Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд 2013-жылдын “Жылдын мыкты журналисти” наамына сынак жарыялайт

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд 2013-жылдын “Жылдын мыкты журналисти” наамына сынак жарыялайт

Сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык түрү:

  • гезит;
  • теле жана радио
  • Интернет тармагында иш алпарган журналисттер ат салыша алат.

Сыйлык ээсин дасыккан жана белгилүү журналисттерден куралган атайын комиссия аныктайт.

Сыйлык ээсине 100 000 (жүз миң) сом акчалай сыйлык, диплом жана лауреаттык медаль күбөлүгү менен тапшырылат.

Эмгектерди карап чыгууда төмөнкү критерийлерге көңүл бурулат:

  • жазуу же чагылдыруу чеберчилигинин өзгөчөлүгү;
  • макала же телерадиоберүүлөрдүн улут маданиятын байытып, журт намысын ойготкон, рух дөөлөтүн даңазалаган, элдин, жердин, мамлекеттин көйгөйүн көтөрүүгө салмактуу салым кошууга аракети;
  • тандалган теманын актуалдуулугу, маанилүүлүгү;
  • мазмундун тереңдиги;
  • айтылган темага болгон автордун ачык позициясы;
  • берилген стилдин кызыктуу, оригиналдуулугу, жатык тили;
  • аргументтүүлүгү, объективдүүлүгү;
  • журналисттин профессионалдык-этикалык нормаларын сактоосу.

Сыйлыкка көрсөтүлчү журналисттик эмгектердин жанрына, журналисттин жаш курагына, тилине жана чек арасына чек коюлбайт. Бирок, бир журналист комиссиянын кароосуна 3 гана материалын жибере алат.

Сыйлыкка талапкерлерди бардык ММКлар же автор жеке ирээтте өз талапкерлигин көрсөтө алат. Сыйлык ээсин аныктоочу комиссия да бир жыл аралыгында журналисттик майдандагы макалаларга өз алдынча байкоо салып, сунуштоо укугуна ээ.

Сыйлык ээсин аныктоо комиссиясы 2013-жылдын 1-январынан 20-ноябрына чейинки:

  • жарыяланган макала (түп нускасы же шилтемеси менен бирге);
  • уктурулган радиоберүү;
  • көрсөтүлгөн телеберүүлөрдү (эфирге берилген күнү, убактысы көрсөтүлүшү кажет) кабылдап, карап чыгып, баалап, 9-декабрда (Мелис Эшимкановдун туулган күнү) жыйынтык чыгарат.

Журналисттик эмгектердин мыктылары Мелис Эшимканов атындагы Кыргызстан журналисттер www.eshimkanov.kg сайтына жарыяланат.

**Сыйлык ээсин аныктоочу комиссиянын курамы калыс жана адилет чечилсин деген ниетте эч бир жерде жарыяланбайт.

Студент-журналисттер үчүн

Жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинде жаза билген жана мыкты окуган 5 студенттин ар бирине жылына бир жолу берилүүчү Мелис Эшимканов атындагы атайын стипендия тапшырылат.

Студент-журналисттер бул сыйлыкка Жогорку окуу жайлардын Журналистика жана телекоммуникация факультеттеринин жетекчилиги аркылуу көрсөтүлөт.

Республика боюнча журналистика факульттеринин жетекчиликтери жылына мыкты окуган 3 (үч) студенттин тизмесин жана алар жазган жана республикалык жана жергиликтүү басылма, Интернет сайттарга жарыяланган макалалары менен кошо Мелис Эшимканов атындагы фонддун дарегине жөнөтөт.

Гезит-журнал, Интернет басылмаларда жарыяланган материалдар бул дарек боюнча кабыл алынат:fondmeliseshimkanov@gmail.com,    eshimkanov@eshimkanov.kg

Ал эми телерадиоматериалдар (санарип каражаттарда, бир нече форматта) Бишкек шаары, Раззакова,32 (Москва көчөсү менен кесилишет), 6 кабат, иш күндөрү кабыл алынат.

Байланыш телефону: 0 (312) 89 09 59

http://www.eshimkanov.kg/index.php/599-obshchestvennyj-fond-imeni-melisa-eshimkanova-ob-yavlyaet-konkurs-na-zvanie-luchshego-zhurnalista-2013-goda

Окшош посттор