Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, профессор, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү: “КТРК калайык-калкка кызмат кылса…”

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, профессор, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү: “КТРК калайык-калкка кызмат кылса…”

— Тынчтыкбек мырза, Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин алгачкы кадамдары тууралуу сиздин пикириңизди уксак…

— Уюштуруу иштерине кеткен бир айлык баскыч абдан маанилүү. Инсандык мамилеге карай жол чабылып, иштөө принцибин түптөө маселеси ортого коюлду. Алгач коомчулукта да КТРКдагы Байкоочу кеңештин төрагасын шайлоо башкы маселе катары талкууланып келсе, эми бул негизги эмес, модератор сыяктуу кызмат экени билинди. Төрагалыкка шайланган Кылычбек Султанов мурда мындай милдетти аркалабаса дагы, бир сапаты жакты — ал эл менен иштешүүгө ачык экен. Албетте, төрагалыкка айрым шайланбай калгандар өкүттө калышы да мүмкүн. Кантсе да баарыбыз бир кайыкта баратабыз, ар бирибиз калакты күрөп, орток чечим менен иштешибиз керек.

— Мурда Байкоочу кеңеш деген жок эле, ал кандай болушу керек, ролу кандай?

— Биз мыйзамга ылайык түзүлдүк, буга чейин Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен жаралган. Буга чейинкиси бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн эле түзүлүп калды деген пикир жашады, бирок ошол кезде бул туура болду окшойт, анткени ал учурда бейөкмөт уюмдар элге жакыныраак эле да.

Мурункусунда иштеп келгендерден азыр катарыбызда Жылдыз Бакашева бар. Мен Элвира Сариева да азыркы курамга кирсе экен деп ойлогом, тилекке каршы, андай болбоду. Мурунку кеңеш да, кийинкиси да бир орток пикирдебиз, бул КТРК калайык калкка кызмат кылса деген тилек. Айрымдар КТРК өкмөттүн акчасын алып жашап аткандан кийин өкмөткө кызмат кылыш керек дешет. Бирок өкмөттүн акчасы элдин салыгынын эсебинен түзүлгөндүктөн, өкмөт аны каржылап турууга милдеттүү. Британиялык Би-Би-Сини алсак, ал британ өкмөтүнүн каражатын алып турат. Британ өкмөтү Би-Би-Сини бир шарт менен каржылайт — бул маалымат каражат уюму элге кызмат кылышы керек. Маалыматтар анда өкмөттүн пайдасына эмес, эл каалаган өңүттө, жаңылык иретинде берилет. Өзүм көрүп келген Чехия мамлекетинин мисалында да айтканымды тастыктасам болот.

КТРКнын деле 90-жылдары президенттик бийлик али күчүнө кире элек, парламент күчтүү учурларда алгылыктуу мисалдары болгон. Эми жаңы деңгээлге чыгуу маселесин бир нече өңүттө караш керек деген пикирлер болууда, Бирок маданий жана улуттук өңүттө кароо маселесине кошумча – саясий да берүүлөр болушу керек, мисалы учурда “Эркин микрофон”, “Түз эфир” аттуу программалар.

— КТРКнын кемчил жактары тууралуу да айта кетсеңиз…

— “Ала-Тоо” программасы өзүнчө, Биринчи радио өзүнчө кабар жарыялап, кээде экөөнүн ички кабарлары өз ара айырмаланып калган учурлар кездешти. Биринчи радиого кеткен оперативдүү жаңылыктарды да КТРКнын интернет барагына обого түз чыккан (онлайн), видео түрүндө ырааттуу жайгаштырып турушса дурус болоор эле.

КТРК дүйшөмбү таңкы берүүдө мурунку күндөгү (жекшембидеги) кабарларды кайталабай, айтор, ар бир күнү жаңы маалыматты берүүгө аракет керек. Дүйшөмбү таңында алдыдагы аптада боло турган орчун окуялар тууралуу маалыматты да алдын ала кыска эскертсе дурус болмок. Айтор, маалыматты алуунун эл аралык тажрыйбаларын колдонуу абзел.

Айрым учурда, алсак, жакында министр Акылбек Жапаров менен маанилүү маселелер боюнча маекте, алып баруучу микрофонду министрге берип коюп эле анын жетегинде калгандай болду. Министрге чабуул коюучу “оңтойсуз” суроолорду бериш керек эле. Журналист чакырылган министр эле эмес, анын өзүнүн кесипкөйлүк деңгээли да курч сыноого туш келип жатканын баамдашы керек болчу. Обого түз чыкканына карабастан, телефондор аркылуу курч суроолор да жаабай турду. (Албетте, эки тарапты тең чакырып, түз ободо мыкты талкуу уюштурган берүүлөр КТРКда аз эмес).

КТРК дегенде сыналгыны эле эмес, Биринчи радиону да кошо ала жүрүү керек.

