Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз медиасындагы кастык тили

Кыргыз медиасындагы кастык тили
Автору: Доктурбек Кысамединов, https://karikatura.journalist.kg/

“Кастык тили” кыргыз медиасында кеңири кездешет. Санариптик технологиялар өнүккөн сайын социалдык тармактарда кастык тили кенен колдонулууда. Атайын каралоого, кемсинтүүгө, келекелөөгө максаттуу түзүлгөн фейктер жана троллдор фабрикалары адамдардын, топтордун же тараптардын арасында касташууну жаратууда. Анткен менен кастыкты козутууну ооздуктоого багытталган укуктук нормалар кээде пикир билдирүү эркиндигине бөгөт коюп, бийликтин камчысына  айланган учурлар да кездешүүдө.

 

“Кастык тили” деген эмне?

Кастык тили – бул медиада кайсы бир расанын,  этностук, диний, гендердик же социалдык топтун ѳкүлдѳрү үчүн жагымсыз, кемсинтүүчү маанидеги терс баа берүүчү сѳздѳр менен визуалдык контенттин формалары. Бирок, эл аралык укукта “кастык тилине” берилген бирдиктүү аныктама жок.

“Кастык тили” абдан талаш термин.  Айрым контексттерде, мисалы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин резолюциясында “кастык тили” терминдин ордуна татаалыраак формулировкаларды жактырышат, “сабырсыздык, негативдүү стереотиптик элестерди калыптандыруу, стигматизация, дискриминация, дин же ишенимдердин негизинде адамдарга карата зомбулукка шыкактоо” же “дискриминация менен терс ырым-жырымдарды жайылтуу” же “жек көрүүнү тутандыруу” ж.б.

“ARTICLE 19” деп аталган дүйнө жүзүндөгү сөз жана пикир билдирүү эркиндигине багытталган британдык укук коргоо уюму “кастык тилин” түшүнүү боюнча тажрыйбалык окуу китебин иштеп чыккан. Бул аналитикалык талдоодо “кастык тили” адам укугу системасы контекстинде жаратып келген “кастык тилин” кантип аныктап, чакырыктарга кандай реакция жасоо керек деген керектөөлөргө так-даана түшүндүрмө берет.

 

Кастык тилин колдонгондор кимдер?

Медиа-эксперт Азамат Тынаев социалдык медиада кастык тилин колдонгондорду эки бөлүккө ажыратып көрсөтөт: фейк\троллдор  жана катардагы жарандар.

“Жарандар учур-учурларда кастык тилди, какшыктоону, орой сөздөрдү колдонгон себеби – бул биздин кадимки эмоцияларыбыз. Жашоо, саясат, экономика, социалдык чөйрөнүн бизге жакпагандыгы, ынандырбагандыгы, балким адилетсиздик, теңсиздик болгон учурларда. Кыргызда “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кеп бар эмеспи. Бирок, ошондой болгондо деле, адамдардын өз ара тил маданияты, тарбия, адеп-ахлак жактан алсак деле, адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндө этиканы сактап, катуу айтканда деле кандай таасир эткенин билебиз да. Ошондуктан аярлуу кылып айтабыз. Бирок, социалдык тармактарда бул механизм иштебегендиги – экрандын ары жагында отургандар менен жандуу байланыш болбогондугунан. Экрандын ары жагындагы адамга кандай таасир этет, аны тилекке каршы көп деле ойлонбойбуз.  

Анан дагы, атайы уюшулган, акы үчүн иштеген, ойдон чыгарылган ат менен пикир жазган “фейктер” бар. Чыныгы кастык тилди тараткандар – ошолор. Алар атайын белгиленген план менен таратышат, ары жагында конкреттүү максаттары бар. Кайсы бир саясий күчтөргө, жарандык топторго каршы дискредитациялоо иштерин жүргүзүшөт, жалган маалыматтарды таратышат. Дал ошол фейк топтордун айынан азыр соцтармактар бөлүнүүгө, кастыкка алып келип калды”,- деди Азамат Тынаев.

