымат агенттигинин иши жөнүндө

«Бизде силер менен чогуу каткыргандан башка кызыкчылык жок». Ойдон чыгарылган жаңылыктар маалымат агенттигинин иши жөнүндө

«Интерсакстын» башкы редактору менен интервью

«Интерсакс» – окурмандарга «күндүн альтернативдүү көрүнүшүн» сунуштаган, ойдон чыгарылган жаңылыктардын маалымат агенттиги. «ЖУРНАЛИСТ» сайты анын башкы редактору менен агенттиктин фейк жаңылыктар жөнүндө мыйзам менен мамилеси, ойдон чыгарылган жаңылыктардын башка ЖМКга чыгышы жана «Интерсакс» окуяларды кантип алдын ала болжолдой алаары тууралуу баарлашты.

– Ойдон чыгарылган жаңылыктардын маалымат агенттигин түзүү идеясы качан жана кандайча пайда болду?

– 2013-жылы бир кыз экөөбүз электричкада бара жатып, Сноуден жөнүндө тамаша айтыштык. Анан мага күтпөгөн жерден Сонудендин Анна Чапман менен үйлөнүүсү жөнүндө сатира жазуу тууралуу ой келди. Бул тема «Интерсакс» маалымат агенттигинин биринчи жаңылыгы болгон. Анан ошол ойдон чыгарылган жаңылыктарды маалымат агенттигинин үлгүсүндө берүү форматы – чоң жаңылык жаратты. Биз Россиядагы биринчи сатиралык жаңылык ресурсу болуп калдык. Анткени ал чөйрө чындап бош болчу.

– Аталышы эмнеге мындай?

– Ал байкалып тургандай «Интерфакс» менен үндөшөт. Ошол эле учурда биздин аталыш англис тилиндеги одоно сөздү камтыйт. Башкача айтканда, биз чыныгы турмушту «акылынан адашты» деп урушкандай болобуз. Башында «Интерфакста» иштеген кесиптештерден алардын брендин мындай пайдаланууга каршы болот деп чочулаганбыз. Бирок алар тамаша катары кабыл алышты жана атүгүл «Интерсаксты» биз жылда 4-июлда белгилеген туулган күнү менен куттукташат.

– «Интерсаксты» эмне үчүн иштетип жатасыңар?

– Адамдарды алаксытуу жана көңүлүн ачуу үчүн. Биз оппозицияны дагы, бийликти дагы жактабайбыз. Бардыгынын үстүнөн күлөбүз. Бизде америкалык президенттер, украиналык, орусиялык саясатчылар жөнүндө жаңылыктар бар. Жакында биз бүткүл дүйнөдөгү өнөр жай өндүрүшүн токтотуу үчүн коронавирусту түзгөн имиш деп, «Black Lives Matter» кыймылын, Грет Тунбергди тамашага салдык. Навальныйдын Сафроновго сын айтканын, ал журналистке баңги зат ыргытканы тууралуу имишти кошуп айтып, тамаша кылдык. Бир жагынан алганда биз бийликке жардам берип жатабыз, анткени адамдар бугун чыгара турган аянтча түздүк. Анткени алар көп нерсеге ачууланат, эмне болуп жатканын түшүнө алышпайт, ал эми биздин жаңылыкты окуганда адам күлөт, быйтыкча (смайлик) коет жана жеңилдей түшөт. Сатира – бул күлкү, тамаша аркылуу берилген тынч агрессия.

– Окурман силердин маалымат агенттигинин материалдарына эмне үчүн кайрылат?

– Биз окурманды күндүн башкача көрүнүшү менен тааныштыргыбыз келет. Федералдык каналдардан жана башка көпчүлүк ЖМКдан башкача өңүттө көрсөткүбүз келет.

 

БИЗ ИДЕОЛОГИЯЛЫК ЧЕКТӨӨСҮЗ КҮЛКҮЛҮҮ КӨРҮНҮШТӨРДҮ ЧАГЫЛДЫРГАН ЭРКИН, КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ЖАКТАЙБЫЗ

«Интерсакс» ар кандай окуялар болушу күтүлгөн параллель жаңылыктарды түзөт. Мисалы, Москва бийликтери катанын айынан ГУМду, Чоң театрды жана Третьяковду буздурат (Интерсакстын тарыхындагы эң белгилүү жаңылык), Минпромторг смартфондорду кошуп болгон чет элдик техникага дубаланган суу чачууну чечет, же половецтер менен печенегдерге каршы орусиялык аймактарды ээлеп алуу боюнча кылмыш иши козголот.