Эгерде жекшемби күнү маанилүү окуя болуп кетсе, аны субтитрде эле бербей, олуттуу болсо, жүрүп аткан программаны токтото калып соңку кабарды сыналгыдан учкай берүүгө жетишүү зарыл. Эгерде жаңылык бөлүмүнө кабарчылар жетишпесе, башка программалардан каражат өөнөп алса да болот. Айтор, КТРК түнкү саат 12ге (күнүмдүк берүүсү жабылганга) чейин соңку окуяларга үзгүлтүксүз дүрбү салып турушу керек.

— Буга техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрү жетишеби?

— Ооба. Шайлоо учурунда иштеп тапкан каражатка КТРК сатып алган заманбап техника бар. Ал эми кадрдык жактан да КТРК өксүк эмес. Түз эфирдеги программалар жандуу, кабарлар оперативдүү болоорун да көрдүм. Айрыкча “Ала- Тоо” программасы алыс чөлкөмдөрдөн да чыгармачылык менен берет. Мисалы, орчун кабар жаатындагы видеотасманы оперативдүү алуу үчүн азыр КТРК кээде Түркиянын жасалма жандоочусун да колдонот.

“Ала-Тоо” программасынын кабарчыларына каржылык жактан жардам берилип у керек. “Улутман”, “Акыл Ордо”, “Замана” жана башка берүүлөрү, Юрий Бобковдун тобу ырааттуу даярдаган маданий, музыкалык берүүлөрдү калайык мактап келет. Эл аралык спорт майрамдары да кыргызча жана орусча түз берилип жатканы – алгылыктуу көрүнүш.

КТРКда жаш адистерди тарбиялоо жаатында да жылыштар бар экен.

— Мезгил-мезгили менен Кубат Оторбаевди кетириш керек деген маселе коюлуп калып атат, бул канчалык орундуу?

— Бул кандайдыр бир деңгээлде саясий да кызмат. Айрым партиялар парламентте оппозицияда болсо, кээси сыртта туруп оппозицияда. Айтор, бул – жетекчиге ар качан багытталган Дамокл кылычы. “Оторбаев кетсин” деген маселе көтөрүлбөй калган бир дагы ай боло элек. Бу жагынан “Де-факто” гезитине өткөндө пикирин билдирген Илим Карыпбековдун оюн жактайм.

Кошумчаларым — эгер болочокку жылдары Кубат Оторбаевдин иши жүрбөй калса, анда Байкоочу кеңеш да ал маселени көтөрүүгө аргасыз болот. “Кетириш керек” деп курулай демитпестен, сынчылар кемчиликтерди далилдей алышы керек.

Биз мурунку Байкоочу кеңеш бүтүрө албай кеткен бир маселени аягына чыгардык — бул КТРКнын жетекчисинин 2011-жыл үчүн баяндамасы (отчету). Былтыркы жылдын баяндамасын жалпысынан канааттандырарлык деп бааладык. Бул — чоң сереге карай ырааттуу бараткан реформатордук тайгак жол. Азырынча Кубат Оторбаевди алып салуунун зарылчылыгы жок.

— Андагы жамааттын Байкоочу кеңешке мамилеси түзүкпү?

— Биз кадр саясатына кийлигишпейбиз, сунушубузду гана айта алабыз. Калем акынын төлөнүшу, маянанын калыс төлөнүшү боюнча сунуштарыбызды билдирип турабыз. Биз жамаатка реформа багытында жардам гана беребиз. Азырынча алар менен бир гана жолу жолуктук. Бирок катарыбызда алардын ишинин “коен жатагынан бери” билген мүчөлөрүбүз бар, мурдагы цензура кезинен иштешип калгандар бар. КТРК кызматкерлери бизге ар кыл усулда кайрыла алышат.

— Тынчтыкбек мырза, сөз акырында маселени өзүңүзгө бурсак. Европада бир катар жылдар иштеп келдиңиз, алардан кандай сабак алсак болот?

— Чет өлкөдө “бир күнү кайра кайтып келем” дегендей, конок сыяктуу эле жүрдүм. Алыста жүргөндө бул жерде жүрүп байкабай кала турган нерселерди көрөсүң. Жакшы кабар уксаң — кубанып, суук кабар уксаң, маанайың пастайт. Өз жериңде жүргөндөгү аймактык бөлүнүү деген алыста такыр маселе болбой калат. Ош окуясы болгон учурда этностор аралык мамилени чыңдоо үчүн коомубуз бардык калыс ММКны колдонуусу керектигин аңдадык. Кээде бир беткей ММКлардын ортосунда маалымат согушу болуп кетип атты. Маалымат согушунда Кыргызстандын бийлиги жеңилип калып атты. Жергиликтүү бийликтин ММКнын ролун анча элес албаганынан улам сырткарыдан келген журналисттер калайыкка бир жактуу эле жолугуп, экинчи тарапты үйрөнүү өңүтү калып калган учурлар арбын болду.

— Сиз азыр шериктериңиз менен бирге тарыхчылар коомун түздүңүз, бул багыттагы иштериңиз жемишин берип атабы?