Медиа-эксперт коомдо тил маданиятын сиңирүүгө убакыт талап кылынарын, муну үчүн чоң педагогикалык, тарбиялык жумуш керектигин, медиасабаттуулук боюнча аналитикалык материалдар, эксперттерден интервьюлар керектигин кошумчалады.

Анткен менен социалдык медиада гана эмес жалпыга маалымдоо каражаттарында да кастык тили колдонулуп жатат. “Контент Медиа” коомдук фондунун директору, медиа-эксперт Жалил Сапаров журналистиканын чыныгы миссиясы аткарылбай жатканын белгиледи:

“Биринчиден, жеке менчик ЖМКлардын басымдуу көпчүлүгү чыныгы эркин эмес журналистика. Алардын кожоюндары кайсы бир саясий өңүттө, кууш кызыкчылык менен жашап, колунда иштеп жаткан журналисттердин күжүрмөн болушун каалашат. Өз максаттары үчүн катуу салгылашууга, күрөшүүгө мажбурлашат. Экинчиден, чыныгы журналистиканын миссиясын, баалуулуктарын билбегендигинен, же билгиси келбегендигинен. Үчүнчүдөн, азыркы коомдун саясатташкандыгы, журналистика жалаң саясат менен күн көрүп жаткандыгы да кастык тилине алып келүүдө. Экономикалык, экологиялык, социалдык журналистиканы өнүктүрө турган болсок, кастык тили азаят эле”,- дейт Жалил Сапаров.

 

Шайлоо учурундагы кастык тили

“Борбор Азиядагы медиатехнологиялар жана тынчтык орнотуу мектеби” Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырган “Шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки дискурсттагы кастык тили жана сарказм” аталышында изилдөөсүн жакында жарыялады. Изилдөө 15-декабрдан 22-январга чейин жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн максаты – шайлоо мезгилиндеги касташуу тилинин деңгээлин, ксенофобиялык стереотиптерди, кайсы бир социалдык топко же азчылыкка  карата кемсинтүүчү клишелерди, нарративдик шаблондорду, алардын кайсы каналдар аркылуу таратылганын жана анын аудиторияга тийгизген таасирин изилдөө болгон. 66 онлайн-медиа жана интернет баракчалар изилдөөгө алынып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байланыштуу 4 632 материал талданган.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодогуга караганда президенттик шайлоодо кастык тили азыраак колдонулганы аныкталган.

Бул болсо талашып-тартышуудагы коомдук маданияттын жогорулашынан, же соцтармактардагы этиканын жакшырып калышынан эмес. Эксперттер муну көбүрөөк үгүт кампанияларынын солгун өткөнү, талапкерлердин түзүмүнүн окшош болгондугу, коомдук-саясий окуялардын жыштыгынан журналисттердин, соцтармак пайдалануучулардын жана талапкерлердин  “социалдык чарчап-чаалыккандыгы” себеп болгонун белгилешкен. Мунун баары коомдук талаш-талкууга таасирин тийгизген.

Эксперттер мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоодо троллдордун активдүүлүгү төмөнүрөөк болгонун белгилешкен. Парламенттик шайлоодо негативдүү дискурс түзүп, жек көрүүнү жараткан контент таратып, муну менен шайлоочуларга таасир этишкен. Ксенофобия камтыган тролль комментарийлердин аз болушуна Фейсбуктун фейк-аккаунттарды өчүрүп салып жатканы да себеп болгон.

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо Фейсбук 400дөн ашуун фейк-аккаунтту тосмологон. Ал аккаунттарды талдап, изилдеп, фейк экендигин далилдеген материалдарды жыйнап, кыргыз медиа-экспеттери Фейсбуктун модераторлоруна жөнөткөн эле.

2011-жылдан тарта Борбор Азиядагы медиатехнологиялар жана тынчтык орнотуу мектеби ар түрдүү тармактардагы кастык тилин изилдөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында 25 доклад жана сунуштамалардын топтомун жарыялаган.

