Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Медиа полиси институту” SuperTV каналы боюнча билдирүү таратты

“Медиа полиси институту” SuperTV каналы боюнча билдирүү таратты

“Медиа полиси институту” SuperTV телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин имаратына киришине тыюу салынышы мыйзамсыз экенин билдирди.

Уюм тараткан маалыматка ылайык, парламенттин басма сөз кызматы каналдын кызматкерлеринин аккредитациясын жокко чыгаруу менен “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө эрежени” бузган.

Бул эрежеде журналистти аккредитациядан ажыратуу маселесин комиссия карап чечим чыгарат. Анда кабарчы Жогорку Кеңештин депутаттарын жана кызматкерлерин кемсинткен, алар тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтканда аккредитациясы жокко чыгарылары жазылган.

Ошондой эле парламенттин иш-чараларында коомдук тартип жана жүрүм-турум ченемдерин бир нече жолу бузганда да ушундай чара колдонулары көрсөтүлгөн. Мындан башка да бир катар эрежелер бар.

“Медиа полиси институту” парламенттин басма сөз кызматы SuperTV телеканалынын кызматкерлеринин каттоосун комиссиянын чечими жок эле чакыртып алганын билдирди.

“Медиа полиси институту” SuperTV телеканалынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратына эки күндөн бери жумушка кире албай жатканына, маалымат ресурсунун аккредитацияланган журналисттеринин айланасындагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирет. Парламенттин жооптуу адамдарынын мындай позициясы редакциянын журналисттеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоол болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы менен депутат Надира Нарматованын окуясынан кийин каналдын бардык кызматкерлерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал маселе SuperTVнын жетекчилиги менен сүйлөшүү болгондон кийин чечилерин айткан.

Канал мындай чектөөнү маалымат алууга тоскоолдук катары баалап, мыйзам бузулуп жатканын билдирүүдө. Алар парламенттин басма сөз кызматы чечимге кагаз түрүндө түшүндүрмө бериш керек деп эсептейт. SuperTV телеканалынын кызматкерлери имаратка 17-18-майда кире алган эмес.

11-майда Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик болгон.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өтөт. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин журналисттер парламентке тизме менен эле киргизиле баштады.

Булак: Azattyk

Окшош посттор