Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен Нарында. Журналисттер маалыматка жетүүдөгү чектөөлөргө даттанууда

#МедиаКербен Нарында. Журналисттер маалыматка жетүүдөгү чектөөлөргө даттанууда

Качандыр бир кезде Нарын облусу бүткүл өлкөгө өзүнүн жеке менчик телеканалдары жана гезиттери менен белгилүү болчу. Бүгүнкү күнү аймакта мамлекеттик жана жамааттык медиалардан башка эч кандай жалпыга маалымдоо каражаты калган жок. КТРКны реформалоодон кийин аймактык медиаларды кандай тагдыр күтөөрү дагы анык эмес. Нарындык журналисттер эртеңки күндү кооптонуу менен күтүп жашап келет.

Мурдагы Тянь-Шань облусу

Нарын облусу Тянь-Шандын борбордук бөлүгүндө жайашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик тоолуу аймак. Нарын чыгыш жакта Ысык-Көл облусу, түндүктө Чүй облусу, батыш тарапта Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешет, ал эми түштүктө Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгы өтөт.

Облустун жалпы аянты 45,2 миң чарчы чакырымды же өлкө аймагынын 23 пайызга жакын бөлүгүн түзөт. Облустун борбору – Нарын ш.

Нарын облусунун курамында 5 район: Ак-Талаа (Баетов а.); Ат-Башы (Ат-Башы а.); Жумгал (Чаек а.); Кочкор (Чаек а.); Нарын (Нарын ш.) жана 63 айылдык аймак бар.

Нарын облусу 1939-жылы Тянь-Шань облусу болуп түзүлгөн. 1962-жылы облус жоюлган жана анын райондорунун бир бөлүгү республикалык башкарууга өткөн. 1970-жылы декабрь айында Нарын облусу кайра уюштурулган. Андан 18 жыл өткөндөн кийин 1988-жылы облус кайра жоюлуп, Ысык-Көл облусуна кошулган. Бирок эки жылдан кийин 1990-жылы Нарын облусу кайрадан түзүлгөн.

Тарыхтан дагы бир факт. Алыскы 1922-жылы азыркы райондук борбор Кочкор айылы кыска убакытка Кара-Кыргыз Тоолуу автоном облусунун борбору болгон. Эки жылдан кийин жаңы администрациялык бирдикти түзүүнүн демилгечилери буржуазиялык улутчулдукка жана контрреволюциялык ишмердүүлүккө айыпталат, ал эми аны түзүү боюнча бардык документтер жокко чыгарылат.

Нарын облусунда жалпы 300 миңге чукул киши жашайт, бул өлкө калкынын 5 пайызын түзөт. Аймак үчүн Кыргызстан боюнча калктын эң төмөн тыгыздыгы мүнөздүү.

 

Нарында болгону бир гана жалпыга маалымдоо каражаты калды

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы аймакта 732 өкмөттүк эмес уюм катталган, ал эми 2021-жылдын маалыматы боюнча, алардын саны 14 уюмга эптеп жетет. 2017-жылы катталган тогуз жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен бүгүнкү күнү Нарында бир гана жалпыга маалымдоо каражаты иштеп жатат.

«Журналисттер» КБ аймакта бир гана телекомпания жана гезит бардыгын билдирет. Облуста беш жамааттык медианын болушу, аймактын дагы бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Онлайн басылмалар жана радиолор Нарында таптакыр жок. КТРКны реформалоо боюнча жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аймакта жергиликтүү телекөрсөтүү дагы калбайт, себеби алар негизинен КТРКнын курамында болот. Ошентип Каракол, Ош жана Жалал-Абаддан айырмаланып, Нарында кыргыз тилинде гана жарык көргөн жалгыз «Теңир-Тоо» облустук гезити гана калат. Нарын облусунун медиа рыногу жалаң кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан турат.

2005-жылга чейин Нарында журналист Жаркын Ибраеванын жетекчилиги алдында медиа борбор ийгиликтүү иштеп турган. Борбор көз карандысыз медианын өнүгүшүн колдогон, окутуу иш-чараларын жүргүзүп келген. Ал кезде Нарында жеке менчик телекомпаниялар, радиостанциялар жана гезиттер иштеп турган.

 

Көз карандысыз, альтернативдүү маалымат жок

Нарындык журналисттердин айтымында, акыркы жылдары мамлекеттик уюмдардан маалымат алуу татаалдады, ага жетүүнүн шарты дагы байкалаарлык кыйындады. Нарын облустук мамлекеттик администрациясы алда канча жабык орган болуп калды.

Белгилей кетүүчү жагдай, борбордук медиа уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууга келген журналисттердин негизги бөлүгүн Нарын облустук медиа борбордун өкүлдөрү түздү. Журналисттер жолугушууга облустук администрациянын өкүлдөрү катышпаганына даттанышты, себеби аларда облустук бийликке бере турган суроолор көп топтолгон.

Катышуучулар мамлекеттик мекемелерден жооп алуунун ашыкча бюрократияга айланып кеткенин көйгөйлөрдүн бири катары айтышты. Макулдашууга абдан көп убакыт кетет.

«Мен үч жылдан бери Нарын дарыясындагы суунун сапаты боюнча суроомо ачык-айкын жооп ала алган жокмун. Ошончо жыл мени куру убада менен тойгузуп, маалыматка жеткилүктүү кылуудан баш тартып келишти», – деп жолугушууда катышуучулардын бири айтты.

Журналисттер кээде мамлекеттик кызматкерлер жыйындар залына киргизбей коюп, алардын компетенттүүлүгүн текшерип, маалымат берүүнү же бербей коюуну чечип койгон учурлар кездеше турганын моюнга алышты.

Медиа борбордун сайтында иштеген журналисттер мамлекеттик кызматкерлердин басымына даттанышты.

«Өткөн жылы 15-сентябрдын алдында биз мектептердин ачылышы тууралуу маалымат чыгардык, бизди дезинформацияга айыпташты жана кабарды өчүрүүнү сурашты. Кийинки жолу РЭСтин аймактын бөлүмүнүн жетекчисинин интервьюсунан улам бизге чалышты жана биз туура эмес маалыматты жайылтып жатканыбызды айтып, кыска маалыматты алып салууну талап кылышты. Мында бардык чатак, сюжет каарманы көмүрдүн тартыштыгынан жана кымбатташынан улам электр энергиясын керектөө көбөйүшү мүмкүн деп айтканынан улам келип чыккан», – дейт журналист.

Жолугушууга катышкан мамлекеттик кызматкерлер, журналист ката кетирген жана башка чиновниктин жарыяланган интервьюсунун тууралыгына шек келтирип, анык эмес маалыматты жарыялаган деп ишенишет. Жергиликтүү журналисттер мындай мисалдар аз эмес экенин айтышат.

 

Нарындын аймактык медиасы келечекти кооптонуу менен күтүүдө

Аймактык журналистиканын келечегин талкуулоодо, катышуучулар облустук жана райондук медиалардын ордуна аймактык медиа борборлорду түзүү идеясын туура жана өз убагындагы зарыл ой катары белгилешти.

Алар облустук телестудиялар жаңы улуттук медиа холдингдин бөлүгү болуп кала турган КТРКнын жаңы макамы жөнүндөгү мыйзам долбоорунун каралышын чочулоо менен күтүп жатышат. Эгерде ошол мыйзам долбоору өзгөртүүсүз кабыл алынып калса аймактык медиа борборлор де-фактоо өз ишмердүүлүгүн токтотот, анткени алар облустук телерадиостудиялардын айланасында түзүлгөн болчу. КР Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгы акыркы эки жылда аймактардагы мамлекеттик медианы реформалоо боюнча долбоорду ишке ашырып келди.

Ал эми медиа борборлордун кызматкерлери өз келечегин ойлоп тынчсызданып жатышат. Алар жаңы холдингдин курамына кандай негизде жана кандай шарттарда кире турганын билишпейт. Алар менен эч ким сүйлөшкөн эмес. Жергиликтүү медиалар дагы убагында үч жолу жоюлуп, кайра түзүлгөн Нарын облусунун тагдырын кайталап калышы толук мүмкүн.

Алмаз Исманов,
атайын «Журналисттер» КБ үчүн

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор