Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Устат-шакирт сабак-таалим системасынын кезектеги сессиясына устаттарды тандоо башталды

Устат-шакирт сабак-таалим системасынын 2,5 айлык сессиясы жыйынтыкталганга саналуу гана күндөр калды. 2014-жылдын октябрь айынан бери 7 устат 7 шакирт менен бирге иштешип, устаттар тажрыйбалары менен бөлүшүп,  бир катар жыйынтыктарга ээ болууда.

Устат-шакирт сабак-таалим системасы 2014-жылдын 15-декабрынан баштап жаңы устат жана жаңы шакирттер менен иш алып бара баштайт. Бизге замандаштардын ою маанилүү болгондуктан устаттарды жана шакирттерди тандоодо фейсбукта атайын сурамжылоо жүргүзүп, эң татыктууларын тандап алабыз. Учурда улуу муундагы мыкты журналисттердин арасында устаттарды тандоо башталды. Кайсы журналистти устат болууга татыктуу деп ойлойсуздар? Өз оюңузду бул шилтеме аркылуу кирипЖаш журналист аккаунтунда добуш бериңиздер.

Аталган долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссиянын каржылык жардамы менен ишке ашырылып жатат.

Окшош посттор