Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР Президентинин Баткендеги эл менен жолугушууларын фото жана видеого тартууга тыюу салынды

КР Президентинин Баткендеги эл менен жолугушууларын фото жана видеого тартууга тыюу салынды

КР Президенти Садыр Жапаровдун 6-майдагы Баткенге иш сапары учурунда жергиликтүү эл менен жолугушууларын тартууга ЖМКларга мүмкүнчүлүк берилбеди. Ал эмес жергиликтүү тургундарга да телефонго сүрөт, видео тартуусуна тыю салынды.

Айрым журналисттер видеого тартууга уруксат берилбегенин туура деп белгилешет. Анткени мамлекет башчы аскердик техникалары бар жерлерде да жүрдү дешет. Бирок эл менен жолугушуу учурунда сүрөт тартканга да тыю салынганын, түшүнө албай тургандарын билдиришти.

Мамлекет башчынын иш сапарын чагылдырууга көп ЖМКлардын өкүлдөрү да катыштырылган эмес. “АКИпресс” маалымат агенттигинин Баткен областындагы кабарчысы Арзыгүл Галымбетова журналисттердин маанилүү иш чарага катыштырылбай калганына нааразы.

“Каргашалуу окуя бүткүл өлкөнүн көңүл чордонунда турганда өлкө башчысынын жолугушуусун жарыялоого уруксаттын жоктугу өкүндүрдү. Тескерисинче бардык маалымат каражаттары аркылуу Президенттин Баткенге келгенин чагылдыруу зарыл болчу”, – дейт А.Галымбетова.

КР Өкмөтүнүн Баткен облустундагы өкүлчүлүгүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова:

“Буга чейин Президенттин иш сапарынын алдында журналисттер аккредитациядан өтөт эле. Бул жолкусунда андай тапшырма болгон жок. Президенттин маалымат кызматы бул боюнча жеке иш алып барууда” – деди.

Белгилей кетсек, мурда да КР Президентинин Баткен облусунда иш сапарлары учурунда жергиликтүү журналисттердин ишердүүлүгүнө ар түрдүү чектөөлөр болчу.

28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы аскердик кагылышуу болуп, расмий маалыматтар боюнча, 36 кыргызстандык курман болуп, 189 адам ар түрдүү жаракат алган.

Окшош посттор