Ош шаарында экинчи жылы чыгып жаткан мектеп окуучуларынын “Данек” гезити жаңы окуу жылына жаңы өзгөрүүлөр менен кирди. Жаш кабарчылар “Сорос-Кыргызстан” фондусунан утуп алган техникалык жардамдын алкагында жаңы мультимедиялык журналисттик аспаптарды үйрөнө башташты.
Сырткы келбети жакшыртылган гезиттин сайтына фоторепортаждар, видео материалдар жайгаштырыла баштады. Ал эми гезиттин экинчи санына эми биринчи инфографика да жарыяланды.
Гезитке биринчи жылы NED фондусу колдоо көрсөтсө, бул жылы даниялык IMS уюму колдоого алды.