Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Мамлекеттик ЖМКлар керекпи?

Мамлекеттик ЖМКлар керекпи?

Маалымат мейкиндигинде мамлекеттик ЖМКлардын үлүшү канча?

Мындан 20-25 жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) дегенде, телерадио, гезит-журналдарды гана түшүнсөк, бүгүн маалымат мейкиндигин интернет медиалары жана социалдык түйүндөрсүз элестетүү мүмкүн эмес. Эгер, улуттук маалымат мейкиндиги тууралуу сөз кылсак, анда акыркы жылдарда АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык”, Улуу Британия тарабынан каржыланган “Би Би Си” радиосу, Россия тарабынан каржыланган “Спутник” маалымат агенттиги баштаган ондогон чет өлкөлүк масс-медиа Кыргызстандын маалымат мейкиндигинен жылуу орун-очок алганына көп болуп калды. Мындан тышкары, россиялык “Российская газета”, “Комсомольская правда”, “Аргументы и факты – Кыргызстан” баштаган басылмалардын өкүлчүлүктөрү кадимкидей иштеп, өлкөнүн медиа рыногунда өз орду бар. Түркиялык, кытайлык телеканалдар да Кыргызстандын медиа мейкиндигине “тиш салып”, туруктуу иш алып барууга каалоосу зор. Мындан тышкары, “Рейтер”, “Франс пресс”, Европалык пресс-фото эл аралык маалымат агенттигинин, “Анадолу”, “Интерфакс” маалымат агенттигинин, “Түркел” гезитинин, “Заман Кыргызстан” маалымат сайты КРнын Жогорку Кеңешинен аккредитациядан өтүп, туруктуу иштөөдө.

Кыргызстан алакандай өлкө дегенибиз менен, Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинде өз ишмердигинин жүргүзгүсү келген тараптар арбын. Өлкөбүздүн түштүгүндө эл Өзбекстандын телеканалдарын көрсө, өлкөнүн түндүгүндө Казакстандын телеканалдарын көрүшөт.

Эгер Кыргызстандын маалымат мейкиндигин бир бүтүн нерсе катары карасак, анда мамлекеттик ЖМКлардын үлүшү анча деле көп эмес. Акыркы жылдарда жеке менчик телеканалдардын саны эле 40-50гө жетип калды. Эркин басылмалар аталган кожоюндары жеке жана юридикалык тараптар болгон гезиттер андан да арбын. Ошентип, жалпысынан ала келгенде, Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде мамлекеттик ЖМКлардын үлүшү 10-20 пайызга жетсе жетет, андан ашпайт.

И.Арабаев атындагы КМУнун аспиранты, медиа-эксперт Назгүл Ысырайылова Кыргызстан батыштан келген маалыматтык технологиялардын ар кыл багыттагы маалыматтарынын, маалыматтык институттарынын маалыматтарына көмүлүп калды деп эсептейт.

“Despite the fakt” эл аралык уюмунун 2016-жылдын июль-ноябрь айларында жүргүзгөн алты айлык изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып, “Кыргызстанда маалыматты калктын 54,6%ы телекөрсөтүү, 13,5%ы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана туугандарынан, 11,1%ы достору, кошуналары, тааныштары, ал эми 12 %ы интернет аркылуу алышарын белгилеп, 18–29 жашка чейинки жарандардын 86,5%ы маалыматка интернет тармагы аркылуу ээ болушат, жаңылыктарды гезит, журналдар аркылуу окугандар 2,8%ды түзсө, 1% уюлдук байланыштар, 0,9% радио уктуруунун жардамы менен маалыматтардан кабардар болушат”, – дейт Н.Ысырайылова.

Н.Ысырайылова Кыргызстанда интернет тармагы ЖМК катары расмий каттала электигин эске алып, маалымат ресурстарынан коомдун жана ар бир жарандын маалыматтык коопсуздугун коргоо маселесин жаралууда дейт.

Алсак, эң жөнөкөй эле өспүрүмдөрдүн аң сезимине терс таасирин тийгизген, диний, адеп-ахлакдык жактан терс көз караштагы интернет сайттар көбөйүүдө. Кыргыз Республикасынын маалымат коопсуздугу маалымат эксперттердин берген маалыматына таянсак, «Одноклассники», «ВКонтакте», «Facebook», «Твиттер», “Ватсап” ж.б.у.с. социалдык тармактарды бүгүнкү күндө саясий таасир берүүчү, социалдык бирдиктүү даярдыкта турган күчтүү курал катары санасак болот. Социалдык тармактар массалык иш-чараларды же революциялык өзгөрүүлөрдү тутантууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү”, – деп эсептейт Н.Ысырайылова.

 

Айтылып келатат

Өкмөт тарабынан каржыланган ЖМКлардын саны учурда аз. Бирок да маал-маалы менен, “мамлекеттик ЖМКлар керекпи?” деген маселе күн тартибине коюлуп, коомдук ой-пикирди козгоп турат. Мындан эки жыл мурда СДПКчы депутат Дастан Бекешов Facebookтогу баракчасына “Дагы бир жолу чыгашалар тууралуу” деген теманын алдында мамлекеттик КТРК, ЭлТР, Мир, “Кабар” жана облустук телеканалдарга бюджеттен 613 миллион сом каралып жатат, мунун баары 2019-жылы салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен каржыланат деп оюн билдирген. Бир медиа сайт депутаттын оюн колдоп: “613 миллионов сомов уходит из бюджета на государственные СМИ: ОТРК – 396 млн сомов, “ЭЛТР” – 101 млн, областные телеканалы – 80 млн, телеканал “МИР” – 34 млн, ИА “Кабар” – 20 млн сомов. Это если считать округленно. Зачем нам столько государственных СМИ?, – деп, мамлекеттик ЖМК кереги жок деген ойду айтып алды.

Арийне, бул суроо кечээ жана бүгүн гана күн тартибине коюлган жок. Дастан Бекешовго чейин деле далай айтылган. Кыргызстан эгемендигин алгандан бери утур-утуру менен, “мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кереги жок, аларды жоюу же акционерлештирүү керек. КТРКны коомдук телеканалга айлантуу керек” деген көз караштар айтылып келатат.

 

Мамлекеттик ЖМКга каршы тараптардын аргументи эмне?

Коомчулукта “Мамлекеттик ЖМКнын кереги жок” деген пикирде болгондордун бири – Govori.tv интернет каналынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова.

Мамлекеттик ЖМКлардын пайдасы коомго көрүнбөйт. Мамлекеттик органдар аларды менчик катары көрүшөт. Ошондуктан мамлекеттик ЖМКлар буйруктардан айрыла албайт. Бул өнүгүүгө алып келбейт. Мамлекеттик ЖМКлардын абалы өтө оор, шарт түзүлгөн эмес. Айлыктары аз. Бирок регионалдык журналистиканы колдош керек. Калктын чоң бөлүгү айылда жашайт. Аларды так, кызыктуу, оперативдүү маалымат менен камсыздаш керек. Ошондуктан аймактык журналистикага көңүл буруп, деңгээлин жогорулатыш зарыл. Мамлекеттик ЖМКлар маалымат коопсуздугуна эч бир тиешеси жок. Журналистикалык этика, жана кесипкөйлүк маалымат коопсуздугун камсыз кыла алат”, – деп эсептейт К.Урумканова.

 

Мамлекеттик ЖМКлар керек дегендер эмне дейт?

“Мамлекеттик ЖМКлар керек” дегендердин катары да арбын. Алардын бири “ЖМКны колдоо борборунун” жетекчиси Алмаз Курманкалиев маалыматтык коопсуздук – чек ара коопсуздугу, азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу эле, бул мамлекеттин саясий жана экономикалык коопсуздугунун ажырагыс бир бөлүгү деп эсептейт.