— Мурда Жаш тарыхчылар жамааты бар эле, кийин ал коомго айланган, кыйла үзүрдүү иштеп келишкен. Азыр аны жаңылап, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси” деп кайра түздүк. Башка дубандардан да тарыхчыларды Уюштуруу жыйынына чакырдык. Ошто, Жалал-Абадда аймактык олуттуу иш-чара уюштурууга жетиштик. Жалал-Абадда ЖАМУ ректору Акунжан Абдрашев, тарыхчылар Бакыт Ураимов, Эрнис Абазовдун ишин белгилеп кетсем болот.

Дипакадемиянын проректору Ташым Кененсариев Кыргызстандын соңку тарых доорун Октябрь революциясынан кийинки эмес, 1991-жылдан кийинки доор камтышы керек деген пикирде. Айтор, тарыхчылар да изденип атат.

Бирок ар бир тарыхчы өз бет алдынча кете берсе, анда тарыхнаама да чачкынды болуп калат. Аларды бириктирип, башын кошуш керек болду.

Жакында биз этнограф Какен Мамбеталиева атындагы коомдук кор, КУУ тарых факультети менен бирдикте этностор аралык мамиле боюнча илимий конференция өткөрдүк, ага этнографтар эле эмес, тарыхчылар, тилчилер, философтор, социологдор, журналисттер да чакырылды.

Биз “Де-факто” гезитин да илимпоздор менен тыгыз кызматташууга, этностор аралык мамилени чыңдаган мындай иштерде көпүрө болуп берүүгө чакырабыз. Окумуштуулардын пикирлери, эгерде ММК дурус чагылдырбаса, тек супсак илимий жыйнактарда, конференциянын резолюцияларында эле калып калат да.

Бул жагынан журналисттерде олуттуу жүйөлөрдү, идеяларды калайыкка жеткирүүдө чоң тажрыйба бар. Алардын мол тажрыйбасын колдонуу керек.

Азыр кыргыз тарыхы боюнча көп томдук чыгаруу маселеси турат. Бул демилге К.Бакиев бийлиги учурунда эле козголуп келген. Каражат маселесине байланыштуу токтоп турган.

Азыр өкмөттөн тышкары, өз демилгелүү кыргыз ишкерлери да атуулдук демилге көтөрүп, илимий сапарларды жана долбоорлорду каржылап жатышат. Атаандаш көп томдукту каржылайм деген демилгеси менен депутат Алтынбек Сулайманов чыкса, мурдагы депутат, ишкер Руслан Маманов болсо генеалогиялык (санжыра иликтөө) тармакка каржылык көмөк көрсөтүү долбоорун сунуштоодо. Алыскы тоо койнундагы Кошой-Коргондо (байыркы Атбаш шаарынын ордунда) татынакай ажайыпкана курган Аскар Салымбековдун иши да алгылыктуу.

Биздин коом кандай болсо, тарыхчылар деле ошондой, арасында коммунисттик көз караштагылары, радикалдык көз караштагылары, тарыхый фактыга эмес, уламыштарга таянган жармачтар деле бар. Аларга каршы илимий жоболор, заманбап методологиялык усулдар иштелип чыгышы керек.

Негизги илимий табылгалардын баарын иретке келтирүү керек. Мисалы, байыркы кыргыз мамлекетинин башаты тууралуу совет тарыхнаамасында эч сөз кылынчу эмес. Кокон хандыгын башкаруудагы ферганалык кыргыздардын ролу эми гана калыс жазыла баштады. “Түндүк Кыргызстан Орусиянын курамына ыктыярдуу кошулган” деген жобо усубалиевдик доордо үстөмдүк кылса, эми ал жобо четке кагылды.

Совет бийлиги орноор алдындагы доордо большевиктер эле эмес, эсерлер да падышалык режимге каршы үзүрдүү күрөшкөн. Чөлкөмдөгү Алаш Ордонун ролу тууралуу да калыс айтыш керек. Басмачыларды тегиз бандит деп карабаш керек, интеллектуалдар да бул кыймылга катышкан учурларды калыс жазуу зарыл.

Кыргыз тарыхынын бир бөлүгү катары кыргыз диаспорасынын тарыхынан тышкары, Евразиядагы башка элдерге жуурулушуп кеткен кыргыз топторунун тарыхын да таразалап берүү зарыл. Бизге кантип башка этностордун өкүлдөрү келип байырлап калганы, кантип тамак-ашыбызда манту, лагман, фунчоза пайда болгону, орустук балчылык, немистик, чехтик айыл чарба ыкмалары ж.б. таркаганы да калыс жазылышы керек. Айтор, этностук тарыхты, улуттук тарыхты географиялык мейкиндик, мезгилдик жактан кеңири масштабда электен өткөрүп, орток жооп издеп жазыш керек.

— Сиздердин тарыхчылар коому каражатты кайдан алат?

— Бизде мүчөлүк акы аз эле. Ал тарыхчы, илимпоздорго жылына 1000 сом, студент, аспиранттарга 200 сом болсун деп КТК Башкармалыгы жакында чечим кылды. Албетте, бул аз. Биз демөөрчүлөрдүн каражаты менен иштейбиз.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА, «De-факто» газетасы, 14-июнь, 2012-жыл.

Окшош посттор