Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

1991-жылдан 2021-жылга чейинки Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы (таймлайн жана инфографика)

1991-жылдан 2021-жылга чейинки Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы (таймлайн жана инфографика)

1991-жылдан 2021-жылга чейинки Кыргызстандагы журналисттерге кол салуу, ЖМКларды жана журналисттерди сотко берүү, ЖМКларды жабуу боюнча орчундуу фактыларды чогултуп таймлайн түздүк. Таймлайн түзүү боюнча онлайн кызматтын чектөөсүнө жараша бардык укук бузууларды, кысымдарды киргизе албадык. Келтирилген фактылар 6 президентибиздин башкаруу жылдары менен байланыштырылган.

Таймлайнды чоңойтуп (“+” белгисин басып), кичирейтип (“-“) алсаңар болот. Ар бир факты боюнча аталышка курсорду алып келип бармакчаны бассаңар, ал факты боюнча кененирээк түшүндүрмө менен тааныша аласыздар.

Ал эми төмөнкү графикте “Чек арасыз репортерлор” уюму 2002-жылдан бери түзүп келген “Пресса эркиндиги” боюнча рейтингдеги Кыргызстандын ээлеген орунунун өзгөрүү диамикасы берилген. Графика интерактивдүү. Курсорду керектүү жылдагы сызыкка алып келсеңер, Кыргызстандын ошол жылдагы рейтингдеги орду көрсөтүлөт.

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор