Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз гезиттерин тушаган каатчылык

Кыргыз гезиттерин тушаган каатчылык

Жергиликтүү медиа эксперттер Кыргызстанда гезиттердин нускасы азайып кеткенин айтып чыгышты.

Жаңы жарыяланган иликтөөгө ылайык, буга биринчи кезекте интернет колдонуучулардын көбөйгөнү себеп. Андан сырткары кыргыз басылмалары эл аралык журналистиканын талаптарына жооп бербейт. Мындан улам бир беткейликтен арыла албай окурмандарды тартуу жагынан аксап жатат.

Канышай Абдиева 20 жылга жакын убактан бери Жалал-Абадда гезит бизнеси менен алектенет. Анын айтуусунда, соңку күндөрү соода солгундаган. Абдиева муну басылмалардын мазмундук сапатынын төмөндүгү менен түшүндүрдү:

– Бир эле гезит жазган нерсени баары кайра кайталайт. Журналисттерде изденүү, жаңылануу жок. Бир теманы эки-үч жыл өтүп калгандан кийин жаңыртпай эле кайра кайталай беришет. Мазмунуна такыр көңүл бурушпайт. Илгери, мисалы, “Асаба” гезити абдан белгилүү эле, эл күтүп окучу. Мен гезиттерди райондордун баарына таратам. Ошол алты-жети райондо “Асаба” гезитинин 12 гана даанасы өтөт деген эмне деген шумдук.

21-октябрда “Медиа өнүгүү борбору” жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы берилген арыздар боюнча комиссия кыргыз басылмаларынын азыркы абалы тууралуу баяндама жарыялады. Анда аздыр-көптүр жылыштар болгону менен кыргыз басылмаларында мурдагыдай эле эл аралык журналистиканын башкы талаптары, кесиптик этика сакталбай жатканы айтылган. Журналисттер арасында тилектештик жоктугу белгиленген. Жалпысынан 30дан ашуун гезит иликтөөгө алынган анын он чактысы орус тилдүү басылма болуп саналат.

“Политклиника” гезитинин баш редактору Дилбар Алимова басылмалар боюнча айтылган мындай дооматтардын жүйөсү бар деген пикирде:

– Кыргыз гезиттерине окурмандардын ишеними аз. Кээ бир кесиптештер такталбаган маалыматтарды жаза беришет. Журналистиканын эл аралык стандарттарын сактабайт. Ушунун айынан ишенимден чыгып калган десек болот. Бирок гезит базарында мисалы ар кандай ушакты, интриганы жазган гезиттердинөтүмдүүлүгү жакшы. Коомдо журналисттер ушак жазат дегени менен окурмандардын табити да ошондой болуп калганы өкүндүрөт.

“Искра плюс” гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев кыргыз басылмалары заманга жараша өзгөрүшү керектигине токтолду:

– Окурмандар менен байланышуунун балким башкача ыкмасына өтүп, стилибизди өзгөртүшүбүз керек. Бул замандын талабы болуп жатат. Балким көп нускада чыгарып, аны элге бекер таратып, рекламалардын эсебинен жашоого өтөрбүз.

Социал-демократтар партиясынынын тизмеси менен парламентке келгени жаткан кесиби боюнча журналист Жылдыз Мусабекова гезиттерге байланыштуу кырдаалды жакшы билет. Ал айрыкча жеке менчик басылмаларга оор болуп жатканын айтып берди:

– Басылмалардагы каатчылык чынында мындан сегиз жыл мурун эле башталган. Мен мисалы журналистикадан кетип төрт жыл айыл өкмөт болуп иштедим. Ага чейин үч жылы жеке гезитимди чыгарып көрдүм. Аны 36 баракка чейин жеткирдик, аябай издендик. Бирок ошондо 5 миң нусканы ар кандай сынактарды, байгелерди уюштуруп жатып араң сатчубуз. Жеке менчик гезитти иштетүү өтө кыйын.

“Журналист” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоевдин ырасташынча, ушул тушта басылмалар интернетке көчүү, сайт ачуу жагына көбүрөөк кызыга баштады. Анын баамында, бул жараян деле бир катар себептерден улам оңой-олтоң болбойт:

– Азыр айрым редакторлор гезитти токтотуп эле жалаң интернетке өтсөкпү деген ойдо жүрөт. Бирок интернет жагында иштеген, интернет журналистиканы жакшы өздөштүргөн жаш кадрлар азыраак. Анткени интернеттин өзгөчөлүгү ыкчамдуулукта да. Болгон маалыматты ошол замат жарыялап туруу керек, эртеңкиге калтырганга болбойт. Анан мультимедиалык каражаттарды колдонууда балдар аксап жатат. Кадимки эле сүрөттү кантип жайгаштыруу керек, аны кантип оңдоп, текстти кантип жарыялоо керектигин көбү жакшы билбейт. Гезиттердин нускасынын азайганынын дагы бир себеби, ошол гезиттер окурмандарын ойлобой эле, каржылаган адамдарга жаккандай кылып жазат. Бул, албетте, окурмандарды иренжитет.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев айрыкча кыргыз тилдүү гезиттерди бир канча жолу сындаган жайы бар. Былтыр жазында парламент атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам кабыл алган жана президент айрым бир каршылыктарга карабай дароо эле кол койгон. Анда журналист, саясатчы же кимдир бирөө жалган маалымат таратканы сотто далилденсе, ага 50 миңден 200 миңге сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Элеонора Бейшенбек кызы, “Азаттык”, 23.10.2015

Окшош посттор