– Жаңылыктар кандай принцитер боюнча ойлонуп табылат?

– Чыныгы тренддери алабыз жана маанисин бурабыз. Салтыков-Щедрин (биздин кумир) өз убагында: «Эгерде Ыйык Орус жеринде адам таң калса, анда ордунда катып калат жана өмүрүнүн аягына чейин казык болуп катып тура берет», – деп жазган. Анан биз дагы Орусияда, анан дүйнөдө болуп жаткандарга таң калуу менен чогуу какайып турабыз. Бирок чындыгында жыл өткөн сайын тамашалоо кыйын болуп бара жатат. «Интерфакстын» жаңылыктары «Интерсакстын» жаңылыктарына караганда көбүнчө көп жана күчтүү келет.

– Окурмандын адаштыргандан коркпойсуздарбы?

– Биздин окурмандар акылдуу, билимдүү. Алар жаштар жана орто курактагылар. Айрымдар албетте «Интерсакс» жаңылыктарына ишенип кетет. Бирок алар биздин окурмандардын аз бөлүгүн түзөт. Мисалы «Россия» телеканалындагы Скабееваны Канделакиге алмаштыруу жөнүндө кабар абдан көп пикирлерди жаратты. «Биздин Олечканы кайтаргыла», «Ал жок программа өлөт» жана башка ушул сыяктуу пикирлер айтылды. Скабееванын ишин жактыргандардын көп экенине биздин оозубуз ачылган. Же болбосо Трамптын СССРди кайра түзүү сунушу жөнүндө жаңылык дагы ийгилик жараткан.

– Маалымат агенттиги үчүн материалдарды ким жазат?

– Башында мен жалгыз жазчумун. Кийин окурмандар сунуштай баштады. Азыр чакан команда 95% жаңылыктарды ойлоп табат, калганын биздин тамашакөй катталуучулар берет. «Интерсакс» – бул биз иштен бош убакта алектенген, таптакыр коммерциялык эмес долбоор. Баса, бизге кызматташуу жөнүндө олуттуу сунуштар дагы түшкөн. Мисалы «Дождь» телеканалынан. Бирок биз жаңы эле макулдашканда ал жакта жетекчилик алмашып кетти. Бийликти жактаган ЖМКдан дагы кызматташуу сунушташкан. Бирок кандай сунуш болбосун аларды өзүбүздүн шарттарда гана карайбыз. Алар эң жөнөкөй – бардык күлкүлүү көрүнүштөр үчүн эркин, көз карандысыз, идеологиялык чектөөлөрсүз чыгармачылык.

– Силердин жаңылыктарда чындык барбы? Каармандардын пикирлери дагы ойдон чыгарылганбы?

– Ооба, «Интерсакс» чыныгы күн тартибине таянат. Каармандардын пикирлерин албетте биз ойлоп табабыз. Бирок биз Лукашенконун уулу менен шумдуктай сүйлөшүүсүн же Ефремовдун адвокатынын укмуштай билдирүүсүн ойлоп таба албайт элек. Кээде белгилүү адам тууралуу бир нерсе жазгыбыз келет, ал болсо өзү жөнүндө эң сонун айтып койгон болот. Алымча кошумчанын дагы кереги жок.

– Маалымат агенттигинин жаңылыктары – бул сатирабы же фейкпи?

– Бул сатира. «Фейк» сөзү анча жагымдуу эмес, анткени ал сиздин жеке максаттарыңыз үчүн аудиторияны адаштырууну көздөгөнүңүздү билдирет. Бизде болсо сиздер менен чогуу каткырып күлгөндөн башка кызыкчылыгыбыз жок.

 

ОКУРМАНДАР БИЗГЕ: «ӨТҮНҮЧ, АЛАРГА ЭЧ КАНДАЙ ОЙ АЙТПАГЫЛА», – ДЕП ЖАЗАТ. БИЗ БОЛСО ТОКТОНО АЛБАЙБЫЗ

Биз күлкүлүү көрүнүштөргө күлөбүз. Анан өзүбүздү сайтта – «Интерсакс» өнүмдөрү – бул ойдон чыгарылган жаңылыктар» деп бардык окурмандарды чынчылдык менен эскертебиз.

– «Интерсакстын» фейк жаңылыктар тууралуу мыйзам менен мамилеси кандай?

– Мамдумадан биздин агенттик ал мыйзамга туура келбейт деп ишендиришти. Андай болбосо «КВН», «Камеди Клаб», стендаптарга тыюу салуу зарыл болмок. Анда биз дагы жашай албайбыз. Ал эми Орусияда юморсуз жашоо мүмкүн эмес.