 

Кастык тилин азайтуу чаралары

“Борбор Азиядагы медиатехнологиялар жана тынчтык орнотуу мектебинин” программалык директору Инга Сикорская ЖМКларга бир катар сунуштамаларды айтты:

“ЖМКлар онлайн-агрессияга, кастык тилине, медиадагы чыдамсыздык көйгөйлөрү боюнча коомдук талкууларды уюштурууга шарттарды түзүп берүүсү, бул жаатта агартуучу маалыматтарды таратуусу шарт. ЖМКда азчылыктардын, социалдык жана кодуланган топторунун ой-пикирине да орун берип, калкка алардын конституциялык укуктары жөнүндө түшүндүрүү зарыл. Кастык тилин азайтуу үчүн кесипкөй медиасынды өнүктүрүү жана ага колдоо көрсөтүү да маанилүү. О.э. ЖМКлар соцтармактарда жарыяланган материалдарына жазылган комментарийлер менен иштөөдө редакциялык жол-жоболорду жаңылоосу шарт. Негативдүү жана кастык тили менен комментарий билдиргендердин эмне себептен мындай пикирде экенин алардан сурап билүү жана айтылган пикирди талдоо абдан маанилүү”, – деди Инга Сикорская.

Медиа-эксперт Жалил Сапаров кастык тилин азайтуу үчүн чыныгы эркин ЖМКларды түзүп, өнүктүрүү керектигин, кастык тилин чектөө менен эмес, тарбиялоо, жакшыртуу менен натыйжалуу болорун белгиледи:

“ЖМК кызматкерлерин журналистиканын баалуулуктарына – эл аралык стандарттарга окутуу зарыл. Бул болсо дайымкы, тынымсыз процесс болушу керек. Коомдун табитин да жогорку деңгээлге алып чыгышыбыз керек. Мисалы, көптөр сындаган батыш өлкөлөрүндө өздөрүн өздөрү жөнгө салып жатышат, адеп-ахлактык, этикалык критерийлер коомго абдан сиңирилген. Бизде мыйзам түрүндө деле колдонсо болот. Бирок, ар кандай нерсенин эки жагы бар эмеспи. Кастык тили деген чекти ким так аныктайт? Кептин баары ушунда. Мисалы, бир макалды жазып койсок, “бизди шылдыңдап жатат” деп сотко берип жатышат. Макал-лакаптар, фразеологизмдер тилибиздин байлыгы, ал кантип шылдыңдоочу предмет болуп калат? Биз муну ар бир маалымат таратуучунун, маалымат булактарынын өзүнүн этикалык, адеп-ахлактык нормаларына алып келишибиз керек. Эгер чектөө менен бара турган болсок, акыр-аягында биз салам айткандан башканын баарын чектегенге жетип калышыбыз мүмкүн”, – дейт “Контент Медиа” коомдук фондунун директору.

Кастык тилине укуктук жактан кандай чара көрсөтүлүшү көп суроолорду жаратарын медиа-эксперт Азамат Тынаев белгиледи:

“Сөз эркиндиги – адамдардын эң башкы укугу. Сөз эркиндиги кайсы учурда пайда, кайсы учурда зыян алып келерин так изилдеп, билишибиз керек. Чектөө жөнүндө сөз болгондо сөз эркиндигинин өзү жок болуп калат. Тарыхтан деле билебиз, башка адамдардын эркиндигин чектейм деген адам эртеби-кечпи ошол өзү чыгарган мыйзамдын курмандыгы болуп калат”, – деди Азамат Тынаев.

 

Ченемдеш болбогон жаза

Социалдык тармактарда бийликти сындаган жарандык активисттерди, блогерлерди улуттар аралык кастыкты козутууга, бөлүп-жарууга айыптап, укук коргоо органдарына суракка чакырган учурлар болуп эле келатат. Айрымдарынын үйүн, кеңсесин тинтүүгө алып, жазага салынган учурлар да катталууда.

