Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз журналистикасынын дыйканы

Кыргыз журналистикасынын дыйканы

Журналист жана жазуучу Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Фрунзе облусундагы Калинин районунун (азыркы Жайыл району) Сары-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. А.С.Пушкин атындагы Сары-Булак орто мектебин аяктагандан кийин үч жылы Ленин атындагы колхоздо ириде чарбанын ар кандай жумуштарында, соңку мезгилде чабандык кесипти аркалаган.

1958-жылы Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетинде окуп калат. Студенттик жылдар оор да, жеңил да болду. Оордугу – жетимчиликтин кээрин тарттырган жетишпеген турмуш.

Жеңилдиги – ошол оорчулукту унуттурган, шатыра-шатман күүлдөгөн студенттик чөйрө, кабагым-кашым дебеген жоро-жолдошторунун арасында жашаганы. Жетишпегендиктин айынан төрт жолку кышты үстүндө пальтосу жок өткөрдү. Курс­ташы Иман Алдеевдин пальтосун экөө алмак-салмак кийип, бири китепканага, кинотеатрга барса, экинчиси жатаканада калып жүрүп төрт кышты узатышкан.

Төртүнчү курсту бүткөн жайында курсташы Какен Райымбекова менен баш кошту. Ошол күндөн тарта жаш жубайлардын жашоо, үй-бүлөнү багуу үчүн күрөшү башталды. Жашоо-тиричиликтеги кармаган куралы, үй-бүлөнү багуунун, нан-сүт табуунун ишенимдүү жабдыгы – колундагы калеми болду. Телерадиодон, гезит-журналдардан тапшырмаларды алып, аларды күн-түндөп аткарып, журналистика майданына баш-оту менен кирди. Бала кезинен көөдөнүндө шам болуп жанган, үрөн болуп тамырлаган жазуучу болом деген көксөөсү тыным албаган репортёрдук, кабарчылык кесипке орун бошотту.

1966-жылдын аягында республикалык “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитине адабий кызматкер болуп орношту. Бул гезитте иштеген он жети жылдын ичинде журналисттик өнөрдүн чоң мектебинен өтүп такшалды. Кыргызстандын дээрлик бүт аймагында чыгармачылык командировкада болуп, элди, жерди тааныды, турмушту үйрөндү. Кабарчылык тапшырмаларды алып Москвада, Прибалтика өлкөлөрүндө, Казакстан менен Орто Азия республикаларында сапарларда жүрүп, турмушка көзүн каныктырды, ой дүйнөсүн байытты. Убагында таалим-тарбия берген, жакшылыгын аябай алдыга сүрөгөн, моралдык да, материалдык да жактан колдоого алып турган урматтуу эже-агалары Айымбүбү Ботоханова, Жаныбек Турсунов, Кымбатбек Укаев, Дүйшөбай Айткуловду таалимчилерим, устаттарым деп эсептейт. Он бир жыл бою Фрунзе шаарынын төрт тарабын түрө кыдырып, жубайы Какен экөө батирден батирге көчүп-конуп жүрүп, чие­дей жаш балдарын кыйынчылык менен тарбиялап, гезиттин баш редактору Жаныбек Турсуновдун жардамы менен гана үй алганын жакшы адамдын жарыгы катары баалайт.

