Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР журналисттер бирикмеси тексттеги «кастык тилдин» болушун текшерүү үчүн сейрек аспап сунуштады

КР журналисттер бирикмеси тексттеги «кастык тилдин» болушун текшерүү үчүн сейрек аспап сунуштады

Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз биримдиги (КР ККЖБ) 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ЖМК, интернет-басылмалар жана коомдук тармактарда кастык тилинин колдонулушуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгынын бет ачарын жарыялады.

КР журналисттер биримдиги, маалыматты жыйноонун жана талдоонун IТ ыкмаларын колдонуу менен Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун катышуучулары тарабынан «кастык тилин» колдонуусуна карата мониторинг жүргүзгөн жана партиялар менен талапкерлердин коомдук медиадагы көрсөтүлүшүн талдоого алган.

Анда «Медиа Диалог» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы алда канча таанымал коомдук медиаларга, анын ичинде Twitter, Facebook, Instagram сыяктуу жана шайлоону чагылдыруу жана агитациялык материалдарды жайгаштыруу үчүн КР БШК аккредитациялаган 40тан ашык медиа порталдардын булактарына мониторинг жүргүзүлгөн. Автоматтык парсинг ыкмасы менен бардыгы болуп Кыргызсандагы интернет-басылмалардын 3016 макаласы каралган.

Кастык тилинин пайдаланылышы боюнча мониторингдин негизинде даярдалган талдоо материалы жарыяланган hatespeech.kg сайты түзүлгөн. Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз биримдиги веб-платформа түзүү жана эркин жеткиликтүү кылуу менен жарандардын саясий күрөштүн терс ыкмалары тууралуу маалымдуулук деңгээлин жогорулатууну максат кылууда.

Мындан тышкары Кыргызстандын журналисттер бирикмеси кеңири коомчулукка сейрек аспап дагы сунуштайт. Сайтта бардык жарандарга, өзгөчө журналисттерге жардам катары атайын «Текшерүү» функциясы түзүлгөн. Бул КРККЖБ демилгеси жана техникалык тапшырмага кирбейт. Ал функция сайттагы атайын аянтка ар кандай тексттерди көчүрүп салуу менен кастык тилинин болушун текшерүү мүмкүндүгүн берет. Текшерүүдөн кийин тексттин бир багыттуулугун тастыктаган сөздөрдүн тизмеси дагы чыгарылат.

Бул жарандык коомго жана редакцияларга бир кыйла тең салмактуу жана ойлонулган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары партиялар гана эмес, ЖМК, ӨЭУ жана социалдык тармактардын колдонуучулар мындай маалыматты таратуудагы жоопкерчиликти түшүнүүгө тийиш. Мамлекеттик органдар өз кезегинде жер-жерлерде кыска мөөнөттүү келечекте кастык тилинин колдонулушун кыскартуу жана тобокелдиктер менен коркунучтарды төмөндөтүү, ал эми узак мөөнөттүү келечекте андан толук баш тартуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

«Акыркы жылдары журналисттер коомунда жана дегеле кыргызстандыктар арасында «кастык тили» көп колдонулган баарлашуу тилине айланганын айта кетүү керек. Бул терс тенденция биздин кесиптик бирикмени тынчсындандырат. Көпчүлүгү «кастык тили» сыяктуу жол берилгис коммуникация формаларын колдонууга өтүүдө. Мындай жорук коомдогу туруксуздукка, ишенбөөчүлүктүн өсүшүнө жана коомдогу кырдаалдын курчуп кетишине алып келет», – дейт КР ККЖБ төрагасы Азамат Касыбеков.

Окшош посттор