Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз кабарчылардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз кабарчылардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз журналисттер Өзгөчө абал маалында аралыктан иштөөгө өтүштү. Көпчүлүгү айылдарына кетип, үйлөрүнөн иштешүүдө. Айрымдары республикалык штабдын тараткан маалыматтарына таянса, кээ бирлери телефон аркылуу тактап маалымат алышууда. Жерине барып маалымат алуу сейрек кездешет. COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө бөлүнүп жаткан каржы булактарына байланыштуу так маалыматтарды алуу кыйынга туруп жатканын байкоого мүмкүн. Өзгөчө көз карандысыз журналисттер кыйналышууда.

Жергиликтүү эрккин журналист Алена Хоменко Каракол шаарынын мэриясы коргоо чараларына каралган, гуманитардык жардам жана бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жөнүндө керектүү деңгээлде маалымат бербей жатканын билдирди. Шаар башчысы Адыл Каниметов эч кимди кабыл албайт, ал эми орун басарлары болсо мэр маалымат берүүгө тыюу салгандыгына шылтоолошот.

“Мэриянын басма сөз кызматы такталбаган маалыматтарды таратышууда. Алар карантин чаралары менен “катуу” алек болгондуктан, журналистерге алардын убакыттары жок дешет. Шаблондуу маалыматтарды гана беришүүдө”, – деп билдирди А. Хоменко.

Жуналисттердин билдирүүсүндө, Өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кесипкөйлүктү көрсөтүп, маалыматтар менен өз убагында камсыздоодо. Журналисттердин айтымында, керектүү суроолорго жоопторду убагында алышууда. Бирок, каржыга байланыштуу суроолорго так жооптор бериле элек. Басма сөз катчы кат түрүндөгү сурамды талап кылууда, ал эми ага жооп мыйзам чегинде эки жума аралыгында берилет. Журналисттер үчүн бул нерсе Өзгөчө абал маалында ынгайсыздыкты жаратууда.

Ушул сыяктуу маалыматтарды алууда кыйынчылыктар жаралганын “Азаттык Медианын” кабарчысы Кундуз Сырдыбаева дагы билдирди. Анын билдирүүсүндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин область боюнча өкүлчүлүгүнөн так маалыматты эч алалган эмес. Ошону менен катар каржы жаатындагы кандайдыр бир маалыматтарды алуу кыйынчылыкты жаратууда. Бардык жерде расмий баракчаларды талап кылышууда.

“Аймактык кабарчы өз алдынча расмий кат жөнөтө албайт. Аны редакция даярдайт, албетте, мындайда убакыттан уттурабыз, маалыматтын маанилүүлүгү жоголууда”, – деп билдирди К. Сырдыбаева.

Аймактык кабарчы учурда көбүнчө социалдык маселелерди гана чагылдырууга аргасыз.

Ал эми Өкмөттүн область боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев маалыматтар чектелбестен берилип жатканын билдирет.

“Биз такталган датасы, так сандар камтылган кеңири маалыматтарды берүүгө кызыктарбыз”, – дейт Ж. Кожоев.

Ошондуктан, коронавируска каршы күрөштөгү чыгымдар тууралу маалыматтарды расмий маалыматтардын негизинде беришүүдө.

Бирок, баса белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик ЖМКларда бул багыттагы маалыматтарга жетүүдө эч кандай маселе жок.

Ысык-Көл областтык мультимедиалык борбордун жетекчиси Чолпон Шаикованын айтымында, маалыматка жетүүдө аларда эч кандай кыйынчылыктар жаралбай эле, маалыматтарды алар маалымат булактардын өзүлөрүнөн алышууда. Өзгөчө абал киргенден бери кызматкерлеринин саны 12 адамга кыскарган. Журналисттер күчөтүлгөн тартипте иштеп, жаңылыктарды күнүмкүсүн күнүгө даярдашууда. Чыгармачылык топ шаар ичине маанилүү жана керектүү учурда гана чыгышууда.

Нургуль Шаршембиева,
“Журналисттер” КБнын Ысык-Көл областы боюнча өкүлү

Окшош посттор