“Мамлекеттик ЖМК керек. Анткени, каалайбызбы же жокпу, мамлекеттик ЖМК мамлекеттин кызыкчылыгында иш алып барат. Ал эми эркин ЖМКлар кожоюну эмнени айтса ошону аткарат. Албетте, мамлекеттик ЖМКнын көрөрманы болбосо, окурман окубаса, мамлекеттин акчасы бекер эле кетип жатпайбы деген да маселе бар. Бирок, бул бир жагынан мамлекеттик ЖМКны башкарган жана анда иштегендердин чыгармачылыгы менен байланышкан нерсе болсо, экинчи жагынан каржы маселеси менен байланышкан. Дегеним, мамлекеттик ЖМКларда айлык аябай аз. Ошол себептүү, мыкты журналисттер “Азаттык”, “Би Би Си” радиолоруна, “Спутник” маалымат агенттигине, эл аралык долбоорлорго ишке кетип жатышат. Мамлекет – мамлекеттик ЖМКда иштеген журналисттерди 7-ноябрда гана эстейт, эстебесе жок. Журналисттерге шарт түзүлгөн эмес. Жеңилдиктерди алышпайт. Бул эмнени билдирет? Мунун себеби эле, акыркы 30 жылда туура маалыматтык саясат болгон жок. Маалымат коопсуздугу – азык-түлүк коопсуздугунан да жогору турат. Менимче, мамлекеттик ЖМКга терең реформа керек. Журналисттик иликтөөлөрдү жасаган, фактчек менен иштеген ЖМК керек. Болбосо, мамлекеттин маалыматтык коопсуздук жаатындагы иши канааттандырарлык болбой аксай да берет, маалыматтык согушта уттура да берет”, – дейт А.Курманкалиев.

 

Мамлекеттик ЖМКга кандай реформа керек?

Кийинки мезгилде журналисттер арасында мамлекеттик ЖМКларды реформалоо маселеси кызуу талкууланып келет. “Мамлекеттик ЖМКлар керек” деген позицияны бекем тутунган медиа-серепчи Жыргалбек Касаболотовдун пикиринде, бизде сөздүн толук маанисинде мамлекеттик ЖМК жок. Анткени мамлекеттик ЖМКнын эки белгиси бар:

1) Мамлекет тарабынан каржыланат;

2) Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт.

“Ушул экинчи белгисине келгенде көбү аксайт. Анткени мамлекеттик кызыкчылык тууралуу түшүнүктөрдүн жыйындысы башкасын кой, мамлекет башындагылардын өзүндө да жетишсиз. Тилекке каршы, мамлекет башындагылардын кызыкчылыгы мамлекеттикине таптакыр карама-каршы келген көрүнүштөр бизде көп учурайт. Кыргыз ЖМКлары кандай болушу керек деген маселе алар алган багытка, менчик формасына, көздөгөн максатына жараша болот. Анын ичинде чоңдугу менен чакандыгы дагы. Эгерде мыкты өнүккөн ЖМК болсо колдон келсе сөзсүз чет өлкөлөрдө өз кабарчылары болгону жакшы. Анткени биз кыргыздар дүйнөнү кыргыздын көзү менен карашыбыз керек. Азыр аймактык же борбордук ЖМК деген маселе мурункудай катуу айырмаланбай калды. Анткени көбү санарипке өттү. Бирок эки жагынан аксап келатат: биринчиден, чет элдик окуяларды кыргыз кызыкчылыгынын көз карашынан чагылдыруу жетишпейт, экинчиден, аймактардан алынган кабарлар жетишпейт. Убагында “Журналисттер” коомдук бирикмеси aimaknews.kg сайтын ачып, абдан кызыктуу эксперимент жүргүзгөн эле. Азыр андай иштер токтоп турат. Дүйнөдө болуп жаткан тенденциялардын бири ушул – соцтармактар күчөгөн сайын журналистика бизнестин элементи катары ролун жоготуп баратат. Демек кайсы бир кызыкчылыктарды көздөгөн уюмдар, мекемелер акча бөлүп, туруктуу ЖМКларды кармап турушу керек болгон зарылчылык күчөйт”, – дейт Ж.Касаболотов.

