Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

«Ынтымак» телеканалынын кабарчысы күбө катары сурак берди

«Ынтымак» телеканалынын кабарчысы күбө катары сурак берди

Оштогу «Ынтымак» КРТРКсынын кабарчысы Мимоза Жанибек кызы 6-мартта Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө күбө катары сурак берди. Ал «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары суралды.  Суракка кабарчы менен бирге жактоочу жана «Ынтымак» КРТРКсынын программалык директору да катышкан.

«Суракка биздин кабарчыбыз соцтармакта жазган посту үчүн чакырылыптыр. Шайлоо алдындагы шектүү постторду, акча берүү, добуш сатып алуу, же паспортторду топтоо сыяктуу шектүү делген постторду (милиция) топтоптур. Анын арасында биздин кабарчыбыздын, Мимозанын да посту бар экен», – деди «Ынтымак» КРТРКсынын программалык директору Асанбек Каракозуев.

Мимоза Жанибек кызы 12-февралда Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде студенттердин паспортторун шайлоого карата каттоого тургузуп жатканы боюнча материал даярдаган.

«Материал эфирге чыкканга чейин, 12-февраль күнү, мен Фейсбуктагы жеке баракчама анонимдүүлүктү сактоо менен окуу жайларда паспорттор чогултулуп жатканын жазганмын. 5-мартта кечинде Шаардык ички иштер башкармалыгынан чалып жатабыз деп байланышка чыгышты. Биринчи чалганда мага: «Сен партияга агитатор катары иштеп жатат экенсин»,- деп айтышты. Бирок, мен андай эместигин айтсам, кайра башка номерден чалып: «Шайлоо боюнча териштирүү иштери болуп жатат, келип бериӊиз. Азыр келе аласызбы?», – дешти. Мен чакыруу жөнөткүлө дедим. Кечки саат 19:05те чакыруу катты алып келишти. 6-мартта суракта менден жазган постум жөнүндө сурады. Ал маалыматты сага ким айтты эле дешти. Мен маалымат булагын жашырып коюуга укугум бар дедим. Мен жазган постко соцтармактын бир колдонуучусу: «Партиялар акча чогултуп жатат» деп комментарий жазган экен. Ошол адамды тааныйсыӊбы дешти. Мен аны тааныбастыгымды айттым. (…) Дагы сурак, териштирүү иштери болот, келип бересиз дешти», – деди Мимоза Жанибек кызы.

Ош милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча окуу жайлардын мугалимдери, студенттери, коменданттары жана Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери да суракка чакырылган.

Ушул жылдын 12-апрелинде бир катар шаарларда жана айыл аймактарда жергиликтүү кеӊештерге шайлоо өтөт. Ош шаардык кеӊешине 9 партия ат салышат. Шайлоо өтө турган шаарларда жаӊыдан каттоого турган жарандардын саны кескин өскөн.

Акыркы кезде журналисттерди күбө катары суракка чакыруулар көп кездешүүдө. Буга чейин да «Ынтымак» КРТРКсынын 2 кабарчысы даярдаган башка материалдарына байланыштуу күбө катары сурак берген.

«Ынтымак» КРТРКсынын программалык директору Асанбек Каракозуев ЖМКларга жана журналисттерге мындай учурда медиа-уюмдардан жана юристтерден кеп-кеӊеш алып, о.э. журналисттин ишмердигин коргоо боючна мыйзамдарды жакшылап билип алууну сунуштады.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областы боюнча өкүлү

Окшош посттор