Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“М-Vector” Кыргызстандагы медиа айдыңды изилдеп чыкты

“М-Vector” Кыргызстандагы медиа айдыңды изилдеп чыкты

“М-Vector” иликтөө борбору Кыргызстандагы медиа айдыңга жасаган изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Маалымат каражаттары телекөрсөтүү, радио, гезит жана интернет деп бөлүнгөн. Сурамжылоолор  кыргызстандыктардын көбү маалыматтын маанилүүсүн жана чындыкка жакынын теледен (80%га жакыны) алышарын айтышкан. Кийинки орунда интернет, андан соң радио, анан гезиттер белгиленген.

Телеберүү

Кыргызстанда телеберүүлөр жаатында коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК) менен Россиянын Биринчи каналы (ОРТ) теңтайлашат экен. Андан кийинки орунда ЭлТР, НТС каналдары тургандыгы маалым  болду. Ал эми Ош, Жалал-Абад аймактарында аталган телеканалдардан сырткары  “7-каналды” көп көрүшөрүн изилдөөлөр көрсөткөн.

Жалпы Кыргызстандыктар  мыкты программаларды ОРТ (Россия), КТРК, ЭлТР, РТР, НТС жана “7-канал”, “Сары-Өзөн-ТНТ” көрсөтөт деп баасын беришкен. Ал эми Бишкек шаарынын тургундарынын баасы башкачараак болуп чыкты. Биринчи ОРТ, кийин “Сары-Өзөн-ТНТ”, РТР, НБТ, СТС, НТС-НТВ, жетинчи болуп КТРК илинген.

Сурамжылоого катышкандар  биринчилерден болуп жаңылыктарды көрөрүн айтышкан. Андан кийин ар кандай көркөм тасмаларды, ток-шоуларды, спорттук жана музыкалык берүүлөргө басым коет экен.

Радио

Радио угармандары жалпысынан , биринчи -“Кыргызстан обондору”, экинчи – “Европа плюс”, үчүнчү – “Азаттык”, төртүнчү “Тумар”, бешинчи  – “Авторадио” радиостанцияларыныкы көп экен.

Туура жана мыкты маалымат булагы катары биринчи орунда – “Азаттык” радиостанциясын аташкан. Кийинки орундарда “Кыргызстан обондору , “Европа плюс”, “Тумар”, “Кыргыз радиосу”, “ВВС” аталган.

Гезиттер

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жалпы Кыргызстан боюнча окумдуу газеталардын ана башында – “Супер Инфо” басылмасы турарын жарыялады. Андан кийин “Вечерний Бишкек”, “Дело№”, “Комсомольская правда”, “Аргументы и факты” деп белгиленген.

Ал эми Бишкек шаарындагы окурмандар биринчи орунган “Вечерний Бишкекти”, экинчи орунга “Супер Инфо” гезитин коюшкан.

Интернет

Изилдөөдө Кыргызстандык интернет колдонуучулардын саны 30%га жеткендиги айтылат. Адистер интернетти колдонуучулар жыл сайын көбөйүп жаткандыгын белгилешет.

Маалымат айдыңындагы сайттардан эң окумдуусу – akipress.org,экинчи орунда – 24.kg, кийнкиси – super.kg, андан соң – kabar.kg, кийинкиси wikipedia.org деп аныкталган.

Ал эми көңүл ачуучу, социалдык желе катары колдонулгандардын ичинен – odnoklassniki.ru биринчи орунга чыккан. Facebook  менен Агент mail.ru удаа келе жаткандыгын айтышты.

Интернетти колдонуучулар дүйнөлүк желеге үйүнөн (84,6%), иштен (13,8%), интернет-кафелерден (13,4%) киришерин айтышкан.

Изилдөөдө Кыргызстандык интернет колдонуучулардын саны 30%га жеткендиги айтылат.

Иликтөөнүн толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз (орус тилинде )

Окшош посттор