Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Нарын: Элеттиктердин 80 пайызы мамлекеттик ЖМКлардан маалымат албайт

Нарын: Элеттиктердин 80 пайызы мамлекеттик ЖМКлардан маалымат албайт

Сөздүн бышыгы, нандын ысыгы жакшы
(Элдик накыл кеп)

Нарын дубанында облустук жана райондук алкактагы мамлекеттик маалыматтар элеттик калк катмарынын бештен төрт бөлүгүнө жетпейт. Ал эми кызмат адамдарынын көпчүлүгү жаңылык жана кабарларды облустук өкүлчүлүктүн фейсбуктагы баракчасынан, айрымдары расмий маалымат каражаттардан алышат. Ошол эле учурда облустук деңгээлде маалымат берүүчү көз карандысыз эркин жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМКлар) жок деп так кесе айтсак болот.

Нарын дубанында быйылкы жылдын алгачкы айларынан тарта мамлекеттик расмий Облустук медиа борбор (НОМБ) калк катмарына ар кыл маалыматтарды тарата баштады. Борбордун телекөрсөтүүсү 24 саат эфирге чыкса, “Теңир Тоо” гезити аптасына бир жолу 3000ден ашык нуска менен окурмандарга тарайт. Ошондой эле борбордун сайты да иштейт. Тек жаңы уюшулган “Касымова.инфо” аталыштагы жеке сайттан башка бир дагы эркин теле студия, радио берүү же гезит облустук алкакта жок. Болгону үркөрдөй болгон, атай кетсек, эл аралык “Азаттык” үналгысынын, “Спутник-Кыргызстан” сайтынын, республикалык “Кыргыз Туусу”, “Кут Билим” гезиттеринин, “Ала Тоо-24” каналынын, ЭлТРдин, “Турмуш” сайтынын өз кабарчылары эмгектенишет.

“Облустук деңгээлдеги жаңылыктарды, кабар-маалыматтарды кайдан аласыз?”, – деген жалпы сурамжылоодо төмөндөгүдөй жагдайлар ачыкталды. Облустук, район-шаардык мамлекеттик тармактарда жана коомдук уюмдарда иштегендердин (17 кызматкер) көпчүлүгү облустук өкүлчүлүктүн фейсбуктагы баракчасына дайыма кирип турушаарын белгилешти.

Маалыматтар менен бөлүшүү үчүн Фейсбук коомдук баракчасынын колдонулушун облустук өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Динара Жунусува мындайча түшүндүрдү:

Азыр пневмония маалы. Ушундан улам биз аралыктан иштөөгө өткөнбүз. Облустук маалыматтар фейсбуктан атайын баракчага чыгарылууда. Учурда 5 миң катталуучу катталды. Азыр билгендер ушундай ыкмага өтүшүүдө”.

Айрым кызматкерлер үзбөй Нарын телени жана колго тийгенде “Теңир Тоо” гезитин окуп турушаарын шарданалашты. Алардын НОМБнын сайты тууралуу маалыматтары жок болуп чыкты.

Мен чындыгында телени дайыма деле көрбөймүн, кээде карап калам. Маалыматтарды Теңир Тоо гезитинен алам. Бирок негизинен кабарлар толук чагылдырылбай калды. Теледен облустук жетекчиликтердин, акимдер менен мэрдин сапарлары, лента кескендери эле көбүрөөк көрсөтүлөт. Гезитте деле ушундай көрүнүш. Анан облуста же райондор менен шаарда болуп жаткан кабарларды Азаттык, Турмушсайттарынан аламын. Айтор болуп жаткан окуялардын, айтылган пикирлердин көпчүлүгү элге жетпейт, – дейт КРнын Акыйкатчысынын облустагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев.

НОМБдун Ат-Башы району боюнча өз кабарчысы, мурунку Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары” гезитинин редактору Тынчтык Султанов береги пикирге толук кошулбайт.

Азыр журналистика өтө төмөндөп кетти, – деди Т.Султанов. – Сайт дегендер эч нерсени ылгабай жазып калышты. Сапаттуу, ар тараптан изилденген макалалар гезиттерге жарыяланат. Ал эми сайт дегендерди ким көзөмөл кылат, билбейм. Айтор кимиси эмне кааласа жазгандар көбөйдү. Бир эле маалыматтка ар кайсы сайт ар башка ат коюп көчүрүп жазышат. Ошондуктан түшүнгөндөр аларды окушпайт. Маалыматка элдин ишенбей калгандыгы ушундан болууда.

Нарын шаарындагы унаа бекеттен, борбордук базардан Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун тургундары менен (35 адам) баарлашып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик. Алардын жаш курактарын 22 жаштан 73 жашка чейинкилер түздү. Бирөө дагы облустук гезитти окубаган жана НОМБдун сайтын билбегендер болуп чыгышты. Негизинен улуу муундагы 6 жаран маалыматтарды Нарын телесинен жана сайттардан, коомдук тармактардан алышат экен. 35 жашка чейинки 14 жана андан жогорку жаштагылардан 5 таптакыр маалымат алганга кызыкпагандыктарын билдиришти. Калган элеттиктер кеп сөздү айылдагы элден, ар кимден угушаарын жашырышкан жок.

“Касымова-инфо” сайты быйылкы жылдын 28-апрелинен тарта маалымат таратууда.

Мен негизи сайтты кыргыз тилинин сакталышына салым кошуу максатында ачкам. Келечекте теле жана радиону кошсомбу деп тилек кылуудамын. Азыркы учурда кыргыз тилинин жазуу эрежелери сакталбай бара жатат. Адабий тилдердин жазылышы эске алынбайт. Албетте сайт дагы каржылык чыгымдар менен коштолот. Бирок азырынча балдарым жардам берүүдө. Бара-бара каражат табууга аракеттерди кылышым керек. Эң негизгиси баары барып каражатка такалат экен, – дейт аталган сайттын кожоюну Сайрагүл Касымова.

Мурунку жылдарда Нарын шаарында эки эркин радио, эки жеке менчик телестудия менен катар бир нече эркин гезиттер чөп башылап чыгып, Naryn.kg сайты да иштеген. С.Касымова айым айтмакчы алардын көбү долбоорлор аркылуу пайда болгондуктан, долбоор аяктаганда кыйласынын аттары жалп өчкөн. Ал эми эркин гезиттердин айрымдары окурмандарын таба албагандыктан улам жабылууга кириптерленген.

Күмөндөр Усуптегин

Окшош посттор