“Медиа полиси иститутунун” юристи Акмат Алагушев кыргыз мыйзамдарында кастык тилин колдонгондорго катаал,  ченемдеш болбогон жаза каралып калганы, бул болсо эркин пикир билдирүүгө чектөөлөрдү коёрун белгиледи:

“Кастык тили” деген абдан кеңири түшүнүк. Цензура, өзүн өзү цензуралоо деген ошондон пайда болуп жатат. Мыйзамда “кастык тили” деген  жок, кастыкты козутуу жөнүндө берене бар. Көп учурда ошол берене “чоң союл” болуп жатат. Эң курч нерсе – ушул берененин санкцияларын азайтуу керек. Кастыкты козутуу боюнча 313-берененин 1-бөлүгү боюнча санкцияны айтуу керек. Мында бештен жети жарым жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул оор кылмыш болуп, азыркы пробациялык көзөмөл (мурунку “шарттуу мөөнөт”, же “сот өкүмүн кийинкиге калтыруу”) ага жатпайт. Ошондуктан берененин өзгөчө биринчи бөлүгүнүн категориясын азайтуу керек. Биз (юристтер) сунуштап жатабыз: “Адам биринчи жолу кастыкты козуткан кандайдыр бир маалыматты сунуштап, же комментарий берип, жарыяласа, алгач администритивдик жоопкерчилик болушу керек. Же Жоруктар кодекси менен каралышы керек. Эгер бир жылдын ичинде кайра эле кастыкты козутса, анда Жазык кодекси менен айыпталсын”, – деп. Бул берене түздөн-түз бийликтин “чоң союлу” болуп жатат”, – деди  юрист Акмат Алагушев.

 

Тыюу салына турган “кастык тили”

Эл аралык укук “кастык тилинин” эң олуттуу формаларына тыюу салууну мамлекеттерден талап кылат. Мындай тыюу салуулар автордун зыян келтирүүгө ниети жана аны ишке ашырууга жөндөмү болгондо, өзгөчө кайра калыбына келтиргис зыян келтирүүнүн алдын алуу үчүн багытталган. Мисалы, тукум курут кылууга түздөн түз жана кыйыр шыкактоо, дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактоо менен дискриминациялык жек көрүүнү үгүттөөдө.

ARTICLE 19 британдык укук коргоо уюму кандай маанидеги билдирүүлөр автоматтык түрдө “кастык тилине” кирбей турганын дааналап алуу туура экенин белгилейт. Маселен, эл аралык укук диний ишенимдерди, же абстрактуу концепцияларды эмес, адамдарды коргой турганы айтылган.

Эл аралык укукка ылайык, мамлекеттер террористтик актыларды жасоого шыкактоого тыюу салышы милдет. Бирок, пикир билдирүү эркиндигин чектөөгө болбойт:

  • Эгер пикир билдирүүдө катаал аракеттерге чакыруу аракетин көздөбөсө;
  • Ушундай катаал аракеттерге алып келүү мүмкүн болбосо;
  • Ушул билдирүү менен ушундай катаал аракеттердин мүмкүндүгүнүн же пайда болушунун ортосунда түздөн-түз жана тыгыз байланыш болбосо.

ARTICLE 19 аналитикалык талдоосунда белгиленгендей: эгер сын же кордоо зомбулук аракеттерге шыкактоого багытталбаса же ошондой аракеттерге алып барбаса, эч ким улуту, мамлекети же анын символдорун, өкмөттөрдү, мамлекеттик мекемелерди же мамлекеттик же коомдук ишмерлерди , о.э. чет элдеги улутту, мамлекетти же анын символдорун, өкмөттөрүн, мамлекеттик мекемелерин, же мамлекеттик же коомдук ишмерлерин сындагандыгы, же кордогондугу үчүн жазаланбайт.

Кастык тилин азайтып, толеранттуу пикир билдирүүнү жайылтуу үчүн коомдук билим берүүчү жана маалымат кампанияларын,  теңчилик маселелери боюнча окутууларды байма-бай өткөрүп туруу максаттуу. Коомдо ар бир адамдын маалыматка жетүү укугу кепилденип, маалыматтын ачык-айкындыгы жана эркин маалымат алмашуу мүмкүндүгү абдан маанилүү.  О.э. көз карандысыз жана плюралисттик ЖМКнын ролун көтөрүү – учур талабы.

Гүлзат Газиева

Окшош посттор