Чыгармачылык жолун качан баштаганы тууралуу өзү “Жаш Ленинчи” журналынын 1957-жылдагы № 11 санына басылып чыккан “Фонарь” аттуу аңгемесин атап жүрөт. Мүмкүн ал андан мурда эле башталгандыр. Айталы, мектепке бара элек алты жашында “Манастан” үзүндү айта баштаганда, мүмкүн төртүнчү класста экенинде кереге гезитке биринчи ыры чыкканда, же жетинчи класста окуп жүргөндө “Жетилген жетим” деген пьесасын окуучулар сахнада ойношкондо. Ошондо эле чыгармачылыктын биринчи чыйырлары башталып, үрөнү ташталганбы деген ой. Антсе да алгачкы аңгемеси республикалык басма сөздө жарык көргөндөн бери арадан туура элүү беш жыл өтүптүр. Ошол жылдардын беш гана жылын китеп басып чыгаруу тармагында – “Кыргызстан” басмасында иштеп, өзүнүн үч китебин – “Турмуш жолу”, “Ак куулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептерин жарыкка чыгарды. Үч китепти: Анна Лупандын “Дыйкандарың кайда, Жер” романын, Аббасзаде Гусейндин “Чагым кесепеттери” повестин, Ирине Волобуеванын “Боз үй сындуу асман астында” аттуу повесттер жыйнагын которуп, окурмандарга тартуулады.

Бекбай Алыкуловдун чыгармачылык өмүрүнүн калган жылдары журналистикада, асыресе “Кыргыз Туу­су” гезитинде өтүүдө. Анын калеминен жаралган очерк-аңгемелери, репортаждары, публицистикалары, сүрөттөмөлөрү, кабарлары, сын макалалары, пьесалары турмуштун кайнаган жеринен алынып, күрөө тамыры, жүрөгү аркылуу өтүп, мезгил ыргагына үндөшкөн актуалдуу маселелерди көтөрүп келген.

Бекбай Алыкуловдун жарым кылымдай убактан бери изденип, кас­тарлап жазып келаткан темасы – Ата Мекен жана анын тарыхы. Кыргыз маданиятынын көөнөргүс башаттары. Бул темалар анын адабий көркөм чыгармаларынын да лейтмотивин түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү Бекбай Алыкулов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, респуб­ликанын Жогорку Советинин Ардак грамотасынын, “Манас эпосуна–1000 жыл” аттуу эстелик медалдын ээси. Кыргыз Журналисттер союзунун сыйлыгынын бир канча жолку жеңүүчүсү.

Турмуштун оор сапар жолунда колуна кол, бутуна бут болгон, кыйынчылыкты бирге тарткан, ысыгына күйүп, суугуна бирге тоңгон өмүрлүк жубайы, “Архив иштеринин мыктысы” наамынын, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Башкы архив башкармалыгынын Ардак грамоталарынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасынын ээси Какен Райымбекова экөө тагдыр жолу табыштыргандан берки элүү жыл аралыгында мөмөлүү дарак болуп минтип торколуу алтын тоюн белгилешүүдө. Ушул жылдардын ичинде экөө төрт баланы өстүрүп, турмуш жолуна чыгарды. Балдардын баары үй-жайлуу, бала-бакыралуу. Экөө тогуз неберелүү, эки чөбөрөлүү бактылуу чоң ата, чоң эне, таята, таене!

P.S. “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамааты ардактуу калемгер Бекбай Алыкуловду 75 жылдык, анын өмүрлүк жубайы Какен Райымбекованы 70 жылдык жана экөөнүн баш кошуп, түтүн булатканынын 50 жылдык торколуу тою менен куттуктап, узак жылдар бою бактылуу өмүр сүрүүлөрүн каалайт.  

Токтомуш ӨСКӨНОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Калемим – менин тагдырым

Ашуунун ары жагына эңкейип калганда көп нерселер ойго келет экен. Бала чак, жигит курак. Басып өткөн өмүрдүн ашуулары… Бала кезден тилегеним- жазуучу болуу эле. Чабан болуп жүргөнүмдө, жыйырмадагы кезимде “Фонарь” деген биринчи аңгемем “Жаш ленинчи” журналына басылып чыкты. Жазуучулук чыйырым ошондон башталса керек. Анткен менен көпкө чейин анын өзүм эңсеген жолуна түшө албадым. Журналист катары тушоом ушул “Кыргыз Туусу” гезитинде (мурдагы “Советтик Кыргызстан”) кесилди. Андан бери арадан дээрлик элүү жыл өтүптүр. Ошондо гезит  кызматкерлеринин эң жашы элем, азыр эң улуусумун. Башкы редакторубуз баш болуп, “Бакай атабыз”  деп ызааттап турушкандарына жетине албай кубанам. Калемгердик тагдырым ушул тууру бийик тун гезитим менен, анын чыгармачылык жамааты менен тагдырлаш, тамырлаш болуп калгандыгы үчүн…

Ушунда басып өткөн жол, гезитте адеп иштей баштагандагы окуялар көз алдыдан өтөт. Кышында, февраль айы болчу. Азыркы Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова декреттик отпус­кага чыгыптыр. Ошонун ордуна, убактылуу адабият жана искусство бөлүмүндө адабий кызматкер болуп иштей баштадым. Биринчи жолу дежур болгондогу окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бөлүм башчым, маркум Кымбатбек Укаев өзү гана айта билген жүйрүк сөз менен минтти: “Эми, Беке, жоо бетине баратасың. Жооң эле – каталар. Боо түшүрүп кыр, жоюп жогот. Анан, гезиттин сигнальныйын аласың, кол коёрдо шашпай кара, шашкан шайтандыкы.  Эсен барып эсен кел…”

…Гезиттин сигнальныйы түндүн бир оокумунда колго тийди. Кымбатбек агайдын шашпай жакшылап кара дегенин көңүлүмө бекем түйүп алгам. Гезиттин төрт бетин бир топко тикие карап көз алдыдан өткөрдүм. Ошенткеним оңдой берди болгон экен. Мурда эч кимибиз көрбөй көз жаздымда калган ката күтүүсүз көзгө урунду. Экинчи беттин этегиндеги чакан маалыматтын соңку сүйлөмү “Кеңешмеге Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин секретары Б.Т.Муратилов катышты” деп басылып кетиптир. “Эмне үчүн Муратилов, Мураталиев эмеспи” деген ой мээге тык этип, катуу апкааруудан дене-боюм муздай түштү. Эми эмне кылыш керек деп бушаймандана гезитти басып чыгарып жаткан жигиттен кеңеш сурадым. “Эчтеке эмес” деди ал камырабай, акыркы сүйлөмдү кырдырып салсак эчтеке деле болбойт. “Кайра куйдурсакчы” дедим. “Ага аябагандай көп убакыт кетет. Кайрадан терүү керек, терүүчүлөр болсо кетип калышты. Кырдырып эле салалы” деп тигил оюндагысын бербеди. Анан минтти. “Жооптуу редакторго чалып көрбөйсүңбү, эмне кылайын деп”.

Гезиттин ошол күнкү санына кол койгон башкы редактордун биринчи орун басары Асылкан Бөрүбаев агай эле. Түн ортосунан ооп калганына карабай үйүнө телефон чалдым да: “Мураталиев Муратилов болуп ката басылып калыптыр. Кырдырып салсак эмне болот? деп сурадым. “Э бала, – деди Асылкан агай –  сенин дени-кардың сообу? Оңдоп тергизип, кайра куйдургун. Ката кетирсең керт башың менен жооп бересиң”.

Ошентип корректорду, арип терүүчүнү алдырдык, коргошун ариптерди кайра куйдуруп, аны гезит басып чыгаруучу машинага орноткончо, анан сигнальныйын алганча таң атты. Үйгө барып жуунуп-тазаланып алып эле кайра жумушка келдим. Кызматта отурсам, Асылкан агайдын чакырып жатканын айтышты. Барсам, мени бир карап алып жылмайып койду да: “Түндө телефон чалган сенсиңби?” – деди. “Ооба” дедим. “Телефон чалганың жакшы болду. Эгер кырдыртып койгонуңда ага экөөбүз бирдей жооп бермекпиз. Кыясы, кызматка жаңы келгенсиң го. Мындан ары сак бол, ката кетирүү каш-кабактын эле ортосунда”.

Ката кетирип, анан аны кайра куйдуруп, коргошун ариптин кермек даамын ошондо биринчи татканым эстен кетпей калыптыр… Ошондон тартып гезит  такшалуу мектебим болду. Гезиттик бүт жанрды ушул жерден өздөштүрдүм. Кыргыз жеринин дээрлик бүт аймагында командировкада болдум. Союздук республикалардын да бир тобун кыдырып, көз ачылды. Калемгердик жаатындагы биринчи устаттарым – Айткулу Убукеев, Мамасалы Абдукаримов, Насырынбек Жаналиев, Асылкан Бөрүбаев, Көчөрбек Жунушалиев, Кымбатбек Укаев, Дүйшөбай Айткулов, Айымбүбү Ботоханова эже, Жапар Саатов ага эле. Алардан көп-көп таалим алдым. Ушул “Кыргыз Туусуна” – мурдагы “Советтик Кырызстанга” чыгармачылык белсемдүү салымдарын кошкон кажарлуу калемгерлер болчу. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деген ырас экен. Ошол калемгер агаларыбыз күлүктүгүн ашырып, күжүлдөп чуркап турган кездеринде өздөрү кызмат өтөгөн гезиттин атын далай чыгарышкан, жарыштан озуп келип, байге алып беришкен. Алардын эмгеги гезиттин беттеринде калды, санжыра болуп, тарых болуп жазылып…

Өзүмдүн да көп мээнетим, канча жыл бою жазгандарым гезит бетинде калыптыр. Кээде улуттук китепканага барып, библиография бөлүмүнөн картотекаларды карап калам. Анда “Б.Алыкулов” деген атайын бөлүмчө бар. Анда эмнелер гана жок? Алгачкы аңгемемден тартып, ушул күнгө чейинки дээрлик бүт жазгандарым шуруга тизгендей тизилип турат. Карап көрүп таңгалам. Ошончо жазгандарымды жыйнасам, канча том китеп болоор эле деп. Бүт тагдыр-өмүрүм ушул жазгандарым менен кошо кеткен экен деп. Бир жагынан майда бараттарга карап өмүрүм текке кеткен тура деп кейисем, башка жагынан мезгил менен бирге адымдап, анын күүсүн, агымын жазыптырмын, доордун санжырасын, тарыхын гезит бетинде калтырыптырмын деп сыймыктанам. Кээде жакшы санаалаштарым айтып калышат: Жазуучулук жолго түшкөнүңдө чоң жазуучу болмоксуң дешип. Анда мен: ар кимдин бешенесине жазылган тагдыр жазуусу бар турбайбы. Менин тагдырым ушул “Кыргыз Туусунда” экен дейм.

“Кыргыз Туусунун” менин тагдырымдагы орду опол тоодой. Айтып өткөнүмдөй, чыгармачылык турмушумдун алгачкы барагын ушул куттуу гезиттен ачтым эле, калемгердик өмүр бая­нымды жаздым эле. Ошону дагы эле улантып жатам. Ошого каниет этем, ошого ыраазымын. Ошого арналган бул үч түрмөк ырым анын күбөсү.

“Кыргыз Туусу” болуп өмүр тагдырым,

Сенден алдым жеткенимдин бардыгын.

Тааныттырган кабарчынын арибин,

Бир өзүңсүң эң биринчи маалимим.

Жетимиштен ашсам дагы атамдай,

Азыр деле артык мага таалимиң.

 

Сага келчү жалгыз аяк жол менен,

Канча-канча жыл карытып мен келем.

Ошол жылдар арасында бой жеткен,

Мен өзүңө уул болгон өңдөнөм.

 

Айтсам азыр жүрөгүмдүн талабын,

Кызмат кылып сенден кубат аламын.

Түгөнгүчө журналисттик каламым!

Ишке келүү,  кайра үйгө барарым,

Болор соңку жашоодогу кадамым!

Бекбай АЛЫКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Окшош посттор