Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР медиа коомчулуктун өкүлдөрү «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды кароого каршы чыгууда

КР медиа коомчулуктун өкүлдөрү «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды кароого каршы чыгууда

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюна комитети «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата президенттин каршы пикирин карайт.

Медиа коомчулук, бул мыйзам долбоору парламенттин кийинки чакырылышы тарабынан каралууга тийиш деп эсептейт. Медиа эксперттер эске салат: бул курам бир катар мыйзамдарды кабыл алууда бардык процедураларды орой бузуулары жана коомчулуктун пикирин эске албастыгы менен өзүн дискредитация кылды.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору өзүндө манипуляциялоо боюнча зор мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Автордун идеясы боюнча, бул ченемдик-укуктук акт бузуулар болгон учурда мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жалган же анык эмес белгилери бар маалыматка жеткиликтүүлүктү сотко чейин эле чектей алышы үчүн багытталган.

Башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында каалаган веб-порталдын ишин соттун чечими жок эле токтотуп коюуга болот. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сайттарга бөгөт коюу мумкүндүгү, бийликте тургандардын ылайыксыз иш-аракеттеринин бетин ачкан басылмаларды, алар үчүн ыңгайсыз бардык маалыматты тосмолоп салууга шарт түзөт. Башкача айтканда, жазалоо бийлик үчүн ыңгайсыз маалыматты тараткандарга гана тандап колдонулат», – деп айтылат медиа коомчулуктун кайрылуусунда.

Ушул мыйзам мындай маалыматтарды тараткан жактарды, ошондой эле, андай маалыматтарды жайылтууга тоскоолдук кылбаган сайттарды жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган сотсуз жана тергөөсүз эле бул же тигил маалыматтын тууралыгын аныктай алат.

2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында бул мамлекеттик органдарга социалдык түйүндөрдүн контентин көзөмөлдөөгө, тосмолоого жана алардын кадыр-баркына коркунуч келтиргендердин бардыгын жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.

Юристтер өлкөдө мыйзам тарабынан тыюу салынган маалыматтарды (улуттук, диний кастыкты пайда кылган, экстремисттик материалдар) тараткан жактарды жоопкерчиликке тартуу үчүн жетиштүү мыйзамдык база, ошондой эле, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын ресурстары бар экендигин белгилешет.

Мындан тышкары, Facebook, Instagram сыяктуу жана башка ири социалдык түйүндөрдүн зыяндуу маалыматтарды таратууга каршы күрөшүү боюнча өздөрүнүн саясаты бар.

Кыргыз Республикасы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (ЖСУЭАП) кошулганы белгиленет. Ал сөз эркиндигин чектөө: башка жактардын укугун жана кадыр-баркын; улуттук коопсуздукту; коомдук тартипти; калктын ден соолугун; моралдык баалуулуктарды коргоо үчүн гана мүмкүн экенинин аныктайт.

Эгерде чектөөлөр ЖСУЭАП 19-беренесиндеги үч чен-өлчөм (үч бөлүктүү тест) деп аталган тесттин талаптарына толук туура келсе мыйзамдуу болуп саналат:

«…мыйзам менен каралган…» деген тест. Чектөөлөр мыйзамда же юридикалык күчкө ээ башка актыда көрсөтүлгөн болууга тийиш. Ошону менен бирге адамдар өздөрүнүн иш-аракеттеринин жыйынтыгын көрө билиши үчүн мыйзам аныктык жана тактык стандарттарына шайкеш келүүгө тийиш. Бүдөмүк жазылган сүйлөмдөр, мыйзамдуу колдонуу чөйрөсү айкын жазылбаган беренелер ушул стандарттарга туура келбейт, ошондуктан алар легитимдүү эмес. Бул мыйзам түшүнүксүз терминдерге жана сүйлөмдөргө толгон, мисалы «интернеттеги баракчанын ээси» же «таратылган маалыматтын жалган мүнөзү жөнүндө тастыктоо» жана башкалар.

«…мыйзамдуу максат… деген тест». Сөз эркиндигин жана ой-пикирин билдирүүнү чектөөнүн мыйзамдуу максаттары болушу керек. Мыйзамдуу максаттардын тизмеси толук болууга тийиш. Мисалы бийликте отургандарды коргоо каалоосу сөз эркиндигин чектөөгө негиз боло албайт. Сөз эркиндигин чектөөнүн максаты, анын багыты жана ошондой чектөөдөн боло турган таасири жагынан легитимдүү болушу зарыл. Ыйгарым укуктуу органга маалыматтын анык эместигин же жалгандыгын чечүү укугун берүү менен ошол мыйзам иш жүзүндө мамлекетик органдарга өздөрүн сындагандарды куугунтукка алууга укук берет.

Чектөөгө «…зарылдык…» деген тест. Ой-пикирин эркин билдирүүгө карата кайсыл чектөө болбосун, ал атүгүл так жана айкын мыйзамга ылайык келсе жана легитимдүү максаттарга жетүүгө кызмат кылса дагы чындап зарыл болууга тийиш. Эгерде чектөө зарыл болбосо аны киргизип эмне кереги бар? Чаралар ой-пикирди эркин билдирүү укугун минималдык түрдө чектеши керек. Чектөө чараларынын таасири пропорциялуу болушу зарыл жана өз пикирин билдирүү эркиндигин чектөөдөн пайда болгон зыян анын пайдасына ашып кетпөөгө тийиш. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркын жарым-жартылай коргогон, бирок ой-пикирин эркин билдирүү укугунун баалуулугун олуттуу начарлаткан ошол мыйзам долбоору пропорциялуу болуп саналбайт.

Корутунду: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам сөз эркиндигине болгон укукту чектөө менен Конституцияга каршы келет, ошондой эле, жарандык жана саясий укуктарды коргоо боюнча КР алган эл аралык милдеттенмелерди дагы бузат, бул түздөн-түз биздин мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизет.

Окшош посттор