 

Маалымат департаменти эмне менен алек?

Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигинин алдындагы маалымат департаменти түзүлгөнүнүн алгачкы күнүнөн баштап мамлекеттик ЖМКларды реформалоо менен алек. Бирок, эмнегедир реформа өтө жай жүрүп, кечигип да жатат. Муну өздөрү да мойнуна алат. А.Темирбекова министрдин орун басары болуп турганда, балдар басылмалары боюнча реформа жасап, эски редакторлорду жаңылары менен алмаштыралы деп, андан тыянак чыккан эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик ЖМКларда реформа жүрүп, бир топ каршылыктарга да учурады. Маалымат департаментинин орун басары Бектур Ибрагимовдун айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик ЖМКларды реформалоонун биринчи этабы аяктады.

“Мамлекеттик ЖМКларды реформалоону мезгил өзү талап кылып жатат, учурда реформанын 1-этабы аяктады. Облустук, райондук медиаларга реформа жасап, 12 облустук, 32 райондук гезитти бириктирип, 7 мультимедиалык борбор түздүк…

Мамлекеттик ЖМКларды реформалоонун экинчи этабында “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери, “Кабар” маалымат агенттиги, алты каналы, 5 радиосу бар КТРК, эки каналы, бир радиосу бар ЭлТР, Пирамида, 5-канал реформаланат. Биздин оюбузча, мынча телеканалды кармоо мамлекет үчүн кыйын. “Пирамида”, “5-каналды” сатуу жолдору сунушталып жатат. “ЭлТРди” парламенттик телеканал кылып, КТРКны холдинг кылып түзүп, департамент алдына бир муштумга түйүп, бир жерден каржыласак деген ой бар. Бул багытта укуктук анализ жүргүзүлүп жатат. КТРКнын өз мыйзамы бар, “Кабар” мамлекет агенттигинин жетекчисин президент бекитет. ЭлТР токтом менен бекийт. 3 гезиттин башкы редакторлорун премьер бекитет. Ошонун баарын бир укуктук талаага апкелиш үчүн көп убакыт талап кылынат. Статусун өзгөртүү керек дегендей. Конституциялык реформаны ишке ашырсак, анда өкмөттүн укуктары президентке берилсе, бизге бир чечим кабыл алганга жеңил болмок. Бир жагынан маалыматтык саясат концепциябыздын жоктугу да кедергисин тийгизип жатат. Буюрса, 2025-жылга чейинки маалымат саясатын да иштеп чыгып, убактылуу чечим кылбай, буга Интернет тармагындагы мамлекеттик саясатты кошуп, реформалайлы деген оюбуз бар”, – дейт Бектур Ибрагимов.

 

Эл аралык тажрыйба эмне дейт?

Эгер эл аралык тажрыйбага таянсак, “Российская газета” – Россия Федерациясынын өкмөтүнүн расмий басма сөз органы болуп саналып, бюджеттен каржыланып, күн сайын чыгат. 130 миң туруктуу нуска жана 3,2 млн. социалдык нуска менен жарык көрүп, кээ күндөрү көлөмү 40 бетке чейин жетет. Федералдык конституциялык мыйзамдар, федералдык мыйзамдар, Россия президентинин жарлыктары, Россия өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтердин жана ведомстволордун нормативдик актылары, мамлекеттик ишмерлердин маектери, репортаждар, расмий документтерге комментарийлер чыгат. Россиянын 43 регионунда, Бишкекте аймактык жана тематикалык тиркемелери бар. Россиянын ири шаарларындагы 14 башкы офисинен жана 31 филиалынан турат. RG.Ru интернет порталына ээлик кылат. Гезит тарабынан мамлекеттик документтер жана аларга комментарийлер китеп болуп чыгарылат. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өз кабарчылары иштейт.

1919-жылдан бери чыгып келаткан “Егемен Казакстан” гезити Казакстан Республикасынын Жарлыктары, Өкмөт токтомдору, парламент кабыл алган мыйзамдар, укуктук актылар жана башка расмий документтер жарыяланган расмий гезит болуп эсептелет. Өзүнүн сайты бар. Астананын бир көчөсүнө “Егемен Казакстан” гезитинин аты берилген жана гезиттин башкы офиси да ошол көчөдө жайгашкан. Мамлекет тарабынан каржыланат. Гезит 2015-жылы 962 млн. тенгеге мамлекеттик буюртма алган. Башкы офисинде 100дөн ашуун киши эмгектенет, мындан тышкары жер-жерлерде, айрым чет өлкөлөрдө өз кабарчылары бар.

1996-жылы Катар мамлекетинин эмиринин жарлыгы менен түзүлүп, мамлекет тарабынан каржыланып, штаб-квартирасы Дохада жайгашкан Аль-Жазира эл аралык телекомпаниясы аз гана жылдардын ичинде эл аралык абройду багынта алды. Телекомпания 2003-жылдан англис тилиндеги версиясына да ээ. “Аль-Жазиранын” бир нече каналы бар, негизги каналдары араб тилинде, ошондой эле англис жана серб тилиндеги эл аралык жаңылыктар каналы бар.

“Аль-Жазираны” Катардын тышкы саясатындагы натыйжалуу курал катары эсептешет. “Араб жазы” учурунда телеканал зор роль ойногон.

1920-жылы Мустафа Кемаль Ататүрк тарабынан негизделген “Анадолу агенттиги” маалымат агенттиги учурда акционердик коом болуп эсептелүү менен, 49%ы мамлекетке, 51%ы жеке тараптарга карайт. Штаб-квартирасы Анкарада жайгашкан бул агенттиктин маалыматтары түрк, албан, англис, араб, босния, күрт, македон, перс, орус, француз ж.б. 11 тилде тарап, дүйнөнүн 36 өлкөсүндө кабарчылар пунктулары иштейт. Бир жылдык бюджети 45-50 млн. долларды түзгөн “Анадолуда” жүздөгөн журналисттер эмгектенет.

 

Мамлекеттик маалымат саясаты керекпи?

Маалыматтык коопсуздук – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгү болгондой, маалыматтык саясат да – мамлекеттүүлүктүн атрибуттарынын бири. Арийне, маалыматтык коопсуздук боюнча концепция (Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ) болгону менен, ал деле жарым-жартылай, ал эми мамлекеттин маалыматтык саясат концепциясы жок.

Болбосо, эгер улуттук маалымат саясаты болсо, КРТКны Аль-Жазирадай эл аралык телекомпаниянын деңгээлине, “Кабар” маалымат агенттигин – “Анадолу” маалымат агенттигиндей даражага, өкмөттүк “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Эркин Тоонун” статусун “Российская газета”, “Егемен Казакстан” басылмаларындай расмий статуска капкачан эле көтөрүп койсо болмок?!

Бизде баары тескерисинче! Өз мезгилинде КТРКны “Карыпкуловдун кара жашиги” атыктыргандардын бири кийин КТРКны өзү башкарды. КТРК – А.Карыпкулов жетектеп турганда кандай болсо, анын тушунда деле ошол тейде калды. КТРКны “Азаттыктын”, “Би Би Синин” “шинелинен” чыккандар барып башкарды. Арийне, алар деле улуттук телерадиону өзгөртүп жибере алган жок.

