Кыргызстандагы, айрыкча, кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер арасында кесиптик тилектештик – дээрлик жок нерсе. Кайсы бир ЖМКнын же журналисттин башына кесиптик ишмердик багытында көйгөй түшсө, айрым медиа-уюмдарды эске албаганда анын таламын талашып, жабалактап сүрөп чыккандар дээрлик болбойт. Ооба, ушундай көйгөй болуп жатканы тууралуу маалыматтар таркайт, бирок аны коргоп калуу, маалымат майданында тилектештик актысын жасоо көрүнүшү негедир орун албайт. Өз ара максатташтык, кесиптештик аракеттерди көрө албайсың.
Деген менен, 2007-жылы 8-декабрда журналисттердин республикалык жыйынында кабыл алынган, кийин – 2009-жылы 16-апрелде, 2012-жылы 8-декабрда жана 2018-жылы 26-майда өткөн журналисттердин республикалык конференцияларында түзөтүүлөр киргизилген Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин акыркы 23-пунктунда дал ушул тилектештик тууралуу жакшы жазылган. Анда “Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш” экени жазылып турат.
Бул этикалык кодексти журналисттердин жалпы республикалык конференциясында кабыл алып, баары ушундай этикалык нормаларга баш коёбуз деп ниет кылышканы менен иш жүзүндө ушул күнгө чейин буга караманча каршы келген нормаларга баш коюп келатышканы журналисттердин аброюн көтөргөн жок. Тескерисинче, кесиптик кыйынчылыктарга гана алып келди. Кантсе да бул этикалык норма журналистика деген маанилүү институттун Кыргызстанда өзүнүн чыныгы миссиясын аткара алабы же жокпу, ошону тастыктоочу нерсе экенин унутууга болбойт.
Тилектештик – кесипке берилгендик
Жазуучу, журналист Артур Хейлинин атактуу “Кечки жаңылыктар” (“Вечерние новости”) аттуу китеби баштан аяк эле журналисттердин кесиптик тилектештигине арналган. Бул китепти окуп чыккан киши кесибине берилген чыныгы журналисттер кандай болору, андай журналисттер иштеген маалымат каражаты кандай күчкө ээ болору тууралуу жакшы билип калат. Тилекке каршы, кыргыз тилдүү журналисттер арасында кесипке байланыштуу китептерди барктагандар, барактагандар, өз кесибин терең талдап, ага берилгендер сейрек болуп калды.
Ошол китепте Нью-Йорк шаарындагы Си-Би-Эй телевидениесинин алып баруучусу Кроуфорд Слоундун үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр, ага кесиптештери канчалык жанталаша жардам беришкени, кесиптик аброй, чынчылдык, объективдүүлүк, калыстык үчүн канчалык күрөшүшкөнү абдан таасирдүү, чебер сүрөттөлгөн. Перудагы бир террордук уюм өз максаттарын ишке ашыруу үчүн коомчулукка өтө белгилүү, популярдуу журналист Слоундун аялы менен тестиер уулун уурдап кетишет да, телевидениенин журналисттери дароо ушул иш менен алектене башташат. Алар Слоундун айланасындагы болуп жаткан окуяларды коомго таркатууда кесиптик этиканын нормаларын ушунчалык кылдат сакташып, кесиптешине карата тилектештигин көрсөтүшөт. Өтө кыйынчылыктарга карабастан алар Перунун токойлорунда кармалып турган аял менен баланы алып чыгууну уюштуруп, кесиптешинин үй-бүлөсүн сактап калууну ишке ашырышат. Журналисттер бул иште өз ден соолугун, өмүрүн тобокелге салышат.
Кызык жери, телевидениенин ээси болгон “Глобаник” компаниясы ошол кезде Перунун бийликтери менен өтө пайдалуу келишимдерди түзүп, ишке ашырганы калат. Ал эми Перунун бийликтерине журналисттин уурдалышы тууралуу маалыматтардын ызы-чуулуу таркашы жаккан эмес. Ошондуктан да “Глобаниктин” жетекчилери телевидениенин жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчисинен бул темада чектелүү, алардын кызыкчылыгына гана төп келген маалыматтарды таркатууну талап кылышат, болбосо кызматтан бошотуу менен коркутушат. Америкада жумушсуз калуу жагымдуу нерсе эмес, бирок жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы мындай буйрукту аткаруудан баш тартып, жаңылыктар бөлүмүнүн аброюн, кесиптештеринин коопсуздугун сактап калууга аракет кылат. Бул кесиптик тилектештик, кесипке берилгендик аталган китепте жакшы чагылырылган.
Кудай буюруп, 2007-жылы мен АКШда болуп калдым, ар кайсы Штаттардын он чакты шаарларындагы ЖМКларда, журналисттер арасында болдум, алар менен кесип, жумуш тууралуу кеңири баарлаштым. Бардык жерде кесиптик тилектештик деген жогорку баалуу норма бар экенин сезип жүрдүм. Муну мага ошол жактагы партиялардын өкүлдөрү да айтып беришти. Тактап айтканда, Огайо штатынын борбору Колумбус шаарында республикалык жана демократиялык партиянын өкүлдөрү менен журналистика тууралуу кеңири сукбатташып, алар журналисттер менен кантип иштешерине кызыккам. Демократиялык партиянын өкүлү шаардын мэри бюджеттеги 50 миллион доллар каражатты максатсыз пайдаланып койгону жөнүндө документтерди бир гезиттин редакциясына беришкенин, алар аны жарыялашканын, андан соң шаар мэриясы менен гезиттин ортосунда “согуш” чыгып, башка ЖМКлар, журналисттер гезитке жардамга келишкенин, жамаатташып жүргүзүлгөн иликтөө учурунда максатсыз пайдаланылган дагы 200 миллион доллар барлыгы аныкталганын, өтө катуу ызы-чуу болгонун айтып берди. Натыйжада шаар мэри кызматтан гана кетип калбай, 4 жылга соттолгонун, ушунун баары журналисттердин өз ара тилктештигинин натыйжасында болгонун билдим.
Мага америкалык журналисттердин көркөм китептерде гана эмес, турмуштагы кесиптик тилектештиги, кесибин ардакташы, анын аброюн көтөрүп, коомдук миссиясын, коомду жакшыртуу багытындагы журналистиканын ролу менен ордун сактап жүрүүсү мага абдан жакты. Бизде ушундай болсо кана деп суктандым.
Бизде тилектештик жок, каршылашуу бар
Тилекке каршы, биздеги журналистикада бөлүнүп-жарылуу, өз ара обочолонуу, саясий, кландык, аймактык “кокту-колотторго” жан тартуу, ошонун айынан бири-бирине каршы туруу бар. Мурда эркин журналистика менен өкмөттүк ЖМКлар ортосундагы гана обочолонуу орун алып келсе, эми ЖМКлар да, журналисттер да туш келди таркап кетишти. Аларды бириктирген баалуулук да, принциптер да, кызыкчылык да калбады. Азыр ар кимиси ар кайсы кызыкчылыктардын куралы болуп, жан багып калышты. Өтө кейиштүү…
Бул айрыкча “Азаттык” радиосунун бажы тармагында жүрүп ашкере байып кеткен, өлкөнүн аймагынан 700 миллион доллардын мыйзамсыз чыгып кетишине себеп болгон Раим Матраимов тууралуу иликтөөлөрүнүн жарыяланышы менен ачык көрүндү. Эгер Kloop.kg сайтын эске албаганда дээрлик бардык ЖМКлар, көптөгөн башка журналисттер “Азаттык” радиосунун таламын талашкан жок, түз же кыйыр түрдө анын иликтөөлөрүнө, аракетине каршы турушту же колдоодон алыс болушту. Айрым ЖМКлар менен журналисттер ачык эле “Азаттык” радиосун сынга алып, Раим Матраимовго жан тартканын жашырышкан жок. Бажы тармагындагы ири коррупциялык көрүнүштөрдү алып чыккан, өлкөдө ушундай олуттуу көйгөй барлыгын колдон келишинче сынга алган ЖМКны ортого алып, “сабап” жатып калышты.
Албетте, Кыргызстандагы журналисттер жана ЖМКлар арасынданы кесиптик тилектештиктин дээрлик жоктугуна мындан башка да мисалдар толтура. Кайсы бир журналист же ЖМК кайсы бир коррупционерди, саясатчыны же ишкана менен тармакты сындап, ачык фактылар менен элдин алдына алып чыкса, ошол сындалып чыккандардын таламын талашып, алардын кызыкчылыктарын көтөрүп, коргоп чыккандар көбөйдү. Коомчулуктун көңүлүн мыйзамсыз нерселерге, коррупциялык көрүнүштөргө, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарына буруунун, ушундай багытта аракет кылган ЖМК менен журналисттерди колдоонун ордуна ачыктан ачык эле тескери багытты тандап алгандар артып барат.
Азыр кыргыз тилдүү журналисттер арасында тигил же бул саясатчы, коррупционер, жетекчи менен жеке тааныштыгы, жакшы мамилеси барлыгына маашырлана мактангандар, муну кадыресе коомдук жакшы көрүнүш, норма катары эсептегендер пайда болду. Коомдук көйгөйлөрдү алып чыкканына, мыйзамсыздыктардын бетин ачканына, кайсы бир көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошкону, коомго ошентип пайда келтиргени менен мактангандар жок. Дегинкисинде андайлар мактанышпайт дечи. Саясатчылар, бийлик органдары же айрым жетекчилер кайсы бир журналистти же ЖМКны куугунтуктаса же укуктарын бузса, аларга болушуу, коргоо, эч болбосо тилектештигин билдирүү деген журналистикадагы бирден бир зарыл баалуулук жоголду.
Журналисттер жабыр тарткан кайсы бир окуя болуп калса, айрым көз каранды эмес медиа-уюмдар үн салып, тилектештигин билдирип, коомчулукту чакырып, бийликтерге кайрылуу жасап келишет. Ал кайсы медиа-уюмдар экенин жакшы билебиз, бирок Союз кезинде түптөлгөн Кыргыз журналисттер союзу кайсы бир окуяга тынчы кетип, тилектештигин билдирип, өйдө-төмөн кайрылууларды жасап, журналисттердин укугун же кызыкчылыгын коргоо багытында аракет жасаганын көрбөдүк. Деген менен, кайсы бир жылы ушул уюмдун жетекчилигин алмаштыруу менен уюмду биротоло реформалоо аракети жүргөндө жеке кызыкчылык менен эмне деген гана аракеттер жасалбады! Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар уюмдун журналисттер үчүн, журналистика үчүн ныпым аракети жок, бирок аны менен баарыбыз негедир макулбуз. Акыбал ушундай.
Журналистика жакшырса, коом да жакшырат
Ооба, кантсе да абал өзгөрүшү керек. Анткени маалымат таркатуу – коомду өзгөртүүнүн эң башкы шарты. Деген менен, маалымат процесси менен инсанды калыптандыруу, демек, жарандык коомду калыптандыруу бири-биринен айрып алгыс, ажыраткыс ширелишкен нерсе. Ал эми коомго коомдук тармактардагы көбүнесе “таштанды” (мусор) маалыматтар эмес, чыныгы журналистиканын азыгы катары такталып, иштелип чыккан, коомду жакшыртуу багытына каныккан маалыматтар таркатылышы ылаазым. Андай болбогон кезде жакшы инсанды калыптандыруу, коомду жакшыртуу тууралуу кеп кылыштын деле кереги жок.
Чынында бул багытта бир канча жылдардан бери аракеттер жасалууда. Медиа-уюмдар ар кайсы багытта журналисттерди кайра даярдоо, окутуу, үйрөтүү иштерин алып барышууда. Бир катар олуттуу, маанилүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бирок, азырынча алардын натыйжасы канчалык экенин кесе айтуу кыйын, же жакшырып кетпедик, же биротоло жок болуп да кетпедик. Бар менен жоктун ортосунда эле тургандайбыз.
Илгери өкмөттүк ЖМКлар жоюлса, баары бир кылка эркин рельсага отурса, өз ара адилеттүү атаандаштык болот да, ЖМКлар туура багытта өнүгүп кетишет деп ойлогонбуз. Чыныгы журналистика күч алат дегенбиз. Деген менен, азыркы учурда эркин деп аталган ЖМКлар көбөйүп кетишти, алардын медиа-ресурс катары алган орду жана ролу да олуттуу, таасирдүү. Өкмөттүк ресурстарга тиккелей атаандаштык да күчтүү. Бирок, негедир абал өзгөрбөй жаткансыйт. Себеби, эми өкмөттүк медиа ресурстарга олигархтык-саясий ресурстар кошулуп, коомдо чыныгы журналистиканын негизинде иш алып барган медиа-ресурстар дале алсыздык кылып жатат. Кыскасын айтканда, жалпы коомдук кызыкчылыктардын эмес, коомдун тигил же бул секторунун, тигил же бул субъектинин кызыкчылыктарын көздөгөн медиа-ресурстар үстөмдүк кылып жатат. Ошонун кесепетинен ЖМКлар менен журналисттердин (эгер аларды журналист деп атоо туура болсо) ортосунда өз ара кесиптик тилектештик болбой жатат. Болушу да мүмкүн эмес.
Баякы эле суроо туулат: эмне кылуу керек? Албетте, мүмкүн эмес нерсе жок, бардык нерсенин чечилер түйүнү бар. Балким биринчи кадам катары кантсе да өкмөттүн өз медиа-ресурстарынан баш тартуусу керектир. Балким ошондо жеке менчик медиа-ресурстардын ортосунда коомчулукту өзүнө тартуу атаандаштыгы күчөйт да, маалымат таркатуунун сапаты өз ордуна түшө баштайт. Балким ошондо медиа-ресурстар сапаттык өзгөрүүгө муктаж болушат да, окуп-үйрөнүү, тажрыйба алмашуу, жаңы мүмкүндүктөргө ээ болуу багытында кыймыл пайда болот. Бул боло турган эле нерсе.
Деген менен, биз сыяктуу эле Монголияда 2003-жылдан бери өкмөттүк ЖМКлар жок, баары жеке менчик медиа субъекттер иштеп жатышат. Калкынын саны бизден аз болгондуктан ички маалымат рыногу да ошого жараша, бирок жеке менчик медиа-ресурстар жашап, өнүгүп эле келатышканы байкалат. Балким бизге Монголиянын тажрыйбасы керек, биз алардан үйрөнүүгө, алардын тажрыйбасын алууга аракет кылышыбыз ылаазым. Балким аларда жеке кызыкчылыктан коомдук кызыкчылыкка ыктоо багыты бардыр, аны биз да сиңиришибиз керек. Эркин медиа-ресурстарына, баалуулуктарына акырындык менен өтүп кетсек ажеп эмес.
Азыр бардык аракеттер медиа чөйрөдө чыныгы журналистиканын түпкү баалуулуктарын, миссиясын таркатууга, аны журналисттер гана эмес, жалпы коомчулукка да жайылтууга, сиңирүүгө багытталышы керек. Коомчулук тарабынан ушул баалуулуктарды түшүнүү ага болгон муктаждыкты, керектөөнү өстүрөт, ошону менен биз кийинки кадамдарды ишенимдүү жасай беребиз деген ой бар.
Эч качан унутпашыбыз керек: журналистиканын чыныгы баалуулуктары бар жерде гана журналисттердин кесиптик тилектештиги болот. Ал эми бардык жакшы өзгөрүүлөрдүн социалдык базасы болот, ал коомчулук жана журналист. Демек, биздин аракеттерибиздин багыты да ушул.
Жалил САПАРОВ,
“Контент-медиа” коомдук фондунун директору,
Жалал-Абад шаары.