– Материалдардын каармандарынан, башка басылмалардан, өкмөттөн маалымат агенттигине жана анын жазгандарына арыз-даттануулар болгон беле?

– Андай эсимде жок. Тескерисинче бизде чыгармачылык дебаттар болгон. Мисалы, Росбасма менен ошондой болгон, алар тууралуу биз чыгарган материалга жооп катары өздөрүнүн макаласын жөнөтүшкөн жана биз аны кубануу менен жарыяладык. Мамлекеттик мекемеде юморго ушундай түшүнүү менен карагандарына абдан таң калганбыз.

– Сиздердин жаңылыктар ЖМКга чыгабы? Аларга шилтеме беришеби?

– Кээде болот. Айтсак айрым журналисттер Ростов-на-Дону жерине Андрей Чикатилонун эстелигин орнотуу жөнүндө жаңылыгыбызды чын кабыл алышкан. Коомдук түйүндөр боюнча дагы жакшы тараган. Менин досумдун апасы атүгүл катуу кыжырланган экен. Бул Иван Грозныйдын эстелигин Орелго орнотууга карата аллюзия болчу.

– Кандай окуяны кантип алдын ала болжолдой алдыңар? Кандайча мүмкүн болду?

– Болжолдоо боюнча бизде баары жакшы. Биз росгвардиячылардын десантчылар менен мушташын, пенсиялык топтоолорду тоңдурууну, экономикалык блоктун министринин камалышын, Ксения Собчактын РФ президенттигине талапкерлигин коюусун, 2017-жылдагы салкын жайды, «Black Lives Matter», Анатолий Сердюковдун бийликке кайтып келишин, Путиндин мөөнөтүнүн жокко чыгарылышын жана башка окуяларды алдын ала айта алдык. Тажрыйба көрсөткөндөй, Орусяда бардык кырдаал ойго келбеген абалга чейин жетиши мүмкүн жана кээде ошондой болот. Окурмандар бизге: «Өтүнүч, аларга эч кандай ой айтпагыла», – деп жазышат. Биз болсо токтоно албайбыз. Келечектен кабар алгыңыз келеби – анда «Интерсаксты» окуңуз.

– Сиздер Лукашенконун кызматтан кетиши жана митингчилердин өлүм жазасына тартылышы тууралуу жаңылыктарда эмнени айткыңыздар келген?

– Белорусияда болуп жаткан окуялар бизди тынчсыздандырат. Биз өзүбүздүн жаңылыктар менен окуялардын жаман вариантта өнүгүшүн эскерткен сыяктуу өңүттө кырдаалды ойго келгис абалга жеткиребиз. Адамдарга эскертүүгө убакыт болсун үчүн аларга бардык сценарийлерди, атүгүл абдан кооптуу вариантын дагы көрсөтүшүбүз керек. Мисалы, митингчилердин өлүм жазасына тартылышы жөнүндө жаңылык – бул ОМОНчулардын тынч каршылык акциясынын катышуучуларына карата зомбулугун башка өңүттө көрсөтүү болду. Ал эми текстин негизинде Лукашенко менен Тихановскаянын никелешүүсү – оң маанайдагы окуялардын өнүгүшүн сунуштоого умтулуу катары берилген. Көптөгөн окурмандар атүгүл бизге ыраазычылык айтышты. Бардыгы агрессиядан абдан чарчаган.

– Аудитория маалымат агенигинин материалдарына кандай таасир көрсөтөт?

– Айрым кишилердин саясий көз караштарына туура келбей калсак ачууланышат. Бирок «Интерсакс» саясаттан тышкары. Биз чыгармачылык, адабият жана сатира мейкиндигинде иштейбиз. Биз жакында жаңы жанр – ойдон чыгарылган интервьюну ойлоп таптык. Бул сериядагы алгачкы маек Никита Михалков менен Билл Гейтстин 5G мунаралары жана суюк чиптер жөнүндө баарлашуусу болду. Бул интервью жакшы резонанс жаратты. Бизге болсо адамдардын азыркы ызы-чуу, баш аламан жана терс маанайдагы маалыматтар арасынан биздин жаңылыктарды окуганы, өзүнчө жылмайып же атүгүл күлүп алып андан ары өз ишин улантышы жагымдуу. Чыңалууну төмөндөтүү, биздин окурмандарга алда канча жакшы маанайда жана көңүлдүү болууга жардам берүү – биздин чакан маалымат агенттигинин миссиясы.

Анна Мамякова, “Журналист”,
Макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор