Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Марат Токоев: “Сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт”

Марат Токоев: “Сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт”

– Журналисттерге карата каршылыктар көбөйүүдө, мисалы, мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү тараптан агрессиялык учурлар акыркы кездери арбып бараткандай. Мунун себептери катары эмнелерди белгилейсиз?

– Бул жерде эки себеп бар. Биринчиден, мыйзамды, анын ичинде сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт. Журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырып, теңине албаган учурлар биздеги мыйзамдын иштебегенинен улам болуп атат. Экинчи себеби болсо, мамлекет башындагы адамдардын журналисттерге болгон мамилеси. Аны көргөн кийинки рангдагы аткаминерлер да өз кадамдарын ошого жараша тууралашат. Негизи эле өлкөнүн биринчи адамдарынын журналисттерге көңүл кош мамилеси, аларга карата коркутуулар болгон кезде “өздөрү күнөөлүү” деген сыяктуу сындоолор ушундай абалга алып келүүдө.

– Журналист өз укугун коргоп, милдеттерин так аткарыш үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек дейсиз?

– Биринчи кезекте журналисттер өздөрү дагы эч кандай себеп бербеши керек. Мыйзамдарды жакшы билиши шарт. Ошондой эле “кыргыз журналисттери өз укуктарын канчалык деңгээлде билет?” деген чоң маселе бар. Майда-барат жагына келгенде, көп такалышат. Журналисттер өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу соттошкулары да келбейт. Эгерде кандайдыр бир кысымдар, маалымат берүүдөн баш тарткандар болгон учурда коомдук пикир жаратуу кадамдарына барбаса, анда терс мамилелер улана бериши мүмкүн. Журналисттер өз укугун коргоого аракет кылышы керек. Анан дагы өз милдеттерине көбүрөөк көңүл бөлсө жакшы болот эле. Айрымдары этикалык кодекстерде жазылган нерселерди этибарга албаган үчүн да элдеги кыжырданууну, ишенбестикти пайда кылышууда.

Мээрим Асанова, “Азия Ньюс” гезити

Окшош посттор