Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Венера Сагындык кызы: Жаңы муунга, менде ишенич, үмүт абдан чоң

Венера Сагындык кызы: Жаңы муунга, менде ишенич, үмүт абдан чоң

Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (RFE/RL) кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы менен Кыргызстандагы журналистика, андагы аялдардын орду жана басма сөз эркиндиги тууралуу маектештик.

Жакында эле Freedom House уюму Кыргызстанды 2009-жылдан бери биринчи ирет «эркин эмес» мамлекеттердин катарына кошту. Эл аралык уюмдун мындай корутундусу эмнеден кабар берет?

– Ал баяндаманы окуп чыктым. 2009-жылдан бери биринчи жолу “эркин эмес мамлекет” деген баа берилди, буга чейин “жарым жартылай эркин” мамлекеттердин катарында болчубуз. Албетте, бул көрүнүш тынчсыздандырбай койбойт. 2020-жылдын башында factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темировго болгон кол салуудан тартып, кийин шайлоо маалында биздин кабарчыларга Таласта, Ошто, Бишкекте болгон басым-кысым, онлайн чабуулдардын баары тизмектелип жазылыптыр. Айрым кыргыз тилдүү басылмаларда расисттик, антисемиттик маанайдагы макалалар жарыяланганы, COVID-19 кризиси маалында чындыкты чагылдырган блогерлер коопсуздук кызматына чакыртылып элден кечирим суроого мажбур кылынганы, айтор акыркы бир жыл ичинде биздин кесиптештер туш болгон бардык окуяларга көңүл бурулган.

Бирок биздин коом эркиндикке, пикирин ачык айтканга, маанилүү маселелерди талашып-тартышып чечкенге көнүп калган, мунун баарын тескери буруп салуу мүмкүн эмес деп ишенем. Жетекчилер деле аны түшүнүп турат болуш керек.

Ошол эле маалда азыр референдумга чыгарылган жаңы конституцияда сөз эркиндигине чек коё турган жоболор кирип калганы, “моралдык баалуулуктар” деген түшүнүк алдында кайсы бир көз караштар таңууланып калуу коркунучу бар деген ой да камтылган. Өкүнүчкө карай, Кыргызстан чөлкөмдө сөз эркиндиги жагынан алдыңкы өлкө саналып “жарым жартылай эркин мамлекет” деп бааланып келсе, эми минтип артка кетенчиктеп баратабыз. Референдумдан кийинки саясий окуялар, бийлик, парламент кандай чечим, кадамдарга бараары дагы кийинки өнүгүүбүз кандай болорун көргөзөөр. Азырынча тынчсызданууга негиз көбүрөөк болуп турат. Мунун баары аягында экономикага, инвесторлордун Кыргызстанда жаңы долбоорлорго каражат салуу-салбоо чечимине таасир этчү көрүнүштөр. Бирок биздин коом эркиндикке, пикирин ачык айтканга, маанилүү маселелерди талашып-тартышып чечкенге көнүп калган, мунун баарын тескери буруп салуу мүмкүн эмес деп ишенем. Жетекчилер деле аны түшүнүп турат болуш керек.

Кыргызстанда акыркы кездери журналистика тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат, атап айтканда журналисттик иликтөөдө. Буга чейин катардагы ТВлар, гезиттер жана интернет басылмалар жазбаган, же даай албаган нерселерди эми эрктүүлүк менен жазып башташты. Эгемендүү Кыргызстанда журналисттик иликтөөнүн башаты маркум журналист Улан Эгизбаевдин жасаган иликтөөлөрү менен бышыкталары талашсыз. Журналисттик иликтөөлөрдүн мамлекетке, элге тийгизген таасири канчалык деп ойлойсуз. Аны бааласа болобу?

– Жакында эле чет мамлекеттин элчиси Бишкектеги жолугушууда: “Мен буга чейин бир да жолу маалымат каражаты коомчулукка ушунчалык таасир эткенин көргөн эмесмин” деген пикирин айтты. Чынында биздин бир нече башка маалымат каражаты менен биргелешкен иликтөөлөрүбүз коомчулуктун аң-сезимине дүрбөлөң салгандай эле таасир этти окшойт. Бир нече жолу жарандык акциялар өттү, октябрдагы окуяларга да сөзсүз салымын кошту дегендей.

Журналисттер коррупция, паракордук, кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшпөсөк, ар ким өз өзүнчө бул ишти жолго коё албайт. Коомчулуктун, элдин кызыкчылыгында журналисттик иликтөөлөр сөзсүз жасалышы керек.

Иликтөө – абдан көп убакыт, ресурс, каражат талап кылган татаал жанр. Соңкү иликтөөлөр сериясын жарыялоо үстүндө он-он беш редактор, журналисттер эмгектеништи. Кээде негизги ишибизди бүтүрүп коюп түнкүсүн, же дем алыш күндөрү иштеп жаттык. Бул иш мамлекет, эл үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп, чарчабай иштеп жаттык. Бардык эле маалымат каражаты олуттуу иликтөөгө ресурс бөлө албайт, ага жок дегенде төрт-беш журналист, редакторду жумалап, кээде айлап бош койгонго каражаты жол бербейт. Ошондуктан чоң темаларды бир нече медиа уюм биргелешип иликтегени ыңгайлуу жана натыйжалуу болот экен. Биз мындан ары да башка жергиликтүү маалымат каражаттары менен биргелешип иликтөө жагын караштырып жатабыз. Журналисттер коррупция, паракордук, кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшпөсөк, ар ким өз өзүнчө бул ишти жолго коё албайт. Коомчулуктун, элдин кызыкчылыгында журналисттик иликтөөлөр сөзсүз жасалышы керек.

Акыркы кездери Кыргызстандын медиа тармагында көптөгөн сайттар, маалымат булактары пайда болду. Ошону менен катар влогерлер (видео форматта блог алып барган адам, ред.) дагы көбөйдү. Алардын көбү көрөрмандарды тартуу үчүн «тез көр», «эркекче айтты», «оозун жапты» деген темаларды коюшат. Ичине кирсең катардагы эле окуя болуп чыгат. Ушундай темалар окурмандардын табитин бузуп, алардын маалыматка болгон ишенимин жоготпойбу? Бул учурда чыныгы (абройлуу, элдин ишинимине кирген) ЖМКлар кандай иштеш керек?

– Элдин ишеничине бир күндө, же бир айда жетишүү мүмкүн эмес. Ага далай убакытта, керек болсо ондогон жылдар бою чынчыл маалымат таратып, жалган айтпай, ката кетирбей, оңго-солго тартпай, “ай ушулар баланча тараптын сөзүн сүйлөп калды” деген пикирге кабылбай түз иштеп жүрүп анан жетишсе болот.

Жалган, фейк, же жасалма маалыматтын жашоосу кыска, бир аз убакыт ызы-чуу жаратат, андан кийин чындык жеңгенде көздөн учуп жок болот тура.

Принципиалдуу журналистика деген стандартты кармоо кыйын, азгырыктар болбой койбойт, ар кандай саясатчылар, бизнес топтор тарабынан ар кандай сунуштар жасалышы мүмкүн. Ошондуктан биз барган сайын журналисттерге “саясатка барам десеңер дароо ишти токтоткула, артка жол жок” деп кайталап келатабыз. Биздин таланттуу, курч журналисттерге кызыккан саясий топтор болот экен, ошентсе да баары бир кесибине берилген, аны башкага алмаштыргысы келбеген кабарчыларыбыз, редакторлорубуз жок эмес. Кээ бирлер “саясатка барып жаманатты болгондон көрө ушул кесибимден эле кадыр-барк табам” дешет. Бир күндүк, бир айлык, же бир жылдык сайттар, маалымат каражаттары пайда болуп кайра жок болуп кетип атышат. Баары электен өтүп отуруп, эл ишенген маалымат каражаттары гана узак жашай алат тура. Жалган, фейк, же жасалма маалыматтын жашоосу кыска, бир аз убакыт ызы-чуу жаратат, андан кийин чындык жеңгенде көздөн учуп жок болот тура.

Дүйнө жүзүндө жалпысынан журналистика тармагында кыз-келиндер көп иштейт. Кыргызстанда дагы журналистиканы аркалаган кыз-келиндер көп. Биздеги журналист аялдардын негизги көйгөйү эмнеде деп ойлойсуз? Деги эле көйгөй барбы?

– Албетте, аял журналисттерге эркектерден кыйыныраак. Анткени биз жумушта эркек кесиптештерден калышпай теңтайлашып иштейбиз, үйгө барганда балдардын апасы, кожойке, катардагы аял киши кандай жүктү аркаласа, анын баары биздин деле мойнубузда. Кээде ойлоп кетем, жумушка берилип иштесең бир жагынан сөзсүз жоготуу болбой койбойт экен. Каап, балдарым кичинекейинде алар менен көбүрөөк убакыт өткөрсөм болмок деп да ойлобой койбойсуң. Бирок алар деле ишибиз татаал экенин, баарына жетишүү мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт. Мен баары бир аялдарды ичимден аяп турам. Анткени алардын түйшүгү, жүгү канчалык оор экенин билем, түшүнөм. Кыргыз коомунда ийгиликтүү ар бир аялдын жолу оңой болбойт. Кээде тамашалап калам, аял өзүнүн акылдуу экенин далилдеш үчүн эркектен беш эсе көп иштеши керек деп. Анда деле чындык бар. Кыздарга, аялдарга эң биринчи кезекте үйдө, сыртта, коомчулук тарабынан колдоо керек. Биз күчтүүбүз, ошондой кылып тарбиялашат, башкалар бут тоспосо баарына жетишебиз.

Иш боюнча ар кандай талаш-тартыш пикирлер айтылат, бирок бир да жолу аял экениме эч ким басым жасаган жок. Бул да болсо кыргыздардын кыз-келиндерге болгон сый-урматы, баа-баркы.

Менин аял кесиптештерим журналистика тармагында иштеген аялдар көп болгону менен редакцияны жетектеген, башчылык кызматтарда иштегендери аз деген ойду айтышты. Ушундай пикирге кошуласызбы?

– Бизде баары тескерисинче го. “Азаттык”, ВВС, “Кактус”, “24.кг”, “Республика”, “ПолитКлиника”, “Говори ТВ”, “Мир” каналы – дагы башка маалымат каражаттарында башкы редакторлор аялдар. Журналисттер коомчулугу кантсе да жалпы элдин прогрессивдүү, алдыңкы катмары экенин ушундан да көрсө болот. Эркек кесиптештер бизге ишенишет, сыйлашат, эсептешет. Мен бир да жолу кесиптешимден “сен аялсың” деген сөз уккан жокмун. Иш боюнча ар кандай талаш-тартыш пикирлер айтылат, бирок бир да жолу аял экениме эч ким басым жасаган жок. Бул да болсо кыргыздардын кыз-келиндерге болгон сый-урматы, баа-баркы. Ушуну жоготпой, келечекте да аялдардын арасынан көп жетекчилерди тарбиялап өстүрүш керек. Аял жетекчилер кесиптештерин жалаң жасаган эмгеги аркылуу гана эмес, эне, эже катары баалап, адамдык акыбалын тереңирээк сезип туят болуш керек.

Азыр мультимедиалык журналистика аябай өнүгүп жатат. Бир эле жаңылыкты сүрөт, видео менен элге жеткирүү кадыресе көрүнүш болуп калды. Журналист болом деп кыялданып жүргөн жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз, алар кайсы нерселерге көп көңүл бурушу керек?

– Журналист болом деген бардык жаштар бардык тармактарда билимин тереңдетип, адабий китептерди көп окуп, оозеки тили, жазуу, баяндоо стили калыптанган чыгармачыл адам болушу керек. Башынан көп нерсени өткөргөн адамдардан да жакшы журналист чыгат. Азыркы биздин жаш кабарчылар 1990-жылдардагы каатчылыкты, жокчулукту бала чагында башынан өткөрүп, турмушка бышып калыптыр. Маркум Уланбек Эгизбаев кайсы жерге барса да, сөзсүз бир кызыктуу каарман, же турмуштук көрүнүш, оригиналдуу тема таба келчү. Кыраакы болуш керек тура, тегерек-четиндеги окуяларга кайдыгер карабаган. Кээ бир касиет-мүнөз табият, тарбиясы менен кошо берилет экен. Таланттуулар чыга берет экен эл арасынан, азыркы жаштар андай-мындай деп сындагандарды уккум келбей калды. Жаңы муунга, тескерисинче, менде ишенич, үмүт абдан чоң. Жакшы жашоо, өнүгүүнү ушулар алып келишет, буюрса. Эң башкысы – ойлонгонду, жазганды мыкты өздөштүрсө, калганын өзүбүз үйрөтүп алабыз, биздин милдетибиз ошол.

Расул Мурат

Окшош посттор