Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Блогерлерибизге жаңы жылдык белек

Жаңы жылга карата блогерлерибизге белек даярдап койдук. Бул блогдун сырткы жасалгасынын жаңы Темалары, же б.а. айтканда блогдун жаңы кийимдери.

Мындан ары биздин сайтта блогдорун ачкан блогерлер дагы 9 жаңы теманы колдоно алышат. Алардын арасында жөнөкөйлөрү да бар, ошондой эле атайы даярдыкты, WordPresste иштөө тажрыйбасынын болушун талап кылгандары да бар. Эскерте кете турган нерсе, жаңы теманы колдонуу менен сиздер блогуңардын сырткы келбетин гана эмес, анын мүмкүнчүлүктөрүн да өзгөртөсүздөр. Эгер кийимдин мисалында айта турган болсок, костюмдун топчулары аз же көп, чөнтөктөрү башка формада же силер ойлобогон таптакыр башка жерде болуп калышы мүмкүн ж.б.д.у.с.

Ошондуктан, Темалардын жаңысын тандоонун алдында бир аз ойлонуп көрсөңөр, блогуңарды чын эле өзгөрткүңөр келеби, же ушул эле келбети жана мүмкүнчүлүктөрү жетиштүүбү, блогунардын жаңы кийими силерге кең же тар болуп калбайбы?

Болбой эле, жаңы теманы колдоном десеңер, анда мындай кылыш керек.

1. Сайтыңардын Консолуна киргенден кийин, сол жактагы рубрикалардан“Внешний вид” дегенди басып, жаңы ачылган тизмектен “Темы” дегенди баскыла.

2. Ачылган баракчанын эң үстүндө турганы — бул сиз азыр колдонуп жаткан блогуңуздун темасы (кийими). Ылдыйда жаңы темалар жайгашкан. Алардын арасынан өзүңүзгө жакканын тандагандан кийин, алгач анын алдындагы “Live Preview” деген жазууну баскыла. Бул жаңы көйнөктү сатып ала электе аны башында чактап көр деген эле кызмат. Сиз колдоноюн деген жаңы темада блогуңуз кандай болушу мүмкүндүгү жаңы баракчада көрсөтүлөт.

3. Эгер ал сизге жакпаса сол-жогору жагындагы “Отмена” дегенди баскыла да, жаңысын чактап көргүлө. Эгер жакса, анда “Save & Activate” дегенди баскыла. Болду, блогунар эми жаңы кийимчен.

Дагы бир кеңеш:

Блогду жаңыдан өздөштүруп жаткандар төмөнкү салыштырмалуу жөнөкөй темаларды тандасаңар: Gray White Black, Jasov, Twenty Ten, WhitePlus.

Калгандары тажрыйбалуу блогерчилер үчүн.

Жаңы темалардагы блогдор кандай болушу мүмкүндүгүн төмөнкү блогдордун   мисалында көрсөңөр болот:

“Фонд помощи сотрудникам СМИ, оказавшимся в беде”

“Данек” мектеп окуучуларынын гезити

Профсоюз работников СМИ КР

Марат Токоев

Окшош посттор