Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош: шайлоону чагылдырып жаткан журналисттердин ишине тоскоолдуктар болду

Ош: шайлоону чагылдырып жаткан журналисттердин ишине тоскоолдуктар болду
Клооптун кабарчылары милицияда. Видеодон алынды

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумда «Клооп Медиа» интернет-басылмасынын кабарчыларына жана байкоочусуна кол салуу жана телефондорун тартып алуу окуялары боюнча милиция териштирүү иштерин баштады.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков  эки тарап тең милицияга арыз жазганын маалымдады:

«Кол салган тарап «маңдайыма келип, уруксаты жок тартып, чагымчылдык кылып  жатат» деп арыз жазды. Бул боюнча иш Жазык кодексинин «ээнбаштык» беренеси менен катталды. Ал эми «Клооптун» арызы боюнча иш «журналисттин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча катталды», – деди Замир Сыдыков.

Окуя Ош шаарындагы №5304 добуш берүү участкасында болгон. «Клооптун» кабарчылары Бекмырза Исаков, Алийма Алымова жана байкоочусу Чолпон Кожошева күмөн жараткан аялдардын тобун видеого тартып жатканда үч адам аларга кол салып, телефондорун тартып алышкан.

«Клооп Медиа» Ош милициясынын үстүнөн прокуратурага даттанаарын маалымдады. Анда жабырлануучулардын жактоочусу Мухайё Абдураупова арыз жазылгандан соң милиция талон бербегендигин, талондо арыздын катталган номери жана КЖБРге кайсы берене менен катталып жаткандыгы тууралуу маалымат камтыларын, о.э. тараптарды беттештирүү болбогондугун белгилеп, милициянын Ак-Буура бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага даттануу кагазын даярдап жатканы айтылган.

Башка шайлоо участкаларында да журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар болгон. Шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган «Ынтымак ТВнын» кабарчысы Мимоза Жанибек кызынын журналисттик күбөлүгүнүн жана паспортунун көчүрмөсүн алуу аракеттери болгон.

«… Шайлоо участкасына кирерде кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтүп, каттоого керек дегенинен аты-жөнүмү жазып, макул болдум. «Бардык эле шайлоо участокторунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоого алып жатабыз» дегенинен кол коюп да бердим. Анан кызматтык күбөлүгүмдү жана паспортумду сурашты. «Биз копиялап, номурун жазып калышыбыз керек. Бизге аймактык шайлоо комиссиясынан ушундай тапшырма келди.  Болбосо тарттырбайбыз», – дешти. Кийин интервью учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы «каттоо үчүн эле сураган элек деп» кайра сөзүн өзгөрттү», – деди Мимоза Жанибек кызы.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү жана Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу өкүлү

Окшош посттор