Себеби, эмнеде? Себеби, Кыргызстанда соңку чейрек кылымда мамлекеттик идеология жок болгондой эле, мамлекеттик маалыматтык саясат да түптөлө элек. Мамлекеттик башкаруунун маалыматтык саясаты ушундан улам аксап жатат.

 

Маалыматтык коопсуздук журналисттер үчүн эмес, улуттук коопсуздук үчүн керек…

Соңку чейрек кылымда, анын ичинде акыркы он жылдыктарда маалыматтын баасы улам кымбаттап, улам өсүп баратат. Күндөлүк жашоого, мамлекеттин саясый турмушуна маалымат мейкиндиги, маалыматтык саясат, маалымат коопсуздугу деген түшүнүктөр келип кирди. Атүгүл бүгүн маалымат саясаты жана маалыматтык коопсуздук – улуттук жана мамлекеттик коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Бул эч кандай далилдөөнү талап кылбаган, эч талашсыз нерсе. Муну эч кандай таанууга мүмкүн эмес.

Бүгүн дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери дүйнөлүк аренада өз таасирин сактоо, өз саясатын таңуулоо, тиги же бул өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү, дегеле өз саясатын алга жылдыруу максатында дүйнөлүк маалымат мейкиндигин ээлегенге аракет кылып келишет. Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде өз ишмердигин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк ЖМКлар анын ачыктан ачык далили. Евразиянын маалымат мейкиндигинде өз ишмердигинин жүргүзгөн радиолордун бирине жылына 125 млн. АКШ доллары ошол өлкөнүн мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт экен. Мына ушул сумманын өзү эле дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү маалымат саясатына канчалык маани берерин көрсөтөт.

Ал эми Кыргызстан маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык саясат маселесине келгенде катуу аксап жатат. Өлкөнүн маалымат мейкиндигин жеке менчик ЖМКлар жана чет өлкөлүк ЖМКлар ээлеп алган.

“Маалыматтык коопсуздук, маалыматтык саясат, маалымат мейкиндиги – мамлекеттик ЖМКларда иштеген журналисттерге эмес, иралды мамлекетке керек, мамлекеттин маалымат коопсуздугу үчүн керек” – дешет өкмөттүк гезитте иштеген кесиптештер. Айталы, 95 жылдык тарыхы бар, “Егемен Казакстан” менен жашташ “Кыргыз Туусу” гезити улуттук тун гезит, өкмөттүк басылма болгон менен мамлекет тарабынан каржыланбайт. Өкмөттүк “Слово Кыргызстана” гезитинин абалы деле ошол. Аталган басылмалар өкмөттүк статусу болгон себептүү эл аралык донор уюмдары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Мамлекет – мамлекет ЖМКны чилдей таратып, талкалай турган болсо, анда иштеген миң-бир жарым миңдин тегерегинде журналист жаңы кожоюндарга иштеп калышат. Мында эч маселе жок. Кеп, андай болгондо Кыргызстандын маалымат саясатын чет өлкөлүк “Азаттык”, “Би Би Си”, “Спутник” ж.б. же же жеке менчик “Апрель”, NEXT телеканалдары жүргүзүп береби?

“Өз армиясын баккысы келбеген мамлекет башка өлкөнүн армиясын багат” деген кеп бар. Глобалдашкан дүйнөнү мамлекеттин маалыматтык коопсуздугусуз элестетүү мүмкүн эмес. Маалымат куну жок нерсе. Ал базарда соодаланган арзан товар эмес. Мамлекет өзүнө тиешелүү маалымат каражаттарын колдой албаса, каржылай албаса, анда ал эртең башка мамлекеттин маалымат каражаттарын каржылайт, багат. Кошомат кылат.

Болот Таштаналиев

___________________________________________

Сиздин пикириңизде, мамлекеттик ЖМКлар керекпи?

Результаты

Loading ... Loading ...

Окшош посттор