Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттык” фотосынак жарыялайт

“Азаттык” фотосынак жарыялайт

“Азаттык” радиосу «Ар бир кесип ардактуу» аттуу фотосынак жарыялайт.​

Сынактын максаты – ар бир кесипти даңазалоо жана кандай гана кесип болбосун, ал коомго пайдалуу экенин жеткирүү.

 Сынактын шарттары:

– Ар бир катышуучудан бир гана сүрөт кабыл алынат. Фотосүрөт сапаттуу, кимдир бирөөнүн автордук укугуна шек келтирбеген жана башка сайттарда жарыяланбаган болушу керек.

– Жиберилген фотосүрөт кайсы жерде тартылганы көрсөтүлүп, сүрөттөгү каарман тууралуу кыска маалымат тиркелиши зарыл.

– Ошондой эле автор тууралуу да маалымат камтылууга тийиш.

Сүрөттөр 31-декабрга чейин кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 1-январдан 20-январга чейин интернет-добуш берүү аркылуу тандалат.

Эң мыкты сүрөттүн жеңүүчүлөрүнө бир акыркы үлгүдөгү LG G3 уюлдук телефону жана эки wi-fi роутер белекке берилет.

Сынак үчүн материалды 0550 988 -755 WhatsApp номерине жана

jashtar2014@gmail.com дарегине жиберүү керек;

Сурап-билүү телефондору: 31 60 82; 31 61 55; 31 61 63

Сынактын башкы өнөктөшү «O!» уюлдук оператору.

Сынак Адистик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге өткөрүлүүдө.

Окшош посттор