Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев: “Биздин сайттагы макала боюнча төгүндөө бербейбиз, экс-спикер Келдибеков менен соттошууга даярбыз”

Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев: “Биздин сайттагы макала боюнча төгүндөө бербейбиз, экс-спикер Келдибеков менен соттошууга даярбыз”

Биринчи май райондук сотунда экс-спикер Келдибековдун Kyrgyztoday сайтына болгон доо арызы каралууда. Экс-аткаминер басылмадан 1 млн сом талап кылууда.

Доогердин расмий өкүлү Гуля Рыскулованын билдиргенине караганда, кыргыз тилдүү Kyrgyztoday интернет басылмасында жарыяланган макаланын кезектеги экспертизанын корутундусу даяр.

Келдибековдун адвокатынын айтымында, адистер макалада мазактоган, ушактаган жана адамдын кадыр-баркы менен намысына шек келтирген учурлар бар экенин аныкталган.

Ушуну менен лингвисттер биздин 1 миллион сомдук доо арызыбыз негиздүү экенин тастыктап беришти. Бул доо арызды менин жактоомдогу жаран азырынча чакырып алуу тууралуу ойлобой эле”, – деп белгиледи Рыскулова.

Жактоочу өз сөзүндө, доогер макаланын ээсинен расмий түрдө маалыматты төгүндөп, андан кечирим сурашын талап кылганын белгиледи.

Акматбек Келдибековго жогоруда айтылган сайтта аны паракор катары көрсөткөндөрү жаккан эмес. Доогер бул ушак экенин жана статья боюнча сот андан күнөөнү алгандыгын баса белгилеген.

Биз ЖКнын мурдагы төрагалары менен соттошууга көнүп деле калдык. Мисалы, мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков бизди 10 жолу сотко берген. Сот ал саясатчынын пайдасына 10 миң сомго чейин бизге айып салган. Андан сырткары ЖКнын депутаты Дастан Бекешов дагы бизди сотко берген. СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев бизден 70 млн сом талап кылган. Институт Медиа Полисинин юристтеринин жана “Адилет” укуктук клиниканын көмөгү менен учурда биз өз укуктарыбызды коргоп келебиз. Эмнени айткым келет, Келдибековдун доо арыз менен коркутууларынан биз коркпойбуз. Анын жактоочулары ЖМКларга берген интервьюларында, эгерде биз расмий түрдө маалыматты төгүндөсөк. алар доо арызды кайтарып алышаарын айтып жатышат. Бирок биз ал адамдын паракорчулук менен айыпталганын мыйзам чегинде жазып чыктык. Эмнегедир Келдибеков паракорчулук менен айыпталбастан, кызматын кыянаттык менен пайдаланган деген фактыны баса белгилөөдө. Бирок, ал берене жөн гана өзгөртүлгөнүн баса белгилегим келет”, – деп билдирди Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев.

Анын айтымында, Илимдер Академиясынын адиси өзүнүн корутундусун чыгарган:

Биз ал адисти Келдибековдун, ага тарткан жеке адиси деп  эсептейбиз. Анткени, бул адам Келдибековдун “Азия Ньюс” гезитине каршы соттошкондо дагы жүргөн. Ошол корутунду ал адистин жападан жалгыз корутундусу эмес экенин баса белгилегим келет. Буга чейин сотто экспертизанын корутундулары жазылган кагаздарда алгач Kyrgyztoday сайты көрсөтүлүп, анан кайсыл бир жоопкерчилиги чектелген коомдун аты аталган. Биздин баамымызда бул туура эмес толтурулган ушундай корутундунун шаблону болчу. Ошол кагаз боюнча даттанганыбызда, Келдибековдун юристтери ошол эле адис тарабынан даярдалган башка корутундуну даярдашкан. 2014-жылы Атамбаевдин маалында, биз тескерисинче Келдибековду коргоп келгенбиз. Азыр болсо, биз аны менен соттошуп жатабыз. Биз азыр токтоп калбайбыз, керек болсо Жогорку Сотко чейин барууга даярбыз”, – деп билдирди басылманын жетекчиси.

Окшош посттор