Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Садыр Жапаров «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу преиденттин маалымат кызматы билдирет.

Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.

Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

24.kg

